Караколдо спортчулар мушташты

Каракол шаарында спортчулардын катышуусунда массалык мушташ болду. Маалым болгондой, алардын арасында олимпиадалык резерв боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн облустук спорт мектебинин азыркы жана мурунку тарбиялануучулары жана машыктыруучулар бар.

Айрым маалыматтар боюнча, мушташкандар эки тарапка бөлүнүп, бири спорт мектептин учурдагы директору Алим Молдобековду колдосо, экинчи тарап ага каршы чыгышкан. Ал эми, А.Молдобеков эмгек өргүүгө кеткенде жетекчинин милдетин аткарууну машыктыруучулардын бирине калтырган. Бул көрүнүш айрым машыктыруучуларга жакпай, пикир келишпестиктер жаралган. Бул чырга Караколдун чет тарабында жайгашкан Жаңы-Арык айылындагы спортчулар дагы аралашкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, мушташ учурунда жабыркаган бир адам комага түшкөн абалда ооруканага жеткирилген. Учурда ал өзүнө келип, травматология бөлүмүндө дарыланып жатат.

Массалык мушташ фактысы боюнча 2 адам кармалып, сурак берип жатканы белгилүү болду.

Ал эми, өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы мушташка 3 гана адам: К.М., Т.Э. жана Н.А. катышканын билдирди. «Мамлекеттик жаштар иштери, дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси 2017-жылдын 1-июнунда кол койгон буйрук менен А.Малдыбеков спорт мектептин директорлугунан бошотулган», — деп айтылат өкүлчүлүктүн билдирүүсүндө.

Ал эми, мушташуу фактысы боюнча Каракол ШИИБге 38 жаштагы аял кайрылып, кечээ, 7-июнда саат 16:00 чамасында «Алга» комплексинен анын күйөөсү — 1977-жылы туулган А.О.ну Максат жана Тулпар аттуу тааныштары сабап кеткенин билдирген. Жаракат алган жабырлануучу облустук ооруканага жеткирилген. Бул окуя боюнча 2 адам кармалып, топтолгон маалыматтар юридикалык баа берүү үчүн ШИИБдин тергөө бөлүмүнө берилгени белгилүү болду.
Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан Сталбек Усубакуновдун маалыматы боюнча, тааныштардын ортосунда кайым айтышуу пайда болуп, мушташка жеткен.
«Жабырлануучунун аялынын айтымында, уруш эки тараптын пикир келишпестигинен улам чыккан. Ал эми, мушташ спорт мектептин директорлугуна байланышканы тууралуу маалыматты тастыктай албайбыз. Бул факт азырынча аныктала элек. Тергөө иштери жүрүп жатат», — деди С.Усубакунов.