Кыргыз Республикасынын баатыры, академик Мамбет МАМАКЕЕВ: «Адам эмгек кылса, качан да болсо, анын акыбети кайтат»

Мамбет Мамакеевдин өмүр таржымалы эбак эле легендага айланган. Анын басып өткөн бараандуу жолу, калкына кылган кызматы ар дайым кийинки муун үчүн үлгү болору талашсыз. Өмүрүн саламаттыкты сактоо тармагына арнаган улуу инсан менен маектешүү ары кызыктуу, ары парасаттуу. Анда эмесе, кыргыз медицинасынын корифейи менен болгон маекке назар салыңыздар.

– Мамбет аба, медицина кызматкерлеринин күнүн белгилей турган учурда сиз менен сүйлөшүп олтурабыз. Бул күн сиз үчүн кандай мааниге ээ?

– Түшүнгөн кишиге бул күн чоң майрам. Мурун укмуш өтчү. Чоңдордун бардыгы катышчу. Сыйлыгын тапшырып, сый-урматы өзгөчө эле. Кийин бир аз солгундап калды. Бул биздин кесиптик майрам. Ошондуктан, медицина кызматкерлеринин күнүн жыл сайын белгилейбиз. Ушул кесиптик майрамга 68 жылдан бери катышып келе жатам. Бул мен үчүн өзгөчө майрам. Биз үчүн кубаныч. Башкаларды билбейм, мен медиктердин күнүн жакшы маанай менен өткөрөм. Себеби, “мен ким элем, ким болдум?” деп ар дайым балдарыма, шакирттериме айтып келемин. 1946-жылы шаарга келгенде “да…нет…” деген орусча эки сөздү билчү эмесмин. Ал кезде баарыбыз эле айылдан келгенбиз да. Менин бала чагым ушунчалык кыйын убакка туш келди. Апаат согуш 1945-жылы бүттү. Мен 1946-жылы окууга келдим. Кыйын кезеңде иштеген мугалимдердин биринин дагы толук жогорку билими жок болчу. Ошого карабастан алар кадыр-барктуу эле. Анда китеп, ручка деген жок. Ошол учурдагы мугалимдер биз үчүн укмуш көрүнчү эле да. Жамандыржакшыдыр ошолор бизге тарбия берип окутту. Ушу күнгө чейин бирин дагы унутпай келемин. Баарынын жүзү көз алдымда турат. Азыр ойлосом, биз шаарга жөн эле кат таанып келген экенбиз. Кесибин кастарлаган адам, бул күндү жакшы маанай менен тосушу кажет.

– Бир кылымга тете өмүр сүрүү оңой эмес, дале операция жасап жатасызбы?

– Күнүгө операция жасайм. Эртең беш операция күтүп жатат. Мен быйыл октябрь айында 92 жашка чыгам. Институтту бүткөнүмө 68 жыл болот. Жараткан канча өмүр берет ким билет, бирок, 92 жашында кишиге операция жасаган дарыгер дүйнөдө жок. Уга элекмин. Хирургдардын көбү 60 жаштан кийин операция жасай албай калышат. Колу калчылдайт, көзү начарлайт дегендей. Ошондуктан, жасабайт. Кудай жалгап, жогоруда айткан белгинин бири дагы менде жок. Ошондуктан, күнүгө бештен ашык же он операция жасаймын.

 – Дарыгер болуу жаш кезиңиздеги үмүтүңүз беле же капилеттен туш келген кесипби сиз үчүн?..

— 1946-жылы мен институтка киргенге чейин врач дегенди уккан эмесмин. Биздин райондо деле врач деген жок болчу. Ооруп калгандар молдо, бакшыларга барып эле дарыланып жүрүшчү. Молдо тамырын кармап, же ысык, же суук деп эки гана диагноз койчу. Ошол кезде элдин оорудан кыйналганын, өлүп атканын өз көзүм менен көрүп, башыман өткөрүп, 7-класста окуп жүргөндө эле, “аман болсом, дарыгер болом…” дегенмин. 10-классты бүтүп шаарга келгенде мединститутта бир эле дарылоо факультети бар экен. Республиканын бүт аймактарынан 150дөн ашык кыргыз, казак жана башка улуттун балдарын чогултуп келишти. Институтта бир дагы кыргыз мугалим жок. Кыргызча окуу китебин сурабай эле кой. Түз эле 1-курска отурдук. Кийим деген жок. 40 бала бир бөлмөдө жашадык. Керебет, шейшеп, жаздык дегенди ошондо биринчи көрдүм. Кедей турмушту башыбыздан кечирдик да. 1-курста алгачкы жолу мончого түштүм. Айылда мындай нерсе жок эле да. Тиш жууганды уккан эмесмин. Сабакта уйкусурап эле отурабыз. Эч нерсе түшүнбөйбүз. Суранып жүрүп кошумча курстан окудук. Бир жыл химия, физика, биология сабагын гана окутту. Аз болсо дагы таанышып, түшүнүгүбүз арта баштады. Экинчи жылы кирүү экзамендерин тапшырдык.

 – Орусча бир сөз билбесеңиз, окууга кантип жетишип жаттыңыз?

– Эмне кылабыз анан, кыйналып, чыдап окудук. Сабактын баары орусча окутулат. Анатомия, адамдардын ооруларынын аталышы бардыгы латынча айтылчу. Мына ушул эки тилди билбесең дарыгер боло албайсың. Теманын маанисин түшүнбөсөк да, таң атканча жаттап алчубуз. Институтка кирген 150дөй баланын ичинен 75и бүттү окшойт. Институт менин экинчи үйүм деп айтып келемин. “Да… нет” дегенди билбеген баланы ошол кездеги мугалимдер чыдап окутуп, тарбиялап, ушул даражага жеткизди. Окууну бүтөр замат клиникалык ординатурада калдым.

– Мына ушундай даражага жетүү үчүн сизге эмнелер түрткү берди?

– Асмандан баары эле даяр түшө калбайт. Адам жеңбей турган эч нерсе жок. Эгерде адам алдына максат койсо, кыйынчылыктарга чыдаса, ал ар кандай тоскоолдуктарга баш ийбейт. Эч нерсени билбей келген кечээки айылдын баласы, бүгүн Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик, профессор, эмгек сиңирген дарыгер жана башка республикадагы болгон сыйлыктардын ээси. Ушунун бардыгы кажыбас эмгектин, өжөрлүктүн аркасында жаралды. Эл-журтка, республиканын жетекчилерине ырахмат. Менин эмгегимди баалашып, сый көрсөтүп келишет. Адам эмгек кылса, качан да болсо, анын акыбети кайтат. Мен бул жогорку даражалуу сыйлыктарды сатып алган жокмун. Бардыгын эмгегим менен таптым. Жаш өткөн адамдын ден соолугунун кепилдиги – кыймыларакет. Эгерде, “карыдым” деп олтура берсең, бүт организм карыйт. Ооруга багынсаң эле болду, бүттү, тез эле айлаңды кетирип коёт. Мен өзүмдүн органдарыма 200 пайыз ыраазымын. Өзүнүн милдетин так аткарып келе жатат.

– Өмүр бою бир эле жерде иштеп келе жатасызбы?

– Институт менин экинчи үйүм дебедимби. Окууну бүткөндөн кийин үч жыл аспирантурада окудум. Илимдин кандидаты, андан кийин илимдин доктору болдум. 30 жыл институтта кафедранын башчысы болуп иштедим. 68 жылдын ичинде 30 миңден ашык операция жасадым. 25 илимдин докторун, 30дан ашык илимдин кандидатын даярдадым. Республикада иштеген хирургдардын дээрлик 95%ы менин окуучуларым. Мен азыр ошолор менен сыймыктанамын. Улуттук хирургиялык борбордо 20 жыл директорлук кызматты аркаладым. Акыркы беш жылдан бери профессор, медицина илимдеринин доктору, уулум Канат Мамакеев директор болуп иштеп жатат.

– Кесиптик майрамдын алдында медицина кызматкерлерине кандай каалоо-тилектериңизди айтар элеңиз?

– Биз өмүр бою адамдын ден соолугуна кам көрүп келе жатабыз. Маселен, биздин институтта свет жок, аспап жок деген шылтоо болбойт. Бычактан жаракат алганы, кырсыктаганы күн дебей, түн дебей келет. Айтор, ыкчам жардам берүүгө шай турушуң керек. Биздин ишибизде беш мүнөт тагдыр чечет. Беш мүнөт кечиксең, бир адамдын өмүрү кыйылышы мүмкүн. Негизинен медиктер өзүнүн милдетин жакшы эле аткарып жатышат. Жалпы медиктерди кесиптик майрамы менен куттуктаймын. Бөйдө кырсыктан сырткары бололу. Ар бирине ийгилик, чың ден соолук каалаймын.

 Наргиза КАЗАКБАЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *