Илимсиз өнүгүү жок

2-июлда Ош шаарында Улуттук илимдер академиясы тарабынан уюштурулган “Илим, билим – аймактарды өнүктүрүүнүн жана санариптештирүүнүн негизги факторлорунун бири” аталышындагы I Эл аралык илимий-инновациялык форум болуп өттү.

Анда Президент тарабынан жарыяланган аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, ошондой эле “2018-2022-жылдар аралыгындагы КРнын аймактык саясат концепциясына” ылайык, саясий тармактык мамиледен, аймактарды өнүктүрүүнүн өзүнө таандык өзгөчөлүктөрүнө, айырмачылыктарына жана адистешүүсүнө карата негизделген комплекстүү үлгүсүнө өтүү сунушталды.

Иш-чаранын негизги максаты – аймактарда илимди өнүктүрүүдө көйгөйлөрдү чечүүгө ылайык мамлекеттик стратегияны аныктоо; академиялык жана аймактык илимий-изилдөө мекемелеринин, жогорку окуу жайлардын ортосундагы коммуникациялык процессти калыптандыруу; Өзбекстандын чек арага жакын аймактарында жайгашкан илимий-изилдөө мекемелери менен кызматташтыкты бекемдөө болуп саналат.

Пленардык отурумда УИАнын президенти, академик Мурат Джуматаев илимге өзгөчө көңүл буруу – дүйнө жүзүндөгү өнүгүүнүн эң маанилүү көрсөткүчтөрүнүн жана артыкчылыктуу багыттарынын бири экендигин илим-билим өнүккөн аймакта экономика, саясат жана башка багыттагы маселелер туура чечилип, өз ордуна коюлуп келгендигин баса белгилеп өттү. Ал өз сөзүндө: “Бүгүнкү күндө Улуттук илимдер академиясы ири илимийтехникалык долбоорлорду, экономикалык жана социалдык өнүктүрүү, курчап турган чөйрөнүн абалын жакшыртуу боюнча программаларды илимий деңгээлде иштеп чыгуу, экспертизадан өткөрүү боюнча мамлекеттик иштерди жүргүзүүдө, ошондой эле академиялык, тармактык жана жогорку окуу жайда билим берүүнү интеграциялоо иштерине жигердүү катышып келе жатат” – деп билдирип, бул форумдагы талкуулар жана сунуштар эске алынып, алар ишке ашырыларын айтты.

Форумдун жүрүшүндө Ош мамлекеттик университетинин ректору К.Исаков, КРнын Жогорку технологиялар паркынын директору А.Исмаилов, Өзбекстандын Илимдер академиясынын вице-президенти Б.Ибрагимов программалык баяндамаларын жасашты. Бул сунуштамалардан кийин, форум өз ишин бөлүмдөрдө улантып, секцияларда “Илим жана билим берүүнү, өндүрүштү интеграциялоо аркылуу экономиканы инновациялык багытта өнүктүрүү”, “Кыргызстандын түштүк аймактарындагы негизги маселелер жана аларды илимий жактан чечүүнүн жолдору”, “Өлкөнү санариптештирүү программасы боюнча аймактагы илим жана билим берүүгө илимий-маалыматтык колдоо көрсөтүүнү жакшыртуу” маселелери талкууланды. Жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

М.АСКАРОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *