«Шанхай кызматташтык уюму – өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсү»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз туусу”


Президент Сооронбай Жээнбеков Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Кеңешинин кеңири курамдагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө: “Алмашып турган эл аралык абалдын шартында ШКУ дүйнөлүк коомчулукка эл аралык аракеттенишүүнүн жаңы форматын көрсөтүүдө”, – деп баса белгилеп кеткендей, Шанхай кызматташтык уюму жана ШКУга мүчө-мамлекеттердин ар бир жолу өткөргөн саммити эл аралык коомчулуктун, асыресе саясат таануучулардын, саясий серепчилердин кызыгуусун арттырып келет. Быйылкы жылдын июнь айында өткөн Бишкек саммитин чагылдыруу үчүн 500дөн ашуун чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрү аккредитацияланганы – бул абройлуу жыйынга дүйнөнүн көңүлү бурулуп, анын алкагында кандай сөздөр айтылып, кандай чечимдер кабыл алынарына кызыктар болгонунун айкын далили.

Уюмдун негизги багыттарынын бири – экстремизм, терроризм жана сепаратизмге каршы күрөшүү болгондуктан, дүйнөлүк коомчулукта Шанхай кызматташтык уюму тууралуу ар кандай ойлор айтылып, “ШКУ НАТОго атаандаш боло алабы?» деген кайчы суроолор да жок эмес. Арийне, Шанхай кызматташтык уюму аскердик альянс эмес, демек, мунун өзү НАТОго альтернатива эмес экенин, ал аскердик уюм болууну көздөбөй турганын тастыктайт. ШКУнун башкы милдеттери баарыдан мурда – коопсуздук жана туруктуулук. Баштагы кабыл алган чечимдерди айтпаганда, Бишкек саммити учурунда кабыл алынган: Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин 2018-2023-жылдарга Баңгизатка каршы стратегиясынын аткарылышы боюнча программасынын пункттарын ишке ашыруу боюнча иш планын (2019- 2020-ж.ж.) бекитүү жөнүндө чечим; ШКУга мүчө-мамлекеттердин санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүн-дөгү кызматташтык концепциясын бекитүү жөнүндө чечим; Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин региондор ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү Программасын бекитүү жөнүндө чечим – уюмдун терроризм, сепаратизм, экстремизм менен күрөшүүдөн тышкары да наркотрафик менен күрөшүү, экономикалык кызматташтык, энергетикалык өнөктөштүк, илимий жана маданий өз ара аракеттенүү багытындагы максаттарын дагы бир жолу бекемдеп турат. Мына ушул айтылгандар эле, Шанхай кызматташтык уюмунун Евразия мейкиндигиндеги орду жана ролу канчалык экенин көрсөтөт.

Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында кабыл алынган ар бир чечим өтө маанилүү жана ал чечимдер келечекке багытталган. Ошондой эле ШКУнун катарына жаңы мүчөлөрдүн кошулушу менен уюмдун күчү, кадыры дагы да артып жатканын белгилеп коюшубуз керек. Эгерде, уюмга мүчө мамлекеттердин территориясынын аянты Евразиянын 60%ин, же 34 млн. кв. чакырымды жана калкы дүйнөнүн төрттөн бир бөлүгүн, же 3 млрд. 40 млн. кишини түзүп, байкоочу мамлекеттерди кошкондо адамзаттын жарымын камтый турганын эске алсак, ШКУ дүйнөдө беделдүү күчкө ээ болуп баратканын билдирет.

Кыргызстанда өткөн жыйындын жыйынтыгы боюнча Бишкек декларациясы жана башка бир катар документтер кабыл алынды.

«ШКУ эл аралык уюмдун жаңы келбетин түзүп, өз ара түшүнүшүүнүн жана биримдиктин үлгүсүн көрсөтүүдө», – деп уюмдун ишмердигине жогорку баасын берген Президент С.Жээнбеков: “Биздин уюмдун ачыктыгы аны башкаларга жагымдуу кылууда. Жылдан жылга ШКУнун ареалы кеңейип жатат. Евразиядагы ири территорияны ээлеп, ШКУ Хартиясынын, Шанхай духунун принциптерин карманып, ШКУ келечекте көп полярдуу дүйнөнү курууга аянтча боло алат. Биз биргеликте Евразиядагы макулдашылган, жооптуу жана маанилүү чечимдерди кабыл алуунун борборун түзүп жатабыз”, – деген жылуу пикирин билдирди.

Мамлекет башчы экономикалык кылмыштар трансулуттук мүнөзгө ээ экенин, андай кылмыштар баңгизаттарды сатуу, аткезчилик, кылмыштык жол аркылуу табылган кирешелерди адалдоо менен тыгыз байланышканын, мамлекеттердин коопсуздугуна коркунуч жаратып жатканын белгилөө менен, кыргыз тарап экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча ШКУнун органын түзүүнү сунуштай турганын билдирди. Президент С.Жээнбеков ШКУнун Өнүктүрүү банкын түзүү, анын ичинде улуттук валюталар менен эсеп-кысап жүргүзүү боюнча консультацияларды улантуу сунушталууда экенин эске салып, Кыргызстан КытайКыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду тезинен ишке ашырууну кубаттай турганын билдирди. Мамлекет башчы Кытайдын Циндао шаарында былтыр өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин саммитинде сүйлөгөн сөзүндө да ШКУнун алкагында өнүгүү банкын негиздөө зарылдыгын, аны Кыргызстанда жайгаштырууга мүмкүн экенин белгилеп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун тездетүү тууралуу да айткан болчу.

“ШКУнун аймактык экономикалык интеграциялык бирикмелер менен эл аралык байланыштарынын кеңейтүүнү маанилүү деп эсептейбиз. “Бул жаатта «ШКУ–ЕАЭБ» форматында кызматташууну ишке ашыруунун келечеги кең болууда”, – деп билдирди мамлекет башчы. Президент айткандай, ШКУнун келечеги кең, аны мезгил жана тарых да тастыктап жатат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *