Полковник Нуржан АДЫЛОВА: «Жаш өспүрүмдөргө “кырк үйдөн” тыюу керек…»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


– Нуржан Өзүбековна, жай мезгили келгенден бери жаш өспүрүмдөр инспекциясынын иши да көбөйсө керек?..

– Ооба, көбөйдү. Ички иштер министрлигинин учурдагы приоритеттүү багыттарынын бири – коомдук коопсуздук менен катар, жай мезгилиндеги өспүрүм балдардын коопсуздугун камсыз кылуу. Мектеп окуучуларынын жайкы каникулунун башталышы менен, биздин инспекциянын да түйшүктүү иштери башталат. Дегеним, жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо жана алдын алуу иштеринин алкагында, милиция кызматкерлери мектеп лагерлеринде, балдар лагерлеринде: көл жээктеринде, балдар ойногон жерлерде болуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. Бүгүнкү күндө республика аймагында 500дөн ашуун ден соолукту чыңдоочу жана мектеп алдындагы лагерлер бар. Айрым лагерлерде биздин кызматкерлер суткалык нөөмөткө туруу менен, балдардын коопсуздугун камсыздоо милдетин аткарууда.

 – Балдардын жай мезгилиндеги коопсуздугун милиция кызматкерлерине гана жүктөп койгонубуз туура эмес го. Ата-энелер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен да иштешесиздерби?

– Албетте. Балдардын коопсуздугун сактоодо жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, активисттер, мектеп жетекчилиги, мугалимдер жана ата-энелер чогуу иштешебиз. Баарыбыз эле бала болгонбуз дегендей, бала деген бала. Бир орунда тура албайт. Ойногусу келет, сууга түшкүсү келет, чуркагысы келет… Ар биринин артынан көз салып отура албайсың. Кырсыкты кайдан деп болбойт, өкүнүчтүүсү, былтыркы жылга салыштырмалуу сууга чөккөндөр көп болуп жатат. Ата-энелери менен же өзү теңдүү балдар менен ойноп жүрүп эле, сууга түшүп кеткен фактылар көп катталууда.

Быйыл эле Аламүдүн районунда сууга чөгүп кетүүнүн алты фактысы катталды. Мындай фактылар түшүндүрүү иштеринин зарылдыгын тастыктап турат. Албетте, иралды биз, милиция кызматкерлери, коомдук коопсуздук жоопкерчилиги бизге жүктөлгөнүн эске алып, айрым учурларда үймө үй кыдырып, сууга түшпөгүлө, балдарды сууга жибербегиле деп айтып, алдын ала түшүндүрүү иштерин жасап жатабыз. Ошентсе да, мында ата-энелердин, улуулардын ролун өзгөчө баса белгилеп кетким келет. Себеби, биз дайыма эле жаш балдардын жанында жүрүп, алардын ар бирине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жетише албайбыз. Бул иште ата-энелер, жалпы эле коомчулук көмөктөш болсо жакшы болор эле. Эртең менен кечинде чай үстүндө отурганда эле, “балам, айланайын, сууга түшкөндө абайла, шар суунун агымы күчтүү болот, адам эмес ташты да агызып кетет, күн ысыкта көлөкөдө ойно, ысык уруп коет, үйдө жалгыз болгондо токтон, өрттөн этиет бол” деп айткан болсо, ата-эненин айткандары баланын кулагында калат эмеспи.

 – Туура айтасыз, биз, ата-энелер “балдарды багабыз” деп жатып, балдарды карабай калганыбызды моюнга алууга тийишпиз…

– Кыргызда “кызга кырк үйдөн тыюу” деп коет го. Анын сыңары, балага да “кырк үйдөн” тыюу керек. “Бала багабыз” дебатып, атаэнелер балдарын карабай, алардын жүрүмтурумуна көзөмөл кылбай калганы да чындык. Болуптур, ата-эне тыйын-тыпыр табам деп жүгүрөт экен, анысы го жакшы, а ошол эле учурда баланын коопсуздугу, ден соолугу, өмүрү, алган тарбиясы тууралуу көз жаздымда калтырып койгону туура эмес. Айтайын дегеним, ата-эне тиричилик, көр оокаттын артынан, тыйын табуунун азабынан улам балдарына толук тарбия-таалим, көзөмөл кыла албай келишет. Бул биринчиден, экинчиден, балага “кырк үйдөн” тыюу керек дегеним, бала үчүн ата-эне гана эмес, чоң ата, чоң энеси, бир туугандары, жакын туугандары, кошуна-колоңдору, тай журту, достору бары жоопкерчиликтүү. Балага көз кырыбызды салып, жаман жолго түшсө, жаман иштерди жасаса, ал туура эмес иштерге барып жатканын айтып, тыйып, кеп-кеңешибизди айтып, саксактап турушубуз керек. Эч кимге жашырын эмес, акыркы бир жылда жаш өспүрүмдөрдүн үйүнөн чыгып кетип калган бир нече факты катталды. Алардын кайда кеткенин, эмне себептен кеткенин эч ким билбей калды дегенде болбойт, мейли досторунун арасында болобу, же бир туугандарынын бири болобу, эмне үчүн үйдөн чыгып кеткенин билет. Болгону аны айтпай жаап-жашырышат. Бул туура эмес. Жаш өспүрүмдөр аларды издөөгө канчалык көп күч-аракет кетерин, ата-эне кандай кыйналып, психологиялык жактан оор абалда болорун ойлой беришпейт. Ошон үчүн коом бир бүтүн организмдей болсо, кылмыштуулук азаяр эле.

– Чоңдордун жоопкерчилиги тууралуу айтайын деп жатасыз го дейм?..

– Ооба. Чоңдордун жоопкерсиздигинен, жаш балдарды кароосуз калтыргандыгынан улам, ар жыл сайын өспүрүмдөргө карата жасалган кылмыш иштери катталган фактылар бар. Айталы, балдар өз алдынча ойноп жүргөндө, чоочун адамдарга, чоочун машиналарга жолобогону дурус. Азыр коом өзгөрдү, адамдар да башкача болуп баратат. Кимдин оюнда эмне бар, ким эмне максатты көздөйт билбейбиз да, андыктан бала кичинесинен сак болгонго, жаман, жат нерселерден алыс болгонго, ар бир нерсеге байкоо салып, этиет мамиле жасаганга үйрөнүшү шарт. Учурдан пайдаланып, ата-энелерге жаш балдарды кароосуз калтырбагыла, кооптуу учурлар тууралуу балдарыңыздарга түшүндүрүп, туура багыт бериңиздер, балдардын жүрүмтурумуна, кыял-жоругуна көз салыңыздар, балдар аянтчасында же коомдук жайларда шектүү белгисиз адамдар жүргөнүн көрсөңөр дароо ички иштер органдарына же 102 телефонуна кабарлаңыздар деп айтаар элем.

Балдар ар бирибиздин кубанчыбыз, шам чырагыбыз, аларды аман-эсен чоңойтуп, эрезеге жеткирип, уядан учуралы. Аман бололу!