Эскиге кайрылууга болбойт

«Биз таза жана адилеттүү соттукукуктук системаны түзүү боюнча коом алдында милдетти алганбыз», — деди Президент С.Жээнбеков 2-июлда болуп өткөн өлкөдөгү соттук-укуктук реформа маселелери боюнча кеңешмеде.

Кеңешмеде сотко чейинки жана соттук өндүрүштү санариптештирүү, «тергөөчү судья», «пробация» институттарын киргизүү маселелери, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин, Бузуулардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүүнүн учурдагы абалы талкууланды.

Мамлекет башчы өз сөзүндө белгилегендей, соттук-укуктук реформаны жүргүзүү коррупциялык көрүнүштөрдү жок кылуу маселелери бүгүнкү күнгө чейин чечилбей жатканынан улам келип чыккан.

«Укук колдонуучулар жаңы форматта иштөөгө өтүшпөй, ката кетирип коюудан коркушуп, жаңы өзгөртүүлөрдү колдонбой жатышат. Жооптуу адамдар ушул мезгилге чейин реформанын концепциясын түшүнбөй, кол астындагыларына убагында зарыл түшүндүрмөлөрдү бере алышпады. Айрым укук коргоо органдарынын жетекчилери өздөрү анын негизги багыттарын түшүнбөгөнү өкүнүчтүү», — деди С.Жээнбеков.

Ал өлкөдө башталган соттук-укуктук реформа кагаз жүзүндө эле калат деген жарандардын тынчсыздануусу пайда болгонуна да көңүл бурду. «Өткөн жылдын декабрында сиздер бардык пландалган иш-чаралар өз убагында ишке ашат, бардык тендерлер өткөрүлүп, жер-жерлерге жабдуулар коюлат, Кылмыштар жана Бузуулар реестрлери ишке киргизилет, интернет бүт жерге жеткирилет деп айткансыздар. Бирок реестр, санариптештирүү, тендер, электрондук жабдууларды орнотуу боюнча иштер аксап жатат», — дейт Президент.

Ал жаңы кодекстерди ишке киргизүүдө мурдагы нормалар менен болгон карамакаршылыктарды жоюу иши бүтө электигин да эске салып: «Айрымдар мыйзамдарды кайра карап чыгуу аркылуу эски практиканы калыбына келтиргиси келери мага белгилүү. Биз ага жол бербешибиз керек», — деди.

Президент бардык уюштуруу ишчараларын өз убагында финансылоону камсыз кылуунун, бөлүнгөн каражаттарды натыйжалуу пайдалануунун, жакынкы болочокто аткарылчу иштерди так пландоонун маанисин белгиледи. «Финансылоону создуктуруу учурлары бар, реформа боюнча иш-чаралар планы жок. Бирок жалпысынан алганда реалдуу проблемалар анча деле көп эмес. Аларды чечүү үчүн кошумча аракеттер керек, принципиалдуу тоскоолдуктар жок. Сиздер отчет берүү менен эле кутулуп кетем деп ойлобогула. Бул реформа аягына чыкмайынча, анын натыйжаларын жарандарыбыз жон териси менен сезмейинче — силерге тынчтык бербейм. Бул реформа өлкөбүз үчүн өтө керек», — деди Президент.

Кеңешмеде эксперттик иш тобунун мүчөлөрү Гүлмира Маматкеримова, Лейла Сыдыкова, Тахмина Ашуралиева, Богатырь Сапарбаев 2019-жылдын биринчи жарымында жер-жерлерде соттук-укуктук реформаны илгерилетүү боюнча ишке тартылган мамлекеттик органдардын ишмердигин мониторингдин жыйынтыктары жөнүндө маалымат менен тааныштырышты.

Президент Өкмөткө ыкчам тартипте жол картасын иштеп чыгууну жана аны мындан ары илгерилетүүнү камсыздоону тапшырды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *