М. АБЫЛГАЗИЕВ: «Ишкер айымдарга кредит берүүнү жеңилдетебиз»

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, «Кыргыз Туусу»


 Аймактарды өнүктүрүү долбоорлору колдоого алынат

Өкмөт бизнести натыйжалуу колдоого ала турган финансы инструменттерди ишке киргизүүнү улантып жатат. 2018-жылы экономика тармагын көтөрүүгө берилген кредиттердин көлөмү 18,2 пайызга өсүп, ал 130,5 млрд. сомду түзгөн. Мисалы, Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду 831 долбоорду колдоого алып, ал 2017-жылдагыга салыштырмалуу төрт эсеге өскөн. Мурдагы жылы Кепилдик фонду тарабынан 237 долбоорго кепилдик берилген болсо, өткөн жылы 419 долбоорго кепилдик берилип, салыштырмалуу эки эсеге жогорулаган. Айыл чарба тармагына 5,6 млрд. сом жеңилдетилген кредит берилди. Ал эми айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана тигүү тармагын колдоого 10 пайыздык кредиттер дагы бериле турган болууда. Өткөн жылы «Айыл банк» ААКсын капиталдаштырууга 1 млрд. сом бөлүндү. “Бүгүнкү күндө аймактарды өнүктүрүү багытындагы долбоорлорду колдоого 2 млрд. сом көлөмүндөгү финансы каражаттарын бөлүүнүн механизмдери иштелип чыгууда. Алдыңкы эки айдын ичинде ишкер айымдарга жардам берүү максатында Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунан, “Айыл банктан” жана “РСК банктан” кредиттерди берүүнүн тартибин жөнөкөйлөштүрүүнүн жаңы механизмдерин иштеп чыгуу тапшырмасы тагылды. Мындан тышкары, Кепилдик фондунун 40 пайыз финансы каражаттарын ишкер айымдарга берүүнүн тартибин киргизүү маселеси каралып жатат, — деди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 5-июлдагы “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөн ишкер айымдардын улуттук форумунда. Айтмакчы, өлкө экономикасынын өнүгүшүнө зор салым кошуп жаткан ишкер айымдар менен жолугушуу Өкмөт башчысынын демилгеси менен өткөрүлдү.

“Кыргыз Республикасындагы аялдар ишкерлиги: жаңы дем” аталыштагы улуттук конференциясына өлкө аймагынан 400гө жакын ишкер айым келди. Түрдүү тармактардагы бизнести жетектеген айымдардын мындай контингентин чогултуп, көптөн бери жыйылып калган көйгөйлөрүн уккан улуттук жыйын алгачкы жолу өткөрүлүп жатат. Жыйында Өкмөт ишкер айымдарды колдоого ала турган өзүнчө программаны иштеп жатканы маалым болду. Премьер-министр М.Абылгазиев айымдардын маселеси боюнча атайын кеңешти түзүүнү сунуштады. Бүгүнкү күндө Өкмөт аймактарды өнүктүрүүнүн ийги­ликтүү модели болгон «Бир айыл – бир продукт» долбоорун өлкөнүн бардык аймактарына жайылтуу талабын коюп жатат. Ал боюнча Азия өнүктүрүү банкынын «Айымдардын ишкерлигин өнүктүрүү» программасынын алкагында 405 кредит берилип, анын көлөмү 1,5 млн. долларды түзгөн.

Экономиканын кыйынчылыгын кыз-келиндер көтөрдү

Өкмөт башчы М.Абылгазиев өлкө экономикасын көтөрүүдө аялдардын орду опол тоодой экенин айтып өттү. Бүгүнкү күндө дүйнө экономикасында бири-бирине карама-кар­шы келген глобалдуу процесстер болуп жатат. Ал аз келгенсип, көптөгөн мамлекеттерде демография, миграция көйгөйү күчөдү. Дүйнөдө 300 млн. адам миграцияда жүрөт. Мигранттардын балдары кароосуз калууда. Ушул жагдайдан алып караганда ишкер айымдар Кыргызстанда жумушчу орундарды түзүп, салыктарды төлөп эле жөн болбостон, балдарына тарбия берип, үй-бүлө очогун сактап келишүүдө. Ал эми советтик бийлик урап, чарбалык мамилелер кыйраган жылдары үйбүлөнүн жүгүн көтөрүп, чет мамлекеттерге челнок бизнесине алгач аттанып чыккандар да аялдар болчу. Өлкө кыйын кырдаалга туш келген мезгилде жаңы багыттагы экономиканы түптөөдө аял ишкерлердин орду чоң экени талашсыз чындык. Аялдар өткөн 27 жыл ичинде «Дордой», «Кара-Суу» сыяктуу соода флагманына айланган чоң базарлардын ишин алга жылдырышты. Нечен кыйынчылыкты баштан өткөрүп жүрүшүп, бүтүндөй соода кластерин түзүүгө салым кошушту. Азыркы күндө деле майда сооданын, чакан ишкердиктин 90 пайызын аялдар жүргүзүп жатышат. Кызмат көрсөтүү тармагы ИДПнын 50 пайызын түзөт. Мында да аялдардын орду зор. Тигүү тармагында бейрасмий маалыматтар боюнча 300 миңден ашык адам эмгектенет. Алардын 90 пайызы — аялдар. Кийимдердин фасонун тандоо, кардардын табитине жараша улам башка трендди өздөштүрүү дагы айымдардын чыгармачылык фантазиясына тиешелүү милдет. Өнөктөш мамлекеттердин кеңири рыногуна «Кыргызстанда жасалган» деген брендге ээ болгон заманбап кийимдерди тигип, чыгарып сатып жатышат. Туризмди өнүктүрүүдө аялдардын катышы 80 пайызга жакын. Мейманканага жайгаштыруу, тамак-аш менен камсыздоо, улуттук буюм-теримдерди жасап сатуу сыяктуу көптөгөн кызмат көрсөтүүлөр аялзатынын табиятына байланыштуу. Бүгүнкү күндө чакан жана орто бизнесте эмгектенген ишкер айымдар Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү саясатына чоң салым кошуп жатышканын М.Абылгазиев белгилеп өттү. Кыргызстанда микрокредиттик каржылоо системасы токтоосуз өнүгүп жатат жана алар алыскы элет жерлерине чейин кулач жайды. Микрокредиттерди алып пайдалангандардын басымдуу бөлүгү дагы аялдар. Аны натыйжалуу жана туура пайдаланган үй-бүлөлөр өз керектөөлөрүнө жаратып жатышат. Өткөн жылы аялдар жетектеген 3500 ишкана катталган болсо, алардын 1500ден ашыгы салыктарды өз убагында туруктуу төлөп, бюджетке өз салымын кошуп, үй-бүлөсүн багып жатканын Өкмөт башчысы айтып өттү. Премьер-министр атамекендик ишкерликти колдоо максатында мамлекет төмөндөгүдөй чараларды көргөндүгүн айта кетти. Ишкерлик субъектилерин текшерүүгө эки жылдык мораторий жарыяланды. Аймактардагы бизнести алгачкы баштаган ишкерлер салыктын төрт түрүнөн: сатуудан түшкөн салык, киреше салыгы, жер салыгы жана кыймылсыз мүлккө карата салыктардан 5-10 жылга чейин бошотулду. Мындан тышкары, туруктуу өнүгүүнүн долбоорлорун даярдоо боюнча 400 миң доллар көлөмүндөгү капиталы бар фонд уюштурулду. Бизнестин укугун колдоого алууга багытталган «Бизнес акыйкатчы» институту түзүлдү.

 Көйгөйлөрдү көтөрүп, сунуштарды беришти

Ишкер аялдардын улуттук жыйынына келгендердин айрымдары менен маектешкенимде, бизнести баштоодогу кыйынчылыктар жана азыркы көйгөйлөр менен бөлүшүштү.

-Биз Кореянын “HYUNDAI elevators co LTD” компаниясынын Кыргызстандагы дистрибьютербиз. Кыргызстанга лифт жана эскалатор үчүн жабдууларды алып келип орноштуруу менен ишмердүүлүк жүргүзөбүз. Мен алгачкы жолу бизнести баштап жатканымда бул тармакта кесипкөй адистер дээрлик жок болчу. Кыргызстанда лифт жана эскалатор боюнча техникалык окуу жайларынын бирөөндө да предметтик сабак киргизилген эмес. Ошондуктан биз Кореядан, кошуна мамлекеттерден адистерди чакырып, жаштарды окутуп алып жаттык. Финансы каражат тары да тартыш болчу. Мен ушул компаниянын продукциялары тууралуу айтып, алгачкы маалыматтарды берип жүргөнүмдө эркектер тарабынан: “Аял техникалык жабдуулардын жайын жетик түшүнмөк беле” дегендей мамилени байкадым. Анткени биздин компаниянын атаандаштарынын 99 пайызы эркектер. Тилекке жараша, биздин жабдуулар өлкө аймагынын көпчүлүк бөлүгүн ээлөөгө жетишип калды, — дейт аталган компаниянын башкы директору Рахат Жунушбаева.

Республиканын чар тарабынан келген ишкер айымдар Өкмөт башчыга көптөн берки топтолгон көйгөйлөрүн айтып, бизнести колдоого байланыштуу сунуштарын беришти. Өлкөдөгү бала-бакчалардын тартыштыгын жеңилдетүү максатында жеке менчик бала бакчаларга ата-энелер төлөөчү акчанын 50 пайызын Өкмөт өзүнө алууну көздөп жатат. Мындай жеңилдиктерди адегенде Бишкек жана Ош шаарларында ишке киргизүүнү, андан кийин бардык аймактарга этаптуу жайылтуу каралууда. Азыркы учурда Өкмөт да, жеке менчик сектору да бала бакчалардын жетишсиздигин жеңүүнүн жолун издеп жаткан учур. Бул тууралуу аталган жыйында кабарланды.

Бишкектеги 150ден ашык кыз-келиндер эмгектенген тигүү ишканасынын жетекчиси Акылай Макишева турак-жай тартыштыгы тууралуу көйгөйдү көтөрдү. «Кийим тигүү ишканаларынын 90 пайызында айыл жергесинен келген кыз-келиндер эмгектенет. Алардын туруктуу турак-жайы жок болгондугу чоң көйгөйгө айланып келе жатат. Өкмөт тигүүчүлөргө узак мөөнөттүү жеңилдетилген кредиттерди бере алабы?”, — деген суроо узатты.

-Сиз абдан актуалдуу маселени көтөрдүңүз. Азыркы учурда Улуттук банк «Росинбанкты» өз карамагына алган. “Росинбанк “ болсо 6 пайыздуу жеңилдетилген мамлекеттик ипотеканы берүүнүн үстүндө иштеп жатат. Бара-бара мамлекеттик ипотеканы бюджеттик тармактын кызматкерлеринен тышкары, өлкөнүн каалаган бардык жарандары алууга мүмкүнчүлүк болот. Биз ушундай шартты түзүүнүн үстүндө иш жүргүзүп жатабыз. Аймактардан шаарга келип иштеп жаткан кыз-келиндердин турмуш-шартын жакшыртуу жагдайы биздин көңүлүбүздө», — деп билдирди М.Абылгазиев.

Жалал-Абад облусунун Аксы районунан келген асыл тукум мал чарбасынын башчысы Гүлзада Темиралиева малдын тукумун асылдандыруудагы көйгөйгө токтолду.

“Чүйдөгү асыл тукум мал чарбасынан жардам алууга карапайым фермерлердин мүмкүнчүлүгү жок. Ушуга байланыштуу ЖалалАбад облусуна жасалма уруктандыруу боюнча көчмө бригадасы кыдырып барса абдан жакшы болот эле”, -деди.

Премьер-министр Чүйдөгү «Элита» асыл тукум мал чарбасына шарттарды түзүп берип, жер-жерлерге асыл тукум мал уругун жиберүү аракети көрүлүп жатканын айтты.

Ишкер айымдардын жыйынында элет жеринде жүн менен тери иштетилбей, итбекер арзан сатылып же өрттөлүп ысырап болуп жатканы айтылды. “Кыял” кол өнөрчүлөр бирикмесинин алкагында узчулук менен эмгектенген айымдардан турган ишкананы ирилештирүү сунушу берилди. Бүгүнкү күндө кытайлык ишкерлерге жүн арзан сатылып, анын ордуна ал жактан синтетика товарлар келип жатканы өкүнүчтүү. Бул жаатындагы көйгөйдү чечүү үчүн жүндү кайра иштетүүчү ишкананы куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатыптыр. Ага Монголия ишкерлери кызыгып жатканы айтылды.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *