Акындын ыры – анын адамдык парасатынын, акыл-эс көрөңгөсүнүн, ички жан дүйнөсүнүн күзгүсү…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


XXI кылымдагы жаштар поэзиясынын күңгөй-тескейин талдаган, ийгилик-кемчиликтерин айткан “Өлгөндөн калган адабият” аттуу сын макалам адабий коомчулук, асыресе жаш акындар тарабынан ар кандай кабыл алынды: бири туура түшүндү, бири чычалады, бири “табасы канды”. Кол чапканы болду, көзүнүн үстү менен карап, сөккөндөр да табылды.

Арадан аз эмес убакыт өттү, ачуулар тарагандыр, андай болгондо баягыл “туура түшүнгөндөргө” да, чычалап “ичи ачышкандарга” да, “табасы кангандарга” да карата айтар алты ооз сөздүн өңүтү келип жетти. Оболу, актануу үчүн эмес, тактоо иретинде айта кетчү нерсе, ал сын макалалар менен, ким бирөөнүн адамдык аброюна, аздыркөптүр кадыр-баркына, акындык далалаты: шык-талантына, дараметине шек келтирейин, ким бирөөсүнүн көңүлүн оорутайын, шагын сындырайын, же ким бирөөдөн “өч алайын” деген максат болгон эмес.

Өлгөндөн калган адабиятта” ала койду бөлө кыркпай, алалабай, баарына эле ачуураак сын айтылды. Ал сында акыркы чындыкты жаздым, айттым дегим келбейт, пендебиз да, мүмкүн, жаңылышып калган чыгармын, эмоцияга алдыргандырмын. Ал мыйзам ченемдүү нерсе, бирок маселе анда эмес, ал сында териге да, чычалай турган эч нерсе жок, эгер, мен жаңылышсам, анын баарын мезгил өзү таразалап алат. Сынды итиркейи келип, итатайы тутулуп кабыл алыштын кереги жок, мезгил баарын өз ордуна коет, кеп мезгилдин сынында. Тиги териккендер, чычалагандар мезгил сынына туруштук бере алабы, маселе ошондо. А мезгил эч кимди аяган эмес, ал “каңк” эттире төбөдөн ары бир урат. Мына кеп кайда, ошентип мезгилдин сынынан өткөндөр гана акын болуп калат, жазуучу катары даңаза алат, жазган чыгармасы окулат.

Мени таңгалдырганы, адабий сынга акын кыздарга караганда акын жигиттердин көбүрөөк чычалаганы болду. Адатта, эр жигит ар дайым “эл четинде, жоо бетинде” жүрүп, өмүрү “найза учунда, кылыч мизинде” болгон. Эгер, мен айткан сынга эле акын жигиттердин шагы сынып, жүрөгү мокоп, көкүрөгү бопбош болуп аңгырап, ыр жазгысы келбей калса, анда ал калемгер колуна калем кармабай койгону ийги. Мыкты акын болуу үчүн өзүнө болгон ишеним жана табият тартуулаган талант, тоодой жүрөк,