Өлкө биринчилиги кызылбелдик футболчуларда

 Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Азия кубогунун плей-оффуна жеткенден кийин спорттун бул түрүнүн бедели кыйла жогорулады. Жакында Бишкек шаарында кичи футбол боюнча KFC чемпионат болуп өттү. Бул чемпионат республикада көпчүлүктүн кызыгуусун арттырып, он миңдеген жаш кыргызстандыктардын башын бириктирди. Алардын катарында футбол боюнча Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын жаштарынан куралган “ФК Баткен” командасы да катышып, республика боюнча 1-орунду алышты. Жакында алардын Баткен жергесине келиши менен айыл башчы, ата-энелери, бир туугандары жана достору тосуп алышып, жеңиштери менен куттукташты. Учурдан пайдаланып, команданын капитаны Азирет Алтынбек уулу менен кабарчыбыз маектешкен.

– Азирет, силер кантип бул мелдешке катышып калдыңар?

– Биз бул оюнду Бишкек шаарында KFC Battle кампаниясынын жарнамасы аркылуу билип калдык. Командабыз менен макулдашып ушул турнирде өзүбүздүн күчүбүздү сынап көрөлү деп макулдаштык. Биздин команда 2016-жылы Исаков Абдилла агайыбыз тарабынан түптөлгөн. Кызыл-Бел айылындагы жаштардын башын бириктирип, турнирлерге катышууга колдоо көрсөтүп келет. Командабызда жети бала бар. Баарыбыз А.Масалиев атындагы орто мектептин бүтүрүүчүлөрү болобуз.

– Бул оюндан жеңебиз деп ойлодуңар беле?

– Албетте, көп машыгуулардан өттүк. Жума сайын командабыз жолугуп, машыгып жаттык. Биринчи орунду алууга ишеничибиз чоң эле болду. Анткени, буга чейин дагы көптөгөн турнирлерге катышып байгелүү орундарды камсыздап келгенбиз. Атап айтсам, жыл сайын Бишкек шаарында өткөрүлүүчү “Баткен Өрүкзар” кичи футболунда быйылкы жылы биздин команда чемпион болуп, 30 миң сом акчалай сыйлыктын ээси болдук. Биздин ушундай даражага жетишибизге айыл башчысынын колдоосу жана мектептин дене тарбия мугалиминин салымы чоң. Учурдан пайдаланып аларга ыраазычылык билдирип кетебиз.

– Оюндун тандоо шарттары кандай болду?

– Мелдеш шарты боюнча, бир командада экиден ашпаган кесипкөй оюнчу болушу керек. Алгач чүчүкулак аркылуу топторго бөлүндүк. Ар бир топто үчтөн команда бири-бири менен оюн көргөзүштү. Алар алган упайларына жараша тандалып, бирден команда кийинки турга калып жатты. Катышуучулар үч категорияга бөлүнөт: 14-16 жашка чейинки уландар, 14-30 жашка чейинки айымдар жана 17-30 жашка чейинки мырзалар. Биз 17-30 жашка чейинки командалар арасында биринчиликти алдык. Мен оюнда 15 гол киргизип, “Мыкты бомбардир” номинациясынын жеңүүчүсү болдум.

– Мелдешке канча команда катышты?

– 200гө жакын футбол командалары катышты. Тандоо оюндары Бишкек шаарындагы “Динамо» стадионунда ар дем алыш күндөрү өттү. Мелдеш март айында башталып, 22-июнунда жыйынтыкталды.

 – Оюн деп жүрүп окуудан аксап калган жоксуңарбы?

– Андай күндөр да кээде болуп турат (күлүп). Бир күндө эки турнирге катышкан күндөрүбүз да болду. Бирок, мугалимдерибиз да туура түшүнөт.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *