Шырдак фестивалынын «шырымал» жактары

Күмөндөр УСУПТЕГИН, “Кыргыз Туусу”


28-июнь нарындыктар жана айрым кыргызстандыктар үчүн маанилүү күн болуп саналат. Анткени, тогуз жылдан бери жыл сайын ушул күнү “Кыргыз шырдагы” эл аралык фестивалы өткөрүлүп келет.

Быйылкы аталышы эл аралык, бирок заты ага жооп бере албаган “Кыргыз шырдагы – 2019” фестивалы облустук Муратбек Ырыскулов атындагы академиялык музыкалуу драма театрдын алдында, батыш ыптасында жана ичкери кире бериш далисинде өткөрүлдү. Жыл сайын стадиондо уюштурулуп келген бул өтө маанилүү иш-чаранын алакандай тар чөйрөгө жылдырылышын айрым катышуучулар сынга алышты.

– Стадион оңдолот экен дешип ушул театрды тандашыптыр. Биз кайда десе макулбуз да. Башка колубуздан эмне келмек эле, – деди өз ысымын айтуудан айбыккан нарындык бир катышуучу.

– Жергиликтүү бийлик ата-бабалардан келе жаткан кол өнөрчүлүккө маани бериши керек. Мына ушул жерде туруп Нарын районунан катышуучулар жокко эсе болууда. Атүгүл айыл өкмөттөрдүн маалыматтары жок болгондон кийин эмнени айтабыз. Канчалаган уз аялдар кошумча кирешелерден куру калышууда, – дейт Жээнбек Мамырканов.

Ошентип, жети дубан, эки ордо калаадан 200гө чукул кол өнөрчү келгендиги, алардын мээнетинен жасалган эмгектери “Мыкты” жана “Мурас” шырдак аталыштагы ийгиде сынакка коюлаары, фестивалдын алкагында Нарын дубанынын ар бир району жана Нарын шаары кызыккан жактарга, айрыкча чет элден келген туристтерге “Сайма саюу”, “Аркан эшүү”, “Шырдак шыруу”, Ала кийиз жасоо”, “Чий чырмоо” боюнча чеберчиликти көрсөтүшөөрү даңазаланды. Ал эми 29-июнь күнү көргөзмө-жарманке уюштурулаары маалымдалды. Ачылыш аземде облус жетекчиси Аманбай Кайыпов, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин стат-катчысы Бакыт Секимов, Жапониянын “Бир айыл-бир продукт” долбоорунун эксперти Харагучи Акихисо мырзалар куттуктоо сөз сүйлөштү. Б.Секимов министрлик тарабынан фестивалды өткөрүүгө 300 миң сом бөлүнгөндүгүн билдирди.

Андан соң театрлаштырылган программа тартууланды. Биз алыскы Баткен дубанынан келген уздарга жолугуп, баарлашууну эп көрүп, амандаша элек жатып чалкабыздан кете жаздадык.

– Биз баткендик эмеспиз. Алардан киши келбептир. “Силер чыккыла” дегенинен эле чыгып басып койдук.

 – А силер кайдан келдиңер?

– Нарындан эле. Эки кыз тең катар жооп беришип, шыңгыр добуш менен сыпаа күлүп коюшту.

– Албетте, бардык облустардан кол өнөрчүлөр жана атайын өкүлдөр келишти. Мындан алыскы жактардагылар, анын ичинде баткендиктер кечигип келишти. Ушундан улам фестивалды аларды күтпөстөн баштоого туура келди,-деп комментарий берди облус өкүлчүлүгүнүн аппаратынын бөлүм башчысы Динара Жунусова.

Сырттан баам салганда биздин пикирде шырдакка болгон жалпы мамиле артка чегингендей түрдө өткөрүлдү. Биринчиси, уюштурулган жай тардык кылды. Экинчиден, жогоруда аталгандай министрликтин статс-катчысынан башка расмий жогорку бийликтен эч бири келип катышпады. Маселен өткөн жылы вице-премьер-министр, Франциянын Кыргызстандагы элчиси келген эле. Үчүнчүдөн, саясий амалдуулар бул жылы дагы дымышты. Анткени 2015-жылы ЖКга шайлоо болоор алдында КСДП, Эмгек партиялары тим эле шырдакты колдон буттан алышып, акчаларды чачкан болчу. Бул ыктан алсак, балким келерки жылы жазгы жаандан кийинки козу карындай жайнап, партиялар “шырдак эле, шырдак” деп жар салып турушса, таң калуунун деле кажети жок.

Ошондой болсо дагы жыл өткөн сайын чет элдик туристтердин ушул күнү шырдак фестивалга арбын келгендиктери байкалды. Алардын шырдак жана ала кийиздерди, көлдөлөңдөрдү эч кандай химиялык кошулмасы жок, нукура жана таза жасалган буюмдар деп баалап, сатып алгандыктарына быйыл да күбө болдук.

Эртеси күнү калыстар тобунун курамы жеңүүчүлөрдү аныкташты. “Мурас” шырдак ийгисинен Кочкор районунан келген уз Керээз Абдыкасымова алып келген шырдак биринчи орунга татып 35 миң сом. “Ала кийизден” Нарын районундагы Таш-Башат айылынын тургуну Динара Мурадилова озуп, 20 миң сом. Ат-Башы районунан Ишенбүбү Тоюнбаевага 50 миң сом берилди. Анткени анын шырдагы “Мыкты шырдак” деп табылды. Булардан сырткары экинчи жана үчүнчү орундарды ээлегендер (10 миң сомдон 30 миң сомго чейин) жана 14 уз 5 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.