«Бир гана апам мени чанып кетпейт»

 

Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык театрынын адабий бөлүмүнүн жетекчиси, КТРКнын “Маданият-тарых-тил”каналында “Театр, сахна” берүүсүнүн алып баруучусу, коомдук гезиттердин эркин кабарчысы, акын жана аткаруучу Нуркыз Рыскул кызы менен маек.

– Ой баккан өңчөй асыл адамдарым,

Ойготту сезимимди жакшы ырларың.

“Жазгын” – деп жандүйнөмө тынчтык бербей,

Мени да жетеледи жаштык жалын, – деп жазган ыр саптарыңыздан улам, калем кармап, ыр жазууңузга эмне түрткү болгон адамыңыз тууралуу билгибиз келди?

– Ар бир чыгармачыл инсанды кандайдыр бир чыгармачыл дүйнөгө жетелеген адамы болот. Ал адам – менин атам. Атам төкмөлүк өнөргө берилген жана ыр жазган акын эле. Акындык – мага атамдан берилген белек деп ойлойм. Ошондон улам дүйнөсүнө жакын болуп, акындардын ырларын чын жүрөгүмдөн сүйүп окуп, адабиятка ыктап чоңойдум. Мындай адабиятка болгон ынтызаарлыгым менен кыргыз адабиятындагы бардык поэзия дүйнөсүнүн өкүлдөрүнүн чыгармаларын жатка билип, мектеп курагымдан аралашып чоңойдум.

– Ар бир адам кандайдыр бир ишти баштаардан мурун башкача сезимдери, толкундоолору болот. Ал эми сиз ыр жаза баштаганда кандай толкундоолор болду эле?

– Эң алгач балалык сезим, ырга болгон сүйүүм менен оюма кандай саптар келсе, кагаз бетине түшүрө берчү элем. Кээде окуп алып уялып дагы кетем. Ал эми устаттарымдан кеңеш сурасам: “Бул – өсүүнүн белгиси, мурдагы чыгармаларың купулуңа толбой жатса, демек, сенин алдыга жылып бара жатканыңдын белгиси”, – деп айтышат. Андыктан, дагы-дагы өсүү жолунда бара жатабыз деген ойдомун. Азыркы учурда ырды түшүнгөн сайын ыр жазуу оорлоп бара жатат. Мурда жаштык менен каалаган темада, каалагандай ырларды жазгандан тайманчу эмесмин. Бара-бара сөздөрдүн гүлүн терип, ырларды электен өткөрүп жазганга аракет кылып, поэзияга олуттуу карап калган учурум.

– Ар кандай темадагы ырларды жазып жүрөсүз. Жүрөгүңүзгө кайсынысы жакын?

– Ооба, ар кандай темадагы ырларды жазып келем. Көбүнчөсү турмуштук жана энеге арналган ырларым. Мунун бирден бир себеби турмуш жолуна аттанып, эне болуп, өз апамдын кадырын билгенден кийинки сезимдер түрткү болду. Турмушка чыга элегимде арзуу ырларына көп басым жазачумун. Ал эми ырларым, эненин жүрөгүнө балдары кандай жакын болсо, ошондой эле жүрөгүмө жакын. Ар бир жан дүйнөмөн чыккан ырларымды бири-биринен бөлүп карагандан алысмын.

– Ал эми эргүү кайсыл убакытта болот?

– Эргүү – бул айттырбай келе турган кубанычка дагы, кырсыкка дагы окшош. Качан, кандай убакытта келип калаарын дагы билбейсиң. Өзүңдү кыйнап дагы ыр жазууга мүмкүн эмес. Ошол себептен өзүмдү кыйнап ыр жазгандан корком. Мындан улам буйрутма менен дагы ыр жаза албайм. Буйрутма менен жазсам супсак, купулума толбогон, башка бирөөнүн ырындай болуп калат. Ошондуктан устаттардын “жасап эмес, жашап жазуу керек” деген сөздөрүн эске алып, эргүүнүн келүүсүн күтөм. Ал айттырбай күнү-түнү дебей бир учурда келет. Ошол учурларда жакшы саптарды кармап калууга аракет кылам. Эгерде кармай албай калсам түйшөлүп, бүдөмүк тартып, ооруп калам. Ал эми эргүүнү учурунда кармап калуу мен үчүн олжо.

– Кээ бир учурда жазган ырларыңыз жакпай, тытып койгон учурлар болду беле?

—Жогоруда айтып кеткендей эле, мурдагы жазган ырларымды азыр окуганда күлкүм келип, ушундай ырларды жазып алып, улуу устаттарга көргөзүп жүргөн турбаймынбы деп уялган учурларым болот. Бирок, ырларымды жакпай калды деп тыткан күндөрүм болгон эмес. Ар бир жазган ырларды мезгил өткөн сайын артка кылчайып карап, мурункуга салыштырмалуу менде изденүү, өзгөрүү бар экенин карап турууга бул ырлар сөзсүз түрдө керек. Ошол себептен ырларымды тытпайм.

– Он жыл мурунку акын Нуркыз менен азыркы акын Нуркыздын кандай айырмачылыктары бар?

– Негизи, он жыл мурун же кийин деле өзүмдү акын деп атагандан этияттайм. Анткени акындыкка талапкер, поэзиянын күйөрманы, сүйөрманы катары өзүмдү санаган кыздардын биримин. Ал эми он жыл мурун мектеп уясынан жаңы учкан, анчамынчаны теңиме албаган, тайманбаган кыз болчумун. Ырларды дагы талдабай жазган күндөрүм болгон. Азыр болсо турмушту көргөн, бардык нерсеге астейдил мамиле кылган, токтоо тарткан Нуркызга айландым. Ырларым да дагы өзгөрүүлөр пайда болду.

 – Обондуу ырларыңыз да бар экенин билебиз?

– Ырларга көп эле обончу агаларым обон жазып жүрүшөт. Өзгөчө баса белгилеп, айта кетчү ырларымдын бири “Ак жоолук” деген ырыма Баян Акматов агабыз обон жазып, таланттуу аткаруучу Элзар Өскөнбаеванын аткаруусунда элге жайылып, жакшы ырлардын бири болуп жүрөт. Мындан сырткары “Бир гана апам мени чанып кетпейт” деген ырыма бир топ обондор жазылды. Биринчи обонду Баян Акматов агабыз жазган. Андан кийин дагы ар кандай обондор жазылды. Обончуларга ыр жакса, эргүү келсе биз менен акылдашпай деле жаза беришет. Мен ага каршы эмесмин. Бирок, даяр обонго текст жазып бере алган жокмун. Анткени мен үчүн буйрутма менен ыр жазуу оор.

– Сиздин ырыңызды көркөм айтып, интернет жылдызына айланган 4 жаштагы Айчолпондон кийин, балдар адабиятына аралашайын деген ойлор келдиби?

– “Бир гана апам мени чанып кетпейт” деген ырыма экинчи өмүр тартуулаган ушул төрт жаштагы Айчолпон болду. Айчолпондун көркөм окуусунда бүтүндөй кыргызстандыктарга тарады. Айчолпон менин сүйүктүү окурманыма айланды десем дагы болот. Мындай кичинекей окурмандарым көп болсо, коомчулукка ырлардын маанисин жеткире айтып турушса, балдар адабиятына аралашып калуум толук ыктымал. Ошол себептен Айчолпонго, анын апасына терең ыраазычылыгымды билдирем.

 – Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиз?

– Чыгармачылыктан сырткары эл катары эмгек кылабыз. Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык театрынын адабий бөлүмүн жетектеп келем. Мындан сырткары КТРКнын “Маданияттарых-тил”каналында “Театр, сахна” деген берүүсүндө алып баруучу жана коомдук саясий гезиттердин биринде кабарчы болуп эмгектенем. Мындан сырткары визажисттик кызматты дагы аркалоодомун. Үйдө эне, ал эми коомчулукта болсо өз ордумду тапканга аракет кылып, баардык тараптан өнүккөнгө болгон аракетимди жумшап келе жатам.

Бегайым КУБАНЫЧБЕК кызы,

“Кыргыз Туусунун” практиканты

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *