Өлкөнүн өнүгүү чекиттери – региондордо

 

4-июлда Президент Сооронбай Жээнбеков Баткен облусуна бир күндүк иш сапарынын алкагында Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушту.

«Чек аранын бекем болушу — ушул жерде жашаган элдин, сиздердин кайратыңыздар, майтарылбас эркиңиздер менен шартталат. Баткен районундагы негизги көйгөй — бул чек ара маселеси. Ошондуктан чек араны бекемдөөгө өзгөчө көңүл буруп жатабыз», — деди ал жолугушууда.

Мамлекет башчы чек ара маселесин чечүү жеңил эмес экенин, Өзбекстан мамлекети менен көп убакыттан бери чечилбей келген чек ара маселелерине чекит коюлуп, учурда чек арабыз 85 пайызга такталганын эске салды.

«Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен болгон жолугушуубуз тарыхый окуя болду. Биз дээрлик бардык маселелер боюнча Өзбекстан менен бир пикирге келдик. Ошондой эле Тажикстан менен да бир топ жакшы сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат. Учурда Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттеринин ортосунда демаркация жана делимитация боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Менин Душанбеге жасаган расмий сапарымда Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен бир пикирге, бир максатка келдик. Жакында ал Кыргызстанга иш сапар менен келет, сүйлөшүүлөр уланат. Биз чек ара маселесин эч качан ачык бойдон таштап койбойбуз», — деди С.Жээнбеков.

Ал эртеби, кечпи, бул маселе сөзсүз чечилерин, ал үчүн убакыт, анан сабырдуулук керектигин айтты. Ошондой эле чек арага жакын жашаган баткендиктерге мамлекеттин бүтүндүгүнө салым кошуп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди, бирок ар кандай чагымдарга алдырбай, ага жол бербестен, укук коргоо органдарына өз ишин аткарууга мүмкүндүк берүү керектигин айтты.

Мамлекет башчы эске салгандай, Мекен сактыгында турган чек арачылардын эмгегин белгилеп, аларга татыктуу шарт түзүп берүү боюнча Баткен облусунда жаңы заставалар, посттор жана имараттар, чек ара инфраструктуралары жана турак үйлөр ишке берилди. Жолугушууда Президент экономикалык маселелерге да токтолду. «Кыргызстан уникалдуу органикалык продукция менен гана регионалдык атаандаштыкка туруштук бере алат», — деп, химикаты жок, экологиялык таза продукция менен глобалдык атаандаштыкка туруштук берүү максатын да түшүндүрүп кетти.

«Кыргызстанда иштетилип жаткан жердин көп бөлүгү өзү эле «органикалык» болуп саналат, анткени биздин фермерлер химикаттарды колдонушпайт. Айыл чарба продукциясынын баалары коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу төмөн. Бул факторлор келечекте Кыргызстанда жасалган экопродукция брендин күчөтөт. Биз ушул дүйнөлүк рынокто бааланган экологиялык таза органикабызды сактап калышыбыз керек», — деди С.Жээнбеков.

Ал экологиясы таза, органикалык продукцияны ЕАЭБден сырткары Кытайга экспорттоону активдештирүү максатында иш– аракеттер планы бекитилип, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар көрүлүп жатканын айтты.

Мындан тышкары, 2019 — 2022-жылдарда КРнын экспортун өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн программасы кабыл алынган. Аталган программага ылайык, кайра иштетилген мөмө-жемиш продукциясынын Кытайга экспорттоонун көлөмүн көбөйтүү, кайра иштетилүүчү продукциянын өсүшүн камсыз кылуу үчүн бир нече иш чаралар каралган.

* * *

Андан кийин Президент Баткен шаарындагы Калкты тейлөө борборунун (КТБ) иши менен таанышты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Алмаз Мамбетовдун маалыматы боюнча, калкты тейлөөнү жакшыртуу жана жакшы шарт түзүү максатында КТБ жаңы имаратка көчүрүлүп, 1-июлдан тартып өз ишин жүргүзө баштады. 2018 — 2019-жылдары Борбордогу бардык кызматтар автоматташтырылган. Жаңы имаратта жаран келип кайрылганда кеңири маалымат берүүдөн баштап, автоматташтырылган система менен электрондук кезекке туруу, санариптик сүрөткө тартуу, паспортко кабыл алуу, убактылуу жана туруктуу каттоого туруу, жарандуулук алуу үчүн документтерди кабыл алуу, чет өлкөлүк жарандарды убактылуу каттоого алуу кызматтары көрсөтүлөт.

Мамлекет башчы борборду көрүп иштөө принциптери менен таанышып чыгып, мындагы процесстер санариптештирүүнүн жакшы үлгүсү экенин, ал өлкөнү санариптештирүү жылынын талаптарына толук жооп берерин канааттануу менен белгиледи.