Чиеленген түйүндүн учугун ким чечет?

2019-жаңырган жылдын ары жак – бери жагында райондун борборундагы Токтогул Бабанов атындагы лицейдин 11-классында окуп жаткан кыз баланын төрөп койгондугу тууралу маалымат бир ирет дүңк этип барып, кайра эле басылып калды. Кыязы, лицейдин администрациясы аны ачыктоону, мындай окуя тууралу райондук билим берүү бөлүмүнө, андан ары жогору жактарга чейин билдирүүнү каалаган жок окшойт.

Түшүнүктүү, “Кол сынса да, жең ичинде болсун” деп коюшкан чыгаар. Бирок, “Шибегени канча убакытка дейре капка катып жүрүшмөк”. Бүгүн болбосо да, башка бир мезгилде анын жаныңды көзүңө көрсөтүп, бир жерден тешип чыкмагы бар эле.

Дал ошондой болду. “Шибегенин учу” жанды оорутмак түгүл, чыңыртып-чыркыратып чыкты. Азыр мындай маалымат жаңы окуу жылы башталган ошол 2018-жылдын 1-сентябрында эле райондук билим берүү бөлүмүнө белгилүү болгондугу каңкуулана баштады. Тилекке каршы, мурдагы бөлүм башчы Данияр Жумабеков агезде өзүнүн алапайын таппай, жеке кызматтык ишмердүүлүгү кыйшыгынан тартып, арыз-даттануулардын чаң бастысында турган. Ошонун таасириби, аталган маалымат 4 айга чукул жаап-жашырылып келди.

Жогоруда айтылган маалымат ачыкка чыгаар замат редакция 2019-жылдын 5-майында райондук билим берүү бөлүмүнүн бул кызматка жаңы эле дайындалып келген башчысы Самара Жарманбетованын дарегине суроолор менен коштолгон өтүнүч кат жөнөткөн. Ал эртеси эле билим берүү бөлүмүнүн коллегиясынын отурумун чакырган. Талкуунун жүрүшүндө окуянын ырастыгы, маалыматтын ушул убакка чейин жогору жактардан жаап-жашырылып келгендиги дагы бир ирет ырасталган. Жыйынтыгында лицейдин директору Дамира Тайдиновага сөгүш берилип, коллегиянын ошол эле отурумдагы чечими менен лицейдин администрациясына өз кызматкерлерин тартипке чакыруу жоопкерчилиги жүктөлгөн.

Дал ошол лицейдин директоруна сөгүш берилгенден кийин, кыздын энеси лицейдин администрациясына барган-барбаганы белгисиз, бирок, райондук газетанын редакциясына келген. Анын “Датыңыз болсо, лицейдин администрациясына барып айтыңыз” деген сунушубузга кулак какпай, босогону аттары менен эле “Эмне үчүн унутулуп калган нерсени кайра козутуп жатасыңар? Шашпагыла, силердин түбүңөргө эле жетпесемби…” деп, бизди коркутуп-үркүтүп, ошол деми менен акимдин кабыл алуусуна чейин барып, даттангандыгы өзүнчө узун сабак сөз.

Редакция жаш муундун болочок тагдырына эч качан кайдыгер караган эмес жана карабайт. Ошондуктан, райондук билим берүү бөлүмүнүн коллегиясынын лицейдин администрациясына карата көргөн мындай жаза чараларына макул эмес. Андай болсо, эмне үчүн дал ошондой эле факт андан кийин М.Орозбеков атындагы орто мектепте катталганда, директорду, анын тарбиялык иштер боюнча орун басарын, соцпедагогун кызматтарынан кетиришти? Аларга деле сөгүш берүүлөр менен чектелип коюшса болбойт беле.

Эмне үчүн коллегиянын мүчөлөрү, натыйжасы окшош болгон эки окуяга эки түрдүү мамиле жасашты? Бул ириде жаңыдан дайындалып келген бөлүм башчынын өзүнүн кызматтык милдеттерине карата жасаган мамилесине бекем көз каранды эмес бекен. Ошондон улам жаңы жетекчи “чү” дегенде эле ээрге кыйшык отуруп алдыбы деген аягы бүдөмүк ой келет. Дагы кандай себептер болушу мүмкүн? Же, лицейдин администрациясы окуяны териштирүүгө келген комиссияны кыраатын келтире коноктоп коюшканбы? Башка эч нерсе айта албайсың.

Эмне үчүн лицейдин директоруна, окуутарбия иштери боюнча бөлүм башчысына, соцадиске, класс жетекчисине карата мыйзамдуу түрдө таасир көрсөтүү, керек болсо аракеттеги мыйзамдын жоболоруна таянуу менен аларды ээлеген кызматтарынан бошотууга чейинки катуу чаралар көрүлбөйт? Баса, буга чейин окуучулар арасында өткөрүлүп келген райондук, облустук, атүгүл республикалык деңгээлдеги акыл таймаштарында байгелүү орундарды ээлеп, мыкты билим-тарбиясы аркылуу эл оозуна алына баштаган лицейдин жеткинчектери быйылкы жылы андай сыймыктан куржалак калышты. Алар химия сабагынан начар баа алышкан. Каалоочулар бул сабакты кайсыл мугалим окутаарын лицейдин жамаатынан сурап, билип алышса болот.

Өзгөчө көңүл бурууну талап кылган дагы бир олуттуу жагдай- окуя ачыкталаар замат лицейдин директору Д.Тайдинованын жоопкерчиликтен жаа-бою качып, бардык күнөөнү мурдагы жетекчиге оодарып жаткандыгы. Мурдагы директор Осмон Жумабаевдин кесипкөй жана тажрыйбалуу жетекчи экендиги жалпыга белгилүү. Өкүнүчкө карай, акыркы жылдары анын саламаттыгы начарлап, дарыгерлерге тез-тез көрүнүп жүргөн. Дегеле капыстан катуу ооруга чалдыгып калган кесиптеш адамдын дарегине карата акаарат келтирүү, ага жүйөөсүз дооматтарды артуу бери болгондо адамгерчиликке жатпас.

Акыркы мезгилде О.Жумабаев чынында да кызматтык милдеттерин аткарууга шаасы жетишпей, ээлеген кызматын адегенде убактылуу, кийин биротоло өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. Бул аралыктарда бүткүл жоопкерчилик директордун тарбиялык иштер боюнча орун басарына жүктөлүп келген. Ошентип, акыры “эки тизгин, бир чылбыр” толугу менен бир колго – Д.Тайчиновага өткөрүлүп берилген. Демек, лицейде катталган окуя боюнча анын тигил, же бул жагдайларга жамынып, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүсүнө эч кандай негиз жок.

Кетирилип жаткан кемчиликтерди да көз жаздымда калтырууга эч бир мыйзам жол бербейт. Анда жетекчинин иштин түпкү натыйжасы үчүн болгон жоопкерчилиги кайда калат? Коллегия мүчөлөрүнүн кимиси дал ушундай келишүүчүлүк мамилелер эртең кайра өздөрүнүн бетине чиркөө болбостугуна кепилдик бере алаар экен? Бул жоболоңдуу окуя Токтогул Бабанов атындагы лицейге эле эмес, облус боюнча алдыңкылардын катарында аталып келген райондун бүткүл билим берүү тармагына, анын ичинде мугалимдердин ак-ниеттүү, үзүрлүү эмгегине жана кадыр-баркына көлөкө түшүрүп жаткандыгы жалганбы? Дал ушундай болумсуз көрүнүштөрдөн кийин интеллектиси күчтүү окуучулар тандалып окутулган лицейде биринчи кезекте директор айымдын кызматтык милдеттерин мындан ары аткаруусуна ишеним көрсөтүүгө болобу? Дегеле анын лицейдин эмгек жамаатын жетектөөгө моралдык укугу калганбы? Маселеге дал ушул өңүттөн баа берилип, чечкиндүү тыянак чыгарылышы керек. Анткени, мындай чечкиндүү кадамдардын башкалар үчүн турмуштук чоң сабак болуп калмагы бар.

Же, булардын баарысын көрүп-билип турсак да, жиптин бир учугун чаташкан коррупциялык түйүнгө алпарып, туташтырып байлап коюп, баарыбыз кол куушуруп отура берелиби? Анда чиеленген жиптин учун ким чечип берет? Кантсе да, бүгүн керт башынын кызыкчылыгын жогору коюу менен чечкиндүү кадам жасоолордон кооптонуп, жоопкерчиликтен качып жаткан жетекчинин эртеңки ишинен эч качан жарытылуу майнап күтүүгө болбойт.

Президент Сооронбай Жээнбеков учурдагы финансылык каатчылыкка карабастан, билим берүү тармагынын кызматкерлеринин түйшүктүү эмгегин баалап, алардын алдындагы жооптуу милдеттерге түшүнүү менен мамиле жасап, быйылкы жаңы окуу жылына карата айлыктарын көбөйтүүнү убада кылып жатат. Мамлекеттик мындай камкордукка ар бир мугалим ак ниеттүү жана үзүрлүү эмгеги менен жооп кайтарууга милдеттүү. Райондук билим берүү бөлүмү өлкө башчысынын жеке демилгеси менен көрүлүп жаткан мамлекеттик камкордуктарга кандай жооп узатаар экен?…

Өскөнбек ЧАРГЫНОВ,

“Кара-Буура кабарлары” газетасынын

башкы редактору, Кара-Буура району, Талас облусу

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *