Жарым жылда 371 медаль

Кыргызстандык спортчулар жыл башынан бери 371 медаль багындырышкан. Тагыраак айтканда, атамекендик спортчулар 6 айдын ичинде 97 алтын, 100 күмүш жана 174 коло медаль утушкан.

Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов кабарлады. Анын айтымында, июль айына чейин өлкөдө 70 ири спорттук ишчара өткөн. Мындан сырткары, ушул тапта таэквондо боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.

А. АКИМБАЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *