Мал ылаңы элге – дарт

Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Кыргыз Туусу”


Жакында Нарын дубанында мал чарбасын тейлөөдө ветеринардык кызмат көрсөтүү жана менчик ветеринардык тейлөө адистерине шарт түзүүнү башкы максат катары караган республикалык алкакта көрсөтмөлүү кеңешме болуп өттү. Анда өлкөнүн бардык аймактарынан мал доктурлар чогулушуп, баарлашышты.

Ар бир айылга бирден ветклиника керек

Семинардын катышуучулары Жумгал жана Нарын райондорундагы курулуп ишке берилген ветеринардык клиникалар менен жеринде таанышышты. Маселен, Нарын районундагы Жан-Булак айыл аймагында жалпы наркы 2 млн.19 миң сомго талапка ылайыктуу клиника курулган. Айыл өкмөт долбоор жазып, АРИСтин 1 млн. 511 миң сомдук колдоосу аркылуу төрт түлүккө атайын жай салууга каражат тапкан экен. Жарым миллион сомго жакын каражатты эл эмгек акы жана акчалай са лым менен жардам беришкен. Бул жайда мал доктурлар иштөөчү кеңселер, ветеринардык дарыкана, купкалоочу, жасалма уруктандыруучу, кой кыркуучу ж.б. деги эле малды эмдөөчү бардык шарттар бир жерге топтоштурулган.

– Облустагы 63 айыл аймактын отуз бешинде ушундай ветклиникалар курулуп бүттү. Учурда дагы 10 аймакта курулууда. Биз ар бир айыл аймакка бирден ветклиника салууну талап кылып жатабыз, – дейт Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов. Ал эми КРнын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Калысбек Жумаканов мындай мал дарылоочу комплекстүү жайлар ар бир айылда болушу керектигин белгиледи.

– Биздин изилдөө боюнча малдан жуккан оорулар менен эли таптакыр оорубаган айылдар бар. Кээ бир айылда болсо тескерисинче бруцеллез менен ооруган адамдар дайыма катталып турат. Демек ветклинакалар ар бир айылда салынышы керек. Анткени кээ бир мал оорулар баш көтөрө баштады. Ал эми айрым жеке ветеринарлар көөп башташты. Ал эми эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо үчүн мамлекет тарабынан, эл аралык уюмдар аркылуу миллиондогон долларларга дарылар, вакциналар камсыздалып жатат, – деди К.Жумаканов.

Нарын облусунун башкы мал доктуру Жалил Алымкуловдун баамында, эң башкысы биринчи жетекчи демилгелүү болбосо, коюлган асыл максаттар ишке ашпайт.

– Соң-Көлдөн пастереллёз чыгып, далай мал кырылып калган. Облустун жетекчиси Аманбай Кайыповго жагдайды түшүндүрдүк. А киши ынангандан кийин жумуш алга илгериледи. Азыр айыл чарбасы боюнча жыйын болгондо биринчи маселе кылып акимдерден ветклиникаларды сурайт. Анан аким айыл өкмөттөрдөн талап кылат. Ошентип ветклиникалар курулууда. Ал жерден өзүңүздөр күбө болгондой төрт тараптуу: айыл өкмөт, мал ээси, ветеринар жана жайыт комитет келишимге кол коюшат. Туура, бизде чоң көйгөй бар, ал кадрлардын жетишсиздиги. Нарын облусунда мал доктурлардын камсыздалышы 56,5 пайызды гана түзөт – деди Ж.Алымкулов.

Лаборатория бар, аккредитация жок

Кеңешменин катышуучулары Нарын аймактык ветеринардык лабораторияда да болушту. – Соңку жылдары эле бизге жалпысы 19 миллион сомдук жабдуулар келип, имарат толук капиталдык оңдоодон өткөрүлдү, – деп билдирди мекеменин жетекчиси Ишенбек Алмамбетов. Чындыгында ар бир бөлүм кыргызча айтканда “кычырап” эле калыптыр.

– Биз эң биринчи лабораторияларды курганга аракет кылуудабыз. Бирок булар эмдигиче аккредитациядан өтүшө элек . Ал үчүн жыл аягына чейин мөөнөт берилет. Кемчиликтерди жойгула, – деп тапшырды К.Жумаканов. Маминспекциянын маалыматына караганда, эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо үчүн 2019-жылы республикалык бюджеттен 179,4 млн. сом бөлүнгөн. Быйылкы жылдын алгачкы 5 айында өлкөдө 51 жугуштуу ылаңдын очогу катталган