Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Карим Көкрекбаев: «Казак менен кыргыздын арасы – көздүн агы менен карасы»

Маектешкен Назарбек БАЙЖИГИТОВ, «Кыргыз Туусу


– Урматтуу Карим Насбекович, сиз менен баарлашуубуз Казакстандын тунгуч Президенти, Эл башчы Нурсултан Назарбаевдин туулган күнүнө жана Нур-Султан шаарынын күнүнө туш келип жатат. Ошондуктан алгачкы суроомду ушул кыргыз эли да ардак туткан Нурсултан Абиш уулу жөнүндө баштаганды туура көрдүм.

– Ооба, эртең, 6-июль – Казакстанда айтылуу күн, Эл башчыбыздын туулган күнү жана борбор шаардын күнү. Тарыхка көз жүгүртсөк, Казакстан Республикасынын Жогорку Совети 1994-жылдын 6-июлунда Казакстан Республикасынын Президенти Н.Назарбаевдин демилгесине байланыштуу мамлекетибиздин борборун Алматыдан Акмола шаарына көчүрүү жөнүндө токтом кабыл алган. Бул кезде республика көз карандысыздыгын жарыялаганына эки жарым жыл болгон. Татаал мезгил болчу. Депутаттардын көпчүлүгү чечимге оң добуштарын бергени менен анын аткарылышына ишенген эмес. Нурсултан Абиш уулунун жигердүү эмгегинин аркасында жаңы борбор курулду. Бүткүл түрк элдерине таандык Күлтегин таш жазууларында айтылат эмеспи, «элим үчүн күндүз да, түндө да уктабадым» деп. Аныгын айтканда, Эл башчыбыз үчүн ошондой мезгил болду. Азыркы күндө Астана шаарын курууда Н.Назарбаевдин эбегейсиз чоң салымы бар экенин эч ким жокко чыгара албайт. Демек, Астана шаарына Эл башчынын ысымынын берилүүсү мыйзам ченемдүү көрүнүш болду деп айтсак жаңылышпайбыз.

– Быйылкы жаз жана жай айынын башталышы Казакстанда чоң окуялар менен коштолду. Президент Нурсултан Назарбаев өзүнүн президенттик ыйгарым укуктарын токтотуп, натыйжада кезексиз президенттик шайлоо өтүп, шайланган жаңы президент иштеп жатат. Ушул тууралуу учкай кеп салып берсеңиз.

– Казактын улуу акыны Абайдын «Алдыңкы толкун агалар, кийинки толкун инилер, кезеги менен бөлүнөр, баягыдай көрүнөр» деген ыр саптары бар. Ушунун сыңарындай бийликтеги «ага толкун» болгон Нурсултан Назарбаев «кийинки толкунга» кезек берди. Эл шайлоодо жети талапкердин ичинен Касым-Жоомарт Токаевди тандады. Белгилүү мамлекеттик ишмер, дасыккан дипломат элдин көргөзгөн колдоосун актайт деген ишенимдебиз. К.Токаев ишке киришкенден берки аз эле убакыттын ичинде бир катар жаңы демилгелерди көтөрдү. Атап айтканда, Казакстанда Улуттук коомдук ишеним кеңеши түзүлдү. Анын курамына коомдук активисттер, өкмөттүк эмес уюмдардын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, партиялардын, жаштар кыймылдарынын өкүлдөрү кирет. Республикадагы олуттуу маселелер ушул кеңеште талкууланып, тиешелүү чечим көпчүлүк менен акылдашылып кабыл алынмакчы. Дагы бир жаңылык, Президент К.Токаев социалдык өңүттөгү көйгөйлөргө көңүл буруп, банктардан насыя алган жарандардын карызын жеңилдетүү максатындагы жарлыкка кол койду. Жеңилдик алуучулардын катарына көп балалуу үй-бүлөлөр, майып баласы барлар, багуучусу жок үй-бүлөлөр, даректүү социалдык жардам алуучулар жана жетим балдарды баккандар кирет. Мамлекет алардын карыздарынын бөлүгүн – 300 миң теңгеге чейин төлөп берет. Бул акция жарым миллион казакстандыкты камтуусу мүмкүн. Жарлыкты аткарууга 105 миллиард теңге каралууда.

Президент болуп шайлангандан кийин бир нече күндөн соң, 13-14-июнда К.Токаев Бишкекте өткөн ШКУнун саммитине катышты. Анын жүрүшүндө Президент С.Жээнбеков менен жолугушуп, казак-кыргыз алакасын жандандыруу боюнча пикир алмашышты. Президентибиздин мамлекет башчысы катары чет өлкөгө чыккан биринчи сапары боордош кыргыз жергесинен башталганы символикалуу маанай жаратты.

– Эми, куштун кош канатындай боордош кыргыз-казак элинин карымкатнаштарынын өнүгүү деңгээли кандай? Алды менен экономикалык тармакка токтолуп өтсөңүз.

– Казакстан Кыргыз Республикасынын ири соода-экономикалык жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелет. Эгемендикке ээ болгон жылдардан баштап Казакстан кыргыз экономикасына 1,5 миллиард АКШ долларынын көлөмүндө инвестиция салды.

Тоо-кен тармагындагы «Бозымчак» компаниясы Кыргызстан экономикасына 350 млн. АКШ долларынан ашуун каражат салган. «Бозымчак» кени стратегиялык объекттердин мамлекеттик тизимине кирет, ишкана Кыргызстандын бюджети үчүн жылына 10 млн. АКШ доллары тегерегинде салык төлөп жатат. Компания жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кылууда ийгиликтерди жаратты. Анда 1200гө жакын кыргызстандыктар иштейт. Ошондой эле, салык төлөө боюнча «Кумтөр» кенинен кийинки орунду ээлеп турган «Sky mobile» компаниясын иштеткен казакстандык ишкерлердин да салымы чоң, компаниянын жылдык үлүшү 35 млн. АКШ долларын түзөт. Казакстандык «Халк банк Кыргызстан», «БТА-Банк Кыргызстан» финансы мекемелери, «ЦУМ-Айчүрөк» соода борбору Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүдө, элдин керектөөлөрүн камсыздоодо бир топ жылдардан бери өз салымдарын кошуп келе жатышат. Булардан тышкары, Бишкекте жана өлкөнүн аймактарында илбериңки иш алып барган казак-кыргыз биргелешкен ишканалары бар.

Кыргызстан биздин өлкөбүзгө, негизинен, электр энергиясын, сүт-эт азыктарын, жашыл­ча-жемиштерди кийим-кече ж.б. буюмдарды жеткирет. Казакстандан мунай, көмүр, минералдык чийки зат, темир жана болот, органикалык эмес химиялык заттар, буудай, ун, өсүмдүк майлары экспорттолот. 2017-жылдын аягында эл башчы Нурсултан Назарбаев менен Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жолугушуусунда өз ара соода көлөмүн 2020-жылга карата 1 млрд. долларга жеткизүү мерчемделген.

– Кыргыз-казак экономикалык карым-катнаштарын сөз кылганда сууну биргелешип пайдалануу, чек ара маселелерин айланып өтө албайбыз.

– Молчулуктун башаты болгон Шу (Чүй) жана Талас өзөндөрү казак менен кыргыздын жашоосун бир нукка бириктирип турган жаратылыштын сыйы. Адистердин айтымында, орун алып жаткан климаттык өзгөрүштөр эки өзөнгө да залакасын тийгизет окшойт. Келечекте бул эки өзөндүн агымы 40 пайызга чейин азайып кетүүсү мүмкүн. Ошондуктан сууну сарамжалдуу пайдалануунун ыкмаларын өздөштүргөнүбүз абзел.

2000-жылы Казакстан Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Өк­мөтүнүн ортосунда Шу жана Талас сууларындагы мамлекеттер аралык пайдаланыла турган суу чарба курулуштарын пайдалануу тууралуу келишим жасалып, ушул документтин негизинде 2006-жылы эки республиканын ортосунда аталган курулуштарды пайдалануу боюнча комиссия түзүлгөн. Комиссиянын ыйгарымына Шу өзөнүндөгү Орто-Токой жана Чумыш гидротүйүндөрү, Талас өзөнүндөгү Киров суу сактагычы сыяктуу суу чарба курулуштары кирет. Эки тарапка тең өз ара пайдалуу келишимдердин негизинде иштер ырааттуу түрдө аткарылып келе жатат.

Чек ара маселесине келсек, Кыргызстандын Президенти С. Жээнбековдун 2017-жылдын 25-26-декабрында Казакстанга барган расмий сапарынын алкагында Демаркация тууралуу келишимге жана Мамлекеттик чек арадагы режим жөнүндөгү макулдашууга кол коюлган. Ушул документтердин негизинде бул тармактагы иштер ыраатка келтирилген. Мен казак-кыргыз чек арасындагы көзөмөлдөөөткөрүү пункттарынын бардыгын көрүп чыктым. Маселелерди эки тараптын катышуусу менен жеринде чечип турабыз. Чек аралардан жарандардын ары-бери өтүүсүндө, жүктөрдү ташууда жеңилдиктер каралып турат. Айрымдарын атап өтсөк, ушундай аракеттердин аркасында Ысык-Көл облусундагы Каркыра-Автодорожный пунктунда адамдардын ары-бери өтүүсү, орто эсеп менен 30 миң адамды түздү.

Казакстан менен Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө болуусу бажы маселесиндеги жол-жоболорду дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырууга алып келди. Казак-кыргыз чек арасынан өткөн товарлар менен продукцияларга андан ары Россия чек арасында тоскоолдуктар болбойт.

– Байкообузга караганда, кийинки мезгилде эки элдин ортосундагы маданий-гуманитардык алака кеңири өрүш алган сыяктуу.

– Бул боюнча өткөн жылы 90 жылдыгы белгиленген заманыбыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун мааракесине арналган иш-чараларды баса белгилегим келет. Юбилей 2018-жылдын 25-апрелинде Нур-Султан шаарында өткөрүлгөн Ч.Айтматовго арналган эл аралык форумдан башат алганына сыймыктанабыз. Ошондой эле, ошол жылдын август айында Астанада өткөн өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында борбор шаарыбыздын бир көчөсүнө Ч.Айтматовдун ысымын ыйгаруу чечими кабыл алынып, учурда Нур-Султан шаарынын чоң көчөлөрүнүн бири улуу жазуучунун ысымын ээледи. Айтматовдун 90 жылдыгы республикабызда кеңири масштабда белгиленгени ошончо, республикалык, облустук чоң иш-чараларды мындай койгондо, жазуучунун чыгармачылыгына арналган конференциялар, семинарлар, конкурстар бардык окуу жайларында жана орто мектептерде уюштурулду.

Совет мезгилинде эки эгиз элдин сүймөн­­­чүгүнө арзып, атак-даңкка бөлөнгөн Сүймөнкул Чокморов сыяктуу өнөр адамдарынын жолун улаган таланттар учурда да арбын. Кыргыз Республикасынын эл артисти Саламат Садыкова Казакстандын эмгек сиңирген артисти наамына татыктуу болгон, биздин айтылуу ырчыбыз, Казакстандын эл артисти Роза Рымбаева, домбурачы-композиторубуз, Казакстандын эл артисти Алтынбек Коразбаев Кыргызстандын эмгек сиңирген артисттери болушту.

Өткөн жылдын 14-декабрында, Казакстандын көз карандысыздык күнүнө карата өз эмгектери менен эки элдин ынтымагын бекемдөөгө кошкон үлүшү үчүн кыргызстандык сүрөтчү С.Осмоналиев жана ЧолпонАтадагы М.Ауэзов атындагы музей-үйүнүн кызматкери С.Табышева Казакстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды.

Эки элдин маданий байланыштарын кеңейтүү максатында ар кандай иш-чараларды уюштуруп келебиз. Ошолордун бири Бишкектеги Кыргыз-Казак университетинде өткөрүлгөн «Казак-Кыргыз – бир тууган» аттуу пикир алышуу отуруму болду. Ага кыргыздын белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлери катышып, өлкөлөрүбүздүн алакасын арттыруудагы өздөрүнүн ойлорун, сунуштарын билдиришти.

Жыйындын алкагында казактын ойчул акыны, санжырачы-окумуштуусу Шакарим Кудайберди уулунун «Түрк, кыргыз, казак жана хандар санжырасы» китебинин кыргыз жана орус тилдериндеги нускаларынын тушоо кесүү аземи да өттү. Ошондой эле былтыркы жылдын аягында Олжас Сулейменовдун «АЗиЯ» китебинин кыргыз тилинде жарык көрүүсү да адабий-маданий чөйрөдөгү жаркын окуялардан болуп калды.

Келерки жылы Казакстанда казактын классикалык жазма адабиятынын башатында турган акын Абай Кунанбаевдин 175 жылдык мааракеси белгиленет. Ушул юбилейди утурлап, анын тандалма чыгармаларынын кыргыз тилинде чыгуусуна колдоо көрсөттүк. Жакында коомчулуктун кеңири катышуусу менен китептин бет ачарын өткөрмөкчүбүз.

– Сиз Кыргызстандын министрликтери жана ведомстволорунун жетекчилери менен тез-тез жолугушуп турганыңыз менен кабардарбыз. Ушул жолугушууларда кандай маселелер көтөрүлүүдө?

– Кыргызстандын Билим жана илим министри менен жолугушууларда эки өлкөнүн билим берүү жана илим тармагында тажрыйба алмашууну жакшыртуу жолдору каралды. Азыркы мезгилде Кыргызстанда 3 миңге жакын казакстандыктар билим алып жатышат, ал эми Казакстанда 1 миңге жакын кыргызстандыктар билим алышууда. Билим издеген жаштар эки элдин достугунун да данакери. Баса, быйылкы жылды Казакстан «Жаштар жылы» деп жарыялаган. Келечектин ээлери болгон жаштарга туура багыт берүү бардыгыбыздын парызыбыз.

Саламаттыкты сактоо министри менен жолугушууда калкты медициналык тейлөөдө биргелешкен аракеттердин зарыл экендиги белгиленди. Бул тармакта эки жактан тең пайдаланылбай жаткан жаңы мүмкүнчүлүктөр арбын. Мисалы, Нур-Султан жана Алматы шаарларында илимий жетишкендиктердин алдыңкы жабдыктары менен жабдылган заманбап медициналык клиникалар иш алып барууда. Кыргызстандыктар чет өлкөлөргө барып ашыкча чыгым тартпай эле аталган шаарларга барып ден соолугун түзөп алса болот. Ал эми Казакстандын чек аралаш райондорунун дарыланууга муктаж жарандары Бишкекке келип дарыланса, убактысын да, каражатын да үнөмдөйт жана өздөрүнө ыңгайлуу. Бул маселелерди чечүү боюнча аракеттер көрүлүүдө.

Сөз соңунда айтарым, казак менен кыргыздын бир туугандыгына байланышты Эл башчыбыз Н.Назарбаев да, Кыргызстандын Президенти С.Жээнбеков да «Дүйнөдө казактар менен кыргыздар сыяктуу бирине-бири жакын эл жок», — дешип дайыма айтып келишет. Мынакей, ушундай жылуу пикирлер «Казак менен кыргыздын арасы – көздүн агы менен карасы» дегендей эки элдин ортосундагы чыныгы достуктун айкын белгиси.