Ким “рэкет” да, ким желдет?

Жогорку Кеңештин «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Жапаров мырза “журналисттер рэкетке айланды, байып жатышат” дептир. Бул сөз башкаларды билбейм, жеке мага катуу тийди.

Журналистикадагы 30 жылга жакын аралыктын ичинде жүздөгөн адамдар тууралуу жаздым. Алардын арасында кимдер гана жок?!

Ошолордун азы эле болбосо, көбү башына күн түшүп турганда келишти, келбесе деле көрүп туруп, чыркыраган чындыктын тебеленип турганын көрүп, өзүм демилге кылып жазган учурлар да болду. Арасынан рахматын айткандар болду. “Андаш майнинг компани” менен Кентор Голд ЛТД деген компаниялар мени миллиондорго айыпка жыккысы келгени да эсте.

Эсимде, Акылбек Жапаров тууралуу да көп жазыпмын. Албетте, анын суранычы менен эмес. Биринде мактаган чыгармын, биринде сын айткан чыгармын, анын баары азыр эсимде жок. Журналистиканын табияты ушундай, саясат тууралуу жазып жатканда, арасына саясатчылардын ысымын кошууга аргасыз болосуң, бирде сындоого, бирде алгылыктуу ишин атоого туура келет. Ошентсе да, бир жолку окуя эсте калыптыр.

Талант Султанов деген таластык ага бар, Акылбек Жапаров финансы министри болгондон көп өтпөй келип калды. Мен “Кыргыз Руху” гезитинде иштеп жаткам. Жашы улуу болсо да, Акылбек Жапаров менен үй-бүлөлүк катышы бар эке нин айтып: “Министр болуп дайындалды. Маалыматтык колдоо көрсөтүп койбосом болбойт. Аны гезитке мактап жазыш керек” деди. Жаздык. “Орусча гезитке чыгарыш керек” деди. Ошол учурдагы таанымал гезиттердин бири “МСНге” да сүйлөшүп бердим.

Журналисттерге келсем кимисинде заңгыраган төрт-беш кабат үй бар экенин билбейм, менде андай үй жок. Мага Акылбек Жапаров өзү болбосо да, анын үй-бүлөлүк катыштары, бир туугандары (Нурлан болсо керек эле) колдоо сурап келишкен учурлар болгон. Мен колумдан келишинче жардам кылдым. Маалыматтык колдоо көрсөтүп бердим. Мен алардан бул үчүн бир тыйын да алган эмесмин. Анан Акылбек Жапаров кимдерди рэкет дейт, акылым жетпейт.

Бүгүн Кыргызстандагы эң бай адамдардын бири Акылбек Жапаров деп айтышат. “Damas Hotel”, “Smart Hotel” (мурдагы “Отель Holiday”), “RED centre” соода борбору баштаган Бишкектеги көптөгөн кыймылсыз мүлктөрдү ага таандык деп жүрүшөт. Бирок, жеке мен бул ушак-айыңдарга ишенбей, эринбей өмүр баянын дагы бир сыйра окуп чыктым, Акылбек Жапаров өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген адам. Ал мамлекеттен алган жарыбаган айлык акысына анчалык байлык топтошу эч мүмкүн эмес. Википедияда Акылбек Жапаров “Рынок экономикасы шартын да Кыргызстандын экономикалык өнүгүү проблемалары жана экономиканы модерндештирүүгө арналган 50дөн ашуун илимий эмгектин автору” деп жүрөт. Мүмкүн. Анын экономика илимдеринин докторлугун өзү жактап, илимий эмгектерди өзү жазганына да ишенем. Андай эмгектер менде да бар. Менин да төрт ыр жыйнагым, бир кара сөз ки- тебим чыккан. Эки китепке түзүүчү болдум. Дагы да беш китеп даярдап койгом. Достордун китептерине авторлош болдум. Өзүмө жазбаган китептерди башкаларга жазып берген учурлар болду. Орусчадан, казакчадан которгон китептер бар. Булар да жарык көрүп калар. Кандидаттык диссертацияны жазып койгонума да көп болду. “Сандыкта” жатат чаң басып. Илимий эмгектеримдин саны канча экенин санаган эмесмин. 100гө чукулдап калса керек.

Болотбек Таштаналиев

Айтор, Акылбек Жапаровго караганда, көп эмгек кылбасам, аз эмгек жасаган жокмун. Азырынча анын бирин да эч кимге колко кыла элекмин, кылбайм дагы. Бирок, менде Жапаровдукундай сансыз кыймылсыз мүлктөр жок. Бирок, мен анчалык байлыгым жоктугуна арданган жокмун, себеби, айлыктан айлыкка, карыздан карызга жашасам да, өз байлыгым өзүмө жетишет. Мен байлык деп, көр дүйнөнү эмес, мен өзүм акыл эмгегим менен жасаган иштерди түшүнөм. Анан эмне үчүн күндөрдүн биринде ма- га “рэкет” деген жарлык тагылып калышы керек? Айталы, мен азырынча эч кимди “желдет” деп жаза элекмин.

Журналисттердин дарегине айтылган сынды ар дайым жүрөгүмө жакын кабыл алам. Эгер саясатчылар “ушак-айың” айтып, саясатчылар “коомду былгытып” жатса, эмне үчүн ал үчүн журналисттер күнөөлүү болууга тийиш?! Эгер, саясатчылар оозуна, кулкунуна, кекиртегине, курсагына, мээсине, тилине, бутуна, колуна алы жетпей жатса, ошон үчүн да журналисттерди күнөөлөгөнү деги кайсы акылга сыят?

Кыргызда: “таш койгон ташын, кыш койгон кышын алат” деген кеп бар. Эртеби-кечпи, ар ким өз кылыгы үчүн жооп бере турган күндөр да келет!..

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”