Каржылык-кредиттик мекемелер ишкерлерди жеткиликтүү насыя менен камсыздашы зарыл

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев мамлекеттик үлүшкө катыштыгы бар каржылык-кредиттик мекемелердин ишмердүүлүгү боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйында Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында “Айыл Банк” ачык акционердик коому, “РСК банк”, “Кепилдик фонду”, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүктөрү боюнча маалыматтар угулду.

Өкмөт башчы ушул жылдын 5 ай ичинде ИДП 5,6%га өскөндүгүн баса белгиледи. — 2019-жылдын 5 айында республиканын коммерциялык банктарына 136,4 млрд. сомго насыя, анын 86,6 млрд. сому улуттук валюта түрүндө берилген. Насыялар берилген чөйрө: соодага – 36 млрд. сом, айыл чарбасына – 27,4 млрд. сом, керектөө насыяларына – 14,6 млрд. сом, ипотекага – 13 млрд. сом, курулушка – 12,3 млрд. сом, өнөр жайга – 11,2 млрд. сом. Белгилүү болгондой, биз үчүн артыкчылыктуу багыттар аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү болуп саналат. Бул аспекттен алып караганда, каржылыккредиттик мекемелердин маанилүү ролу ишкерлерди жеткиликтүү насыя менен камсыз кылуу аркылуу аларды колдоо. Муну менен бирге аймактарда коомдук-экономикалык абалды жакшыртууга жана ишканаларды өнүктүрүү менен жаңы жумушчу орундарды түзүү үчүн мүмкүнчүлүк берет. Аймактарда, айрыкча өлкөнүн алыскы аймактарында, банктарды өнүктүрүү маанилүү, банктык кызмат көрсөтүүлөр менен коомдун мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу керек, – деди Премьер-министр.

М.Абылгазиев Россия-Кыргыз өнүктү­рүү фондунун бизнес-долбоорлорун жөнөкөйлөтүүнү кайра карап чыгуу керектигин баса белгиледи. Мындан тышкары, аялдардын ишкердүүлүгүн колдоо жана туризм чөйрөсүндөгү объекттерди насыялоо керек.

Жыйындын жүрүшүндө, каржы-кредиттик уюмдарга, анын ичинен “Айыл Банк” ААКга региондордо айыл-чарба жана кайра иштетүү өнөр жайын насыялоо ишин күчтөндүрүүнү тапшырды.

“РСК банк” жана “Кепилдик фонд” акционердик коомдорун капиталдаштыруу маселелерин чечүүнү тездетүү Өкмөткө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна тапшырылды.

Долбоордун кийинки этаптарында элдин пикири эске алынат.

С. ОРОЗОБЕКОВ