Разак Бейшекеев Азия чемпионатында күмүш медаль утту

Кыргызстандык спортчу Разак Бейшекеев жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль утту. Турнир 4-июлда Казакстандын Нур-Султан шаарында башталды.

Чемпионаттын биринчи күнүндө 7 медаль ойнотулду. Разак 45 килограммга чейинки балбандар арасында күч сынашып, финалда казакстандык Саматбек Изимгалиден утулуп калды. Жыйынтыгында ал 2-орунга ээ болуп, күмүш медаль тагынды. Ал эми аталган салмак даража боюнча коло байгени япониялык жана индиялык балбандар багындырды.

А.ЭСЕНОВ