Алмазбек Исманкуловдун госпиталы – Кыргызстандын №1 бренди

Өлкө эгемендүүлүк алган жылдардан баштап, медицина жаатында көптөгөн кадрлардын тышка чыгып кетүүсү менен медицина тармагында коррупция күч алып, билими талапка жооп бербеген кадрлар алардын ордун ээлеп калды деген кептер айтылып келет. А бирок, жарандардын ден соолугуна кам көрүү менен өз алдынча системадан тыш кадрларды даярдап, ошол эле учурда мамлекеттин казынасына дагы салым кошуп жаткан медициналык мекемелер жок эмес. Алсак, академик Алмазбек Исманкуловдун клиникасы 26 жылдын ичинде 1 млн. доллардан ашуун салык төккөн. Ошол эле учурда бул медициналык мекеме 53 өлкөдөн 200 миңден ашуун көрбөгөн жана начар көргөн пациенттердин көз көрүүсүн жакшырткан. Дал ушул медициналык мекеменин жетекчиси атамекендик саламаттыкты сактоонун эң ийгиликтүү жана сыймыктуу адистеринин бири – Россиянын медициналык-техникалык илимдер академиясынын (РАМТН) академиги, медицина илимдеринин доктору, профессор Алмазбек ИСМАНКУЛОВ менен баарлаштык.

– Алмазбек Осмоналиевич, сиз көп операцияларды жасайсыз. Көзгө операция кылуу татаал болсо керек?

– Көзгө операция жасоо – бул жамааттык эмгекти талап кылат. Бизде көптөгөн заманбап татаал аппараттар колдонулат, анын ичинде лазердик жана ультраүндүк аппараттар бар. Ошондуктан операция жасоого докторлор, анестезиологдор, инженерлер, медициналык айымдар жана санитаркалар катышат.

25 жылдын ичинде мен адистерди жана ой-пикири бир болгон чоң жамаатты тарбиялай алдым деп ишеничтүү айта алам. Биздин клиникага мурда кайсыл бир мамлекеттик ооруканаларда иштегендер кызматка алынбайт. Мен медициналык институтту артыкчылык менен бүтүргөн бүтүрүүчүлөрдү кызматка алып, аларды 10-15 жылдын ичинде өз ишин мыкты билген чебер адис кылып өстүрүп чыгам.

 – Кийинки учурда көз айнек тагынгандардын саны мурункуга салыштырмалуу арбып бара жаткансыйт. Бул эмнеге байланыштуу?

– Негизи адамдын көзү мындай интенсивдүү күч келүүгө эсептелген эмес. Мисалы, Биздин чоң ата, чоң апаларыбыздын учурунда компьютер, телевизор, планшеттер болгон эмес. Азыр заманбап технология күч алган сайын ушундай абал жаралып, өзгөчө мектеп окуучуларында өрчүп жатат.

Эгерде балдардын ар кандай патологиясы бар болсо, анда алар окулисттин каттоосунда болуусу керек. Биз аларга туура коррекция тандаганга жардам берип, кантип көзгө күч келтирбөөнү жана көздүн көрүүсүн начарлатпаш үчүн эмне кылуу керек экенин айтабыз. Эгерде бейтап 18ге толгон болсо, 10-12 секунддун ичинде лазердин жардамы менен көз айнек тагынуудан кутултуп коебуз. Ага чейин алар пайдасын тийгизчү көз айнек же линза тагынып жүрүшөт.

Ошол эле учурда көчөдөгү оптика салондору – жөн эле магазиндер экенин түшүнүшсө жакшы болмок. Анткени ал жакта пайдалуу, сапаттуу көз айнектер эмес,кытай көз айнектери кымбат баада сатылат.

Биз өзүбүздүн госпиталга атайын медициналык оптика ачканбыз. Бул жерден көз айнек жана линзалардын бардык түрүн тандап алууга мүмкүнчүлүк бар. Биздин медициналык оптика ишеничтүү. Анткени биз 25 жылдан бери көз оптикасы менен алектенип келебиз.

– Кайсы оорулар көздүн көрүүсүн начарлатып, көз үчүн коркунучтуу оору болуп эсептелет?

– Биз оору – бул жаман нерсе экенин түшүнөбүз. Бирок эч жерибиз оорубаса, анда доктурга кайрылууга негиз жок деп жүрө беребиз. Ошондуктан эң коркунучтуу болуп билинбей баштаган оорулар эсептелет. Эч жери оорубайт. Мындай шартта пациент жакында көзү көрбөй калышы мүмкүн экенин ойлобойт жана андан шек санабайт. Мындай оорулардын бири глаукома. Бул – көздүн ичиндеги кан басымдын жогорулашы. Дал ушул оору пациенттин көзүн толук көрбөй калууга чейин жеткириши ыктымал.

– Коомчулукта медиктерди сындагандар да жок эмес. Аларга кандай жооп кыласыз?

– Баса белгилей кетчү нерсе, Кыргызстанда медицина жаатындагы жетишкендиктердин баары врачтардын баатырдыгы, талбаган эмгегинин аркасында болуп жатат. Мамлекеттин врачтарга төлөп жаткан каражаты абдан аз. Сырттан алып караганда, мындай жагдайда, мындай аз айлык-акы менен Кыргызстанда медицина жок болуп кетиши мүмкүн эле, а бирок андай болгон жок. Мунун баары медицина кызматкерлеринин энтузиазмы, мекенге, ишке болгон урмат-сыйы. Каражат жок, маяна аз, жабдыктар жетишсиз. Мына ушундай оор абалда медицина кантип жакшы болсун?

– Иштин жүрүшүндө эң алгач кадр тандоодо адашпаш керек деп коюшат эмеспи?

– Туура, маселен учурда мамлекеттик система кандайдыр бир деңгээлде ооруканада иштеген врачтардын адепахлагын бузуп коёт. Себеби, ал жактагы маянага жашап кетүү оор. Муну баары билет. Мына ушундай жагдайда медкызматкерге пациентти жакшылап айыктыруу үчүн, эффективдүү дарыларга ж.б. оорулуунун туугандарынан мыйзамсыз жолдор менен акча алууга туура келет. Мындан тышкары үй-бүлөнү да багыш керек да. Каржы системасы түшүнүктүү жана ачык-айкын болуп, бул иш менен мамлекет алек болуусу зарыл. Бирок эгемендикке ээ болгон 30 жылга чукул убакытта аны эч ким жасай алган жок. Ошондуктан мамлекеттик ооруканада иштегендер бул маселелерди өзүлөрү кандай туура деп эсептесе, ошондой чечип көнүп калышкан. Ошон үчүн мен мындай системаны кабыл албайм. Бизде баары ачыкайкын жана түшүнүктүү. Ооруканалардын кире беришинде бардык баалар илинип турат. Адамдар социалдык абалына карабастан кезекте турат. Мисалы, депутат же чиновник тер көрүнүү үчүн келсе, алар пенсионер же үй кожойкесинен кийин кадимкидей кезек күтөт. Ошондой эле баарына бирдей көңүл бөлүнүп, бирдей сапаттагы медициналык кызмат көрсөтүлөт.

Мындай системаны ишке ашыруу үчүн медицина институттарын бүтүргөн тажрыйбасы жок мыкты бүтүрүүчүлөрдү ишке алам. Биздин клиникада алар көп жыл окуп, үйрөнүшөт. Ошонун аркасында алардан өз ишин билген, англис тилин үйрөнгөн кесипкөй адистер чыгат. Натыйжада заманбап аппаратураларды жана дарылоо технологиясын кабылдоого жарамдуу болуп калышат.

Негизги өзгөчөлүгүбүз, бизде “бөтөндөр” жок. Мына 20 жылдан ашуун убакыттан бери мени менен мединститутту бүтүп келип калгандар иштеп жатышат. Борбор Азияда мындай жамаат жок.

– Сиз дүйнөнүн көп өлкөлөрүнө барып жүрөсүз. Биздин офтальмологиянын абалын кандай баалар элеңиз? Биздин жергиликтүү медицина кандайдыр бир деңгеээлде алардыкына тең келе алабы?

– Ооба, чынында мен эл аралык медициналык конференцияларга катышып, ал жерде лекция окуп жана көрсөтмө операцияларды жасап жүрөм. Заманбап болуу үчүн дүйнөлүк жаңы технологиялардын баарынан маалымат алып туруу зарыл.

Бүгүнкү күндө бизде заманбап офтальмолог кыялданган нерсенин баары бар. “Көздүн микрохирургиясы” госпиталы-Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн офтальмологиясынын сап башында турат.

– Сиздерге жеке эле кыргызстандыктар гана келбестен, чет өлкөлүктөр да келип дарыланарын угуп калабыз…

– Бизге Кыргызстандан сырткары 53 өлкөдөн пациенттер келип дарыланат. Алардын ичинен көбүнчө Казакстан, Россия жана Түркиядан келишет. Мындан тышкары Бишкекте ар кайсыл өлкөлөрдүн дипломаттары жана соода-сатык боюнча өкүлдөрү көп. Булардын бардыгы бизге кайрылып, сапаттуу кызмат көрүп кетишет.

– Мына ушундай тынымсыз иштерден кийин илим жаатында эмгектенгенге убакыт табылып жатабы?

– Чынында медицина илими заманбап медицина техникасы чыккан жерде гана болот. Биздин башкы маселелерибиздин бири – дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды элге жайылтуу жана ал жаңы ыкмаларды биздин өлкөгө ыкчам киргизүү. Ошол себептен Европа, Америкада өткөрүлгөн ар кандай эл аралык конференцияларга барып, катышып турабыз. Ал жактан ар түрдүү жаңы жабдыктарды сатып алып, аларды киргизип турабыз. Ал эми диссертацияларга кайрылсак, алар жаңы иш жүргүзүп баштаган доктурлардын структуралык ой жүгүртүүсүнө өтө чоң жардам берет. Ташкентте, Алматыда же Бишкекте жакталган диссертацияларды кабыл ала бербейм. Ошон үчүн шакирттерим дагы аталган шаарлардан башка, Москвадагы Федоров клиникасында диссертация жакташат. Окумуштуулар кеңешинин добуш берүүсүнө 24 академик-офтальмолог катышат. Шакирттерим тарабынан жакталган 8 диссертация мага сыймык кошот. Алар коңшу өлкөдөгү кесиптештеринен кесипкөйүрөөк экенин сезип, билүүсү үчүн мына ушундай аракеттерди көрөм.

– “Глазные болезни” деген китебиңиз жарыкка чыкканын билебиз. Ошол эмгегиңиз тууралуу кеп кылып өтсөңүз?

– Бул чоң эмгекти жалгыз жазган эмесмин. Аталган китепти мугалимим –белгилүү академик Святослав Николаевич Федоров менен биргеликте жазганбыз. Бирок тилекке каршы устатымдын арабыздан өтүп кеткенине 15 жылдан ашты. Ал эми биз жазган китепке кайрылсак, китеп 3 басылышта жарыкка чыкты. Демек, ал китеп кыргыз медицинасына керек жана актуалдуу деп ойлойм.

Бул китеп өткөн жылдары кыргызчага которулду жана котормонун жарык көрүшүнө Тил боюнча КР мамлекеттик комитети “Кыргызэнциклопедиясын” редакциялоо менен чоң жардам кылды.

Бул абдан көп эмгекти талап кылган татаал терминологиялык эмгек болду. Бирок китеп чыккандан кийин, 3 күндүн ичинде медициналык окуу-жайларга жана ооруканаларга таркап кетти. Ал эми бул китептин котормосу орус тилин начар билген адистер үчүн абдан керек.

– Сиздин оюңуз боюнча азыркы жаштар медицина тармагына кызыгабы?

– Учурда жаштардын арасында билим алып, андан соң чет өлкөгө чыгып кетүү аябай күч алып жатат. Баары эле Түркияда иштегиси келет. Ал эми түштүк жактагылар Сибирге барып иштөөнү каалашат. Мындай нерсенин уланып келе жатканына көп болду. Эгерде биз жаш кадрларды калтырууну кааласак, анда аларга бул жакта иштөө үчүн жакшы шарттарды түзүшүбүз зарыл.

Эгер билим алуу максатында кетип жатышса – ал жакшы. Мен дагы сырттан окугам, бирок кайтып келип мекениме пайда келтире алдым. Чынында ар бир адам “мекен мага эмне кылып койду деп сурабастан, мен мекен үчүн эмне кылып койдум деп сурашы керек”.

– Кыргызстанда медиктерди даярдоо жакшы абалда дегенге болобу?

– Анткенге болбойт. Негедир, жылдан-жылга билим деңгээли төмөндөп жатат. Буга эмне себеп болуп жатканын билбейм. Азыркы мезгилде билим алуу үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок, жаштардын билимге умтулуусу начар болуп жаткандай сезилет. Ошентсе дагы биз, бардыгыбыз дарыгердик кесиптин коомдогу ордун бекемдешибиз керек. Бул кесип келечектүү кесип. Эгерде жаштар дарыгердик кесипти мыкты окуп, өздөштүрсө улуттун саламаттыгын коргоо дагы мыкты жолго коюлат. Эртеңки келечекте биздин балдарыбызды, неберелерибизди профессионалдуу түрдө жана сапаттуу дарылоочу муунду тарбиялап, өстүрүү азыркы учурда эмгектенип жаткан улуу муундагы дарыгерлердин милдети.

– Кызыктуу маектин соңунда сизди жана сиздин жамаатты кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Иштериңиздерде ийгиликтер көп болсун.

– Чоң рахмат. Мен дагы сиздердин гезит аркылуу бардык медицина кызматкерлерин кесиптик майрамыбыз менен чын жүрөктөн куттуктап кетким келет. Кандай гана мезгилдер болбосун ишин таштабай, ар күн сайын адамдардын өмүрүн, саламаттыгын сактоо үчүн жан үрөп иштеп жаткан дарыгерлерге терең ыраазычылык билдирем.

 Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”

Майрам ТОКТАЛИЕВА, практикант