Жыл башынан бери 57 адам сууга чөккөн

Республика боюнча 2019-жылдын башынан бери 57 адам сууга чөгүп каза болгон. Анын ичинен 12 жашка чейинки балдардын саны 18ге жетип, былтыркы жылдын ушул мезгилинде жалпысынан 134 адам чөгүп кеткен. ӨКМ – Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тиешелүү адистери кырсыктын алды алуу үчүн маалымат каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келишүүдө. Андан тышкары, өлкө аймагындагы 12 миңге жакын мектеп мугалимдери менен окуучуларга тренингдерди өткөрүшкөн. Ал эми өткөн жылы 198 ашык куткаруучу окутулуп даярдаган болсо, быйылкы жылдын башынан бери 120 адамды окутушту жана бул иш декабрга чейин улантылат. Жергиликтүү органдар менен биргеликте кооптуу суу жээктерине эскертүүчү табличкаларды орнотушуп, калкка брошюраларды таратышты. Тилекке каршы, ушул аракеттердин баарына карабай сууга чөгүп каза болгондордун саны кыскарбай жатат.

Төбөнү куйкалаган жайкы саратандын ысык күндөрү күчөп келгендиктен сууга чөмүлүп алууну самагандардын катары өсөрү бышык. ӨКМга караштуу суучулдар кызматынын жетекчиси, полковник Урмат Шамыркановдун билдиргенине караганда сууга чөгүп каза болуунун башкы себеби – шалаакылык, чоңдордун өз өмүрүнө жана балдарга болгон жоопкерсиздиги. “Балдарды көзөмөлсүз калтырбоону тынымсыз эскерткенибизге карабай сууга чөккөн балдар көбөйүп жатат. Мисалы, өткөн айда Бишкектен Суусамырга эс алууга барган үй-бүлөнүн 3 жашар баласы жоголуп кетти. Суусамыр өрөөнүндөгү Биринчи май суусунун агымы өтө күчтүү. Ошону көрүп турушуп, ата-энеси 10 жаштагы уулуна кошуп, үчтөгү баласын “Чогуу барып колуңарды сууга жууп келгиле” деп жиберип коюшкан. Чоңураак баласы өз колун жууп алып, бөбөгүн калтырып кете берген. Ошондон бери баланын сууга түшүп агып кеткенин же башка жагдайда жоголгонун көргөн эч ким жок. Баланы биз бүгүнкү күнгө чейин түңүлбөй издеп жатабыз. Ал аймактагы Биринчи май суусуна Көкөмерен суусу биригет. Ал сууларга Каракол жана Жумгал суулары кошулуп агып, Нарын дарыясына жеткен жерге чейин издөө иштерин жүргүзүп жатабыз.

Айрым ата-энелердин өз балдарына карата кайдыгерчилигине эскертүү болсун үчүн дагы бир мисалды келтирейин. Апрель айында Аламүдүн районунун аймагындагы Ат-Башы каналына 4 жаштагы бала чөгүп кетти. Баланы бала бакчадан алып келген бойдон 1,5 саат бою карабай, андан кийин гана издей башташкан. Бала 1,5 чакырым аралыкка чоң балдарды ээрчип кетип калыптыр. Биз аны тынымсыз издеп жатып, 8 күндөн кийин Чүй дарыясынын түбүнөн таап чыктык”, – дейт полковник У.Шамырканов.

ӨКМнын өкүлү коопсуздукту сактоонун төмөнкүдөй эрежелерин айтып берүүнү өзүнүн милдети деп эсептейт. “Балдар уруксат берилген атайын жээктерде гана чоңдордун көзөмөлүндө сууга түшүүлөрү керек.Балырлуу алыс жерлерге чейин сүзүп барууга тыюу салынат. Чоңдор ичкилик ичкен абалда сууга түшүүгө, жээкке баланы жалгыз калтырууга, кайыктын, катамарандын артынан асылууга, жабышууга болбостугун эскертебиз. Күн бүркөктө, катуу шамал башталганда сууга түшпөгөнүңөр оң. Үйлөмө матрацтарда, жаздыкчаларда, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам кокусунан терең жерге түшүп кетүү коркунучу бар. Бул сүзгөндү жакшы билгендер үчүн да абдан кооптуу. Көпүрөлөрдөн, тосмолордон, кеме токтоочу жайлардан, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө катуу тыюу салынат.

Эгерде адам сууга чөгө баштаганын өзү сезсе, алдастап шашпай, денесин кармоо аракети менен өзүнөзү сактап калуусу мүмкүн. Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калышы ыктымал. Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.

Жабырлануучуну суудан куткарып чыкандан кийин биринчи жардамды көрсөтүү керек. Адам эсин жоготуп койбогон болсо, аны кургагыча сүртүп, жылуу имаратка киргизип, ысык чай, кофе берүү сунуш кылынат. Абалы начар болсо убакытты коротпостон, дарыгер келгенге чейин алгачкы жардамды көрсөтүү зарыл. Чечиндирип, оозумурдундагы массаны, кумду тазалап, жаактарынын арасына таякча (жыгачтын бөлүгү же бекем оролгон бет аарчы ж.б.) коюп, өпкөгө жасалма дем алдырууну баштоо кажет.

Назира АЛИЕВА

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *