Ошто 16 жаштагы өспүрүм мас абалында бала бакчанын ашпозчусун сүзүп өлтүргөн

Ош шаарындагы бала бакчанын маңдайынан жөө аялды сүзүп кеткен унаанын 16 жаштагы айдоочусу мас абалда болгон. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, окуя болгон жерде көз жумган 63 жаштагы аял «Жылдызча» бала бакчасында ашпозчу болуп эмгектенчү. Анын эки уулу бар.

Кечээ, 7-июнь күнү саат 07:00 чамасында шаардын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан «Жылдызча» балдар бакчасынын алдынан «Ниссан» үлгүсүндөгү унаа катуу ылдамдыкта келе жатып, жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Андан жогору карай ыргыган аял артта келе жаткан «Тойота Авенсис» үлгүсүндөгү унаанын алдыңкы терезесине урунган. Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы келгиче аял алган жаракатынан каза болгон.

Биринчи унаанын 16 жаштагы айдоочусу А.Т. кырсык болгон жерден кармалып, текшерүү учурунда спирт ичимдигин ичкени аныкталган.