Базар – шаар күзгүсү…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Бишкек шаарынын мэрлери алмашкан сайын, Ош базарынын айланасын башаламан, ойгелди соода кылган сатуучулардан тазалоо – борбор калаа мэринин ишмердигинин ажырагыс бөлүгүнө айланат. Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгандан бери ушул көрүнүш. Алгач базар тегерегин тазалагандай эле болушат, анан көп өтпөй, баягы эле башаламан соода каптап кетет. Базардын бу башынан кубаласа, тиги башына барып соода кылып, ар ким өз тирлигин уланта берет.

Базардын айланасына жаңы соода борборлору курулуп, заманбап бутиктер ачылып дегендей, улам жаңы соода орундары пайда болгон менен, баягыдай эле чачкын, коляска, картонун сүйрөп, ойгелди соода кылгандар азая элек. Базарда сатып алуучуларга караганда сатуучулар арбын болсо да, тескерисинче, алардын саны жыл сайын көбөйүп бараткандай.

Мына жакында эле Ленин райондук мамлекеттик администрация кызматкерлери акимдин орун басары баш болуп, чачкын, башаламан соода кылгандарга карата рейд уюштурду эле, аны көчө бойлой соода кылгандар “штык” менен кабыл алды. Аларды да, аларды кубалаган раймамадминистрацияны да түшүнсө болот, биринде базардын айланасын чачкын соода кылгандардан тазалоо тапшырмасын аткаруу милдети турат, бири бала-чака багыш деген улуу озуйпасын аткарып, керели кеч саргарып, улам бирөөдөн жаман-жакшы сөз угуп көчөдө отурат. Эгер тараза ташы менен салмактасак, эки жагына тең кыйын. Айрымдар Ош базарынын тегерегин “тазалоону” базардын күн батыш ыптасындагы, өткөн жылы өрттөнүп кеткен “Берекеттин” ордуна курулган жаңы соода борборунун ичиндеги соода орундарын толтуруу менен байланыштырып жатышат. Чынында андагы соода орундары канчалык кымбатка соодаланып, ишкерлер арасында ар кандай нааразычылыктар жаратып жатпасын, анын ичи эртеби-кечпи толот. Сооданын ыгын билип, тилин таап калгандар – заманбап соода борборлорунун заманы келгенин, кышында үшүп-тоңуп, жайында аптапка какталып соода кылган доор эбак өткөнүн жакшы түшүнөт. Маселе, ал соода борборунда толуп-толбошунда эмес. Кеп, тиги базар тегерегиндеги көчө бойлорун соода кылгандар кимдер, маселе мына ошондо.

Алар калаа калкынын кайсы катмарына кирет, “эмнеге соода борборлорунан орун алып, соода кылбастан, көчөдө соода кылат?” – ушул суроону ойлонгон жан барбы? Бишкекте канча мэр алмашты, ушулардын бири да алардын ким экенине кызыккан жок. Жадагалса, аларды базар тегерегинен кубалаган Ленин раймамадминистрация кызматкерлери, милиция кызматкерлери аларга бөтөн мамлекеттен келген, жат кишилердей мамиле жасашты.

Илгери, илгери дегенибиз, мындан 10 жыл мурда эле эски-уску кийимдерин, үйтиричилик шаймандарын, буюмдарын саткандар “Старый толчокко”, же Аламүдүн базарынын тегерегине алпарып, ишемби-жекшемби күндөрү сатышчу эле. Акыркы жылдарда Ош базарынын түштүк ыптасы, Москва көчөсү “Барахолкага” айланды. Мурда эски-уску кийимдер, буюмдар ишемби-жекшемби күндөрү сатылса, азыр пенсия курагындагылар, пенсияга курагына жетейин деп калгандар жумушка келгенсип, таң атпай келип, Москва көчөсүн бойлой (дээрлик Бейшеналиева көчөсүнөн Фучик көчөсүнө чейин) орун алышып, кийимкечесин жая баштаганын көрөсүң. Аларды көрүп, ичиң тыз эте, “пенсия жашындагы адамдарды эски-уску кийим-кечесин сатканга түрткүлөгөн эмне?” деген суроого аргасыз жооп издейсиң. Пенсия жашындагылардын мүмкүн биринин пенсиясы аз чыгар, мүмкүн бири үйүндө отуруп зеригеттир, айтор ар кандай ойлор келет. Бирок, тыңгылыктуу жооп табылбайт. Болуптур, пенсиясы аз болгондуктан, эски-ускусун сатып жатыптыр дейли, эми алардын эски буюму кимге таңсык? Мейли эскисин сатсын, бирөө алсын дейли. Анысы жыргаткан баа болмок беле? Мейли, кымбат сатылды дегенде деле, ал акча тиги пенсионердин кемтигин бүтөйбү, эскисин саткандан тапкан акчасы канча күнгө жетет? Дары-дармек асмандын башы, кээ бир дарылар үчүн атасынын кунун сурашат, пенсия түгүл, мамлекеттик кызматчынын бир айлыгы жетпейт. Акчага зарылган пенсионердин эски-уску буюму эле өмүрүнүн акырына чейин жетмек беле, анысы да түгөнөттүр, эскиускусун сатып болгон соң, анан эмнесин сатат? Өзүн сатабы?

Кыргызстан – социалдык мамлекет. Андай болгондо, эстүү жигит этекке чаптырбайт дегендей, мэрлер, райондук мамлекеттик администрация башчылары мына ошол карапайым пенсионердин деңгээлине түшүп, карыган кезде, дөөлөттүү карылык сүрө турган мезгилде, ысыктын күнүндө кезертип, сууктун күнүндө тоңдуруп, аларды “барахолкага” чыгууга мажбурлап жаткан эмне?” – деген эң жөнөкөй суроого жооп издеп, карылардын көйгөйүн чечсе дурус болмок.

Москва көчөсүн бойлой акыркы эскиускусун сатып жаткандардын арасында кызык тагдырлар, мамлекетке, элге эмгеги сиңген адамдар да бар. Аларды көрүп, көздөрүн карай албай, көзүңдү тартып кетесиң. Болуптур, арасында көптөрү мамлекет үчүн, эл үчүн көрүнүктүү иш кылбаптыр, эмгеги сиңбептир дейли, эмгеги сиңбесе эле карыганда көчөдө отуруп, акыркы буюмдарын сатып, жан багып, өлбөстүн күнүн көрүп калыш керекпи? Анда биздин эмнебиз социалдык мамлекет? Дегеле, чоң эсептен алганда, Москва көчөсү менен Бейшеналиева, Кулиев көчөлөрүнүн бурчунда көп деле пенсионер отурбайт, ашып кетсе, 150-200дүн тегерегидир, Кыргызстандын борбор калаасы үчүн анча адамдын маселесин бир жаңсыл чечип коюу: бир жылда бир жолу берилүүчү жардам берүү анча деле кыйынчылык жаратпайт го деп ойлойбуз. Же болбосо, Ош базарынын жака-белинде чачкын, башаламан соода кылгандарды иретке келтирүү ошончо эле кыйынбы. Алар деле ашып кетсе, 150-200дүн тегерегинде. Алар менен жай отуруп сүйлөшүп, үй-бүлөлүк абалын билип, базардан болобу, же соода борборлорунанбы соода орунун чечсе болот да. Базаркомдор ал бечараларга соода орундарын бекер берип койсо, андан бир жери кемип калбайт.

Турмуш кимди гана мусапыр кылбайт. Союздун учурунда райкомдун экинчи секретары кызматын аркалап, “Баке-Баке” болуп, алды-артында кошомат кылган жетекчилер батпай жабалактаган, элдин кадыр-сыйына татыган адам бар эле. Кийин союз ураганда, анын да турмушу кыйрап, бомж болуп калганын көрдүк. Бирөө бар эле, райондук ички иштер бөлүмүнүн начальниги болуп, берген саламыңа алик алсамбы же албасамбы деп, акча дегенде жулунуп-улунуп атасын тааныбай, аксымданып керсейген. Кийин көчөдө ар кимден кайыр сурап калды. Мурда кызмат абалына чиренип, акча доолачу, акчаны алкымыңан сыгып алчу, элдин каргышы тийди окшойт, кийин суранып калды.

Базар жана анын тегереги – шаар калкынын жашоосунун барометри жана шаар бийлигинин ишмердигинин күзгүсү. Базарга жана анын тегерегине карап, шаар башчысы кандай иштеп жатканын көрсө болот. Мэр А.Суракматов Бишкекти оңдогонго бардык аракетин жасап жатат, арийне, Ош базары жана анын айланасы баягы эле бойдон.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *