Марат Мухаммет эки алтын медаль алып келди

Кыргызстандык спортчу Марат Мухаммет Америкадагы эл аралык турнирде эки алтын медаль утту. Грэпплинг жана жиу-житсу боюнча ачык чемпионат Огайо штатынын Цинциннати шаарында 29-20-июнь күндөрү өттү.

13жаштагы Марат Мухаммет 14-15 жаштагы спортчулар арасында күч сынашып, эки алтын медалды тагынды. Ошондой эле кыргызстандык Адилет Романов жиу-житсу жана грэпплинг боюнча күч сынашып, эки күмүш медалды утту. Ал эми Амина Алыкулова коло байгенин ээси болду. Жалпы командалык эсепте кыргызстандыктар 3-орунга ээ болушту.

А. ЭСЕНОВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *