Д. ЖУМАБЕКОВ: «Кыргыз парламентаризми калыптануу жолунда»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, “Кыргыз Туусу”


Жогорку Кеңештин 6-чакырылышы өзүнүн 5-сессиясын аяктап, депутаттар сентябрга чейин электорат менен жолугушууга жана эмгек өргүүсүнө тарашты. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабековдун журналисттердин суроолоруна берген жоопторунда айтылгандай, парламент 66 жолу пленардык жыйынга чогулуп, 102 мыйзам, 539 токтом кабыл алган. 500дөн ашуун парламенттик угуулар, коомдук талкуулар, конференциялар, тегерек стол жыйындары сыяктуу иш-чаралар өткөрүлгөн. Эл өкүлдөрү жарандардын 20565 кайрылуусун карап чыгыптыр. Шайлоочулар менен 3000ге жакын жолугушуу болуп, мамлекеттик органдардын отчётторун талкуулашкан.

Мугалимдин айлыгы 40 пайызга өсөт, уран иштетүү биротоло токтойт

– Жогорку деңгээлдеги бийлик органдарына коомчулук тарабынан сын-пикирлер айтылып турганы жакшы. Ансыз өнүгүү болбойт. Өткөн жылдын декабрь айында биз – депутаттар Өкмөткө 2019-жылдын бюджетин бекитип бердик. 2019-жылдын аягында бюджет пландалгандай татыктуу аткарылса Өкмөттүн аброю өсөрү бышык. Анткени, тартыштыгы аз мындай бюджетти буга чейин беките элек болчубуз. Мурдагы жылдары мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы 20 млрд. сомго чейин жетип келген болсо, 2019-жылдын бюджети 10 млрд. сом тартыштык менен кабыл алынган. Өкмөт жылдын аягына чейин каржы булактарын таап, кабыл алынган программаларын аткара алса, абдан чоң ийгиликтерди камсыздай алат. Күзүндө мугалимдердин эмгек акысы 30-40 пайызга чейин көтөрүлө турган болууда. Андан кийин врачтардын жана мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин маянасын көтөрүүгө аракеттер көрүлөт, – деди төрага.

Эл өкүлдөрү 26 жылдан бери орундалбай келе жаткан ишти бүтүрдү. Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчү пул берүү мыйзамы турмушка ашырылды. Андан тышкары, депутаттар мүмкүнчүлүгү чектелген балдарын багып, иштей албай үйдө отурган ата-энелерге мамлекет тарабынан жөлөк пул төлөө мыйзамын колдоп беришти.

Уран иштетүүнү токтото турган токтомдун долбоорун депутаттар биринчи окуудан кабыл алып беришти. Ага депутаттар күзгү сессияда кайра кайрылып, дагы экинчи, үчүнчү окуудан өткөрүшөт. Төраганын айтуусуна караганда мындан ары Кыргызстанда уран иштетүүгө биротоло тыюу салына турганына ишенсе болот. “Урматтуу журналисттер, уранды иштетүүгө тыюу салган парламенттин чечимин Өкмөт буза албайт. Токтомду бузган чиновниктер жоопкерчиликке тартыларын өздөрү жакшы билишет. Буга ишенип койгула. Эмне үчүн жайкы эс алууга кеткенге чейин депутаттар үч окуудан деле кабыл алып берген жок деп жатасыздар. Анткени, уран иштетүү боюнча конкурстан уткан компаниялар эл аралык сотторго кайрылышы мүмкүн эле. Учурда Кыргызстандын бардык аймагында уран иштетүү биротоло токтотулду жана бул принцип эч качан артка кайтпайт. Сентябрда биз ушул мыйзам долбоорун өзгөртүлгүс кылып, биротоло монолиттей бекитип салабыз”, – деп белгиледи.

Кемчиликтердин үстүндө иштөө

Жылдын башында ишке кирген беш кодекс, эки мыйзамдын өз учурунда чала иштелип чыкканы Өкмөткө да, депутаттарга да кыйынчылык алып келди, – дейт Д.Жумабеков. Бул мыйзамдар 2016-жылы кабыл алынып, 2017-жылы ишке кириши керек эле. Бирок алар улам кийинкиге жылдырылып отуруп, 2019-жылдын 1-январында күчүнө кире баштаганын жакшы билесиздер. Ошондуктан биз аларды элдин жашоо шартына карап, кайра оңдоп берип жатабыз.

Депутаттар берген тапшырмаларды Өкмөт түзүмдөрү колдон келишинче аткарып жатышат. Бирок, эл өкүлдөрү шайлоочулары менен жолугушуп келгенден кийин, каржы булагы чечиле элек маселелерди Өкмөткө жүктөп коюп жаткан учурлар арбын. Бирок, төраганын айтымында, анын баары протоколго, токтомдорго кирген соң дароо болбосо да, башка учурда аткарылып бүткөрүлө турган иштер. Аймактардагы ушул сыяктуу көптөгөн маселелерди депутаттар өздөрүнүн көзөмөлдөөчү ыйгарым укуктары аркылуу көтөрүп келип жатканы боюнча спикер ой бөлүштү.

Парламент өз чечимин чыгарды, калганы – укук коргоо органдарынын иши

Айрым маалымат каражаттары “Парламент экс-президентти кол тийбестигинен ажыратуу чечимин чагылгандай тез кабыл алып коюшуп, каникулга тарап кетишти. Саясий кырдаал болсо курчуп жатат. Эмне үчүн депутаттар жоопкерчиликти моюнга алышпайт? “ деген суроону коюшкан. Төрага бул суроого төмөнкүчө жооп берди: “Мыйзамдардын канча мөөнөттө кабыл алынышы тууралуу парламенттин иштөө регламентинде каралган. Биз ошол регламенттин алкагында өз ишибизди аткардык. Бүгүнкү күндө ал боюнча Башкы прокуратура карап, өз бүтүмүн чыгарды. Жогорку Кеңеш аны колдоп берди. Эми калган ишти укук коргоо органдары өздөрү жүргүзөт”.

Кыргыз парламентаризми тууралуу

Кыргызстанда парламентаризм жүз пайыз орноп калды деп айтуу азырынча эрте, – дейт төрага. – 2010-жылкы конституция боюнча парламенттикпрезиденттик республикабыз. Кыргызстан толук парламенттик республика болушу үчүн баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө, ал үчүн референдум өткөрүүгө туура келип калат”.

Депутаттардын санын азайтуу менен бюджетти үнөмдөө керек деген ой-пикирлер айтыла калып жүрөт. Төрага ушул маселе боюнча да өз оюн билдирди. “Менин жеке оюм, 120 депутат биздин мамлекетибиздин шартына туура келет. Айрым жарандар депутаттардын санын 35 же 75ке чейин азайтуу керектигин айтып жатышат. Депутаттардын санын 35ке чейин кыскартсак, чакан топ бардык маселени өздөрү чечип, демократиялуулукка шек келтиришет. Кыргызстандын калкынын санындай эли бар дүйнө мамлекеттерин карап көрсөк, орточо алганда 120 же 150 депутаты бар”, – дейт ал.