Мыйзам толук кандуу жакшыртылганбы?

Шабдан АБЫЛГАЗЫ уулу, “Кыргыз Туусу”


2019-жылдын 1-январынан баштап Жазык, Жазык-процесстик, Жаза аткаруу жана жаңы Жоруктар жана Бузуулар жөнүндө кодекстер ишке кирди. Дээрлик жарым жылга жакын иштегенине карабастан мыйзам чыгаруучулар менен кесипкөйлөрдүн ортосунда кызуу талаш тартыш жаратып келет. Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын башчысы, милициянын подполковниги Рустам Махмутов менен ушул багытта маектештик.

– Жаңы мыйзамдарга көнүү мезгили өтүп, мыйзамдар чындап иштей баштады десек болобу?

– Бул мезгилди көнүү мезгили деп атасак туура болбой калат. Мыйзам — бул жашообузда күтүүсүздөн пайда боло калган нерсе эмес. Кодекстердин акыркы редакциясы боюнча баса белгилеп кетүүчү нерсе: өзгөрүүлөр жана жаңы киргизилген нерселер ар дайым оор жана алардын натыйжаларын тажрыйба гана көрсөтө алат.

– Жаңы мыйзам көптөгөн тартиптик процедураларды жөнөкөйлөштүрөт. Алсак, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин (КЖБР) киргизүү жолу менен кылмыш ишин козгоодо күбөлөр институттары жоюлуп, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн видео-конференц байланыштар менен алууга мүмкүн болуп, жабырлануучулардын көрсөтмөлөрү бекитилип, тергөөчү сот кызматы киргизилди.

– Тартиптик процедуранын жөнөкөйлөштүрүлгөндүгүнүн жакшы жактарын бардыгы белгилеп жатышат. Мурда кылмыш иштери кандай козголчу эле? Тергөөчү бүтүндөй аракеттердин тизмегин кылгандан кийин гана, тактап айтканда, арызды күтүп, окуя болгон жерге барып, күбөлөрдү сурап жана түшүнүк кагаздарын чогулткандан кийин гана ишти козгошу (же козгобошу) керек болчу. Эгер тергөөчү ишти ачса анда ал ишти протоколдо бекитиш үчүн бардыгын кайра сурактан өткөрүшү керек эле. Башкача айтканда, бир ишти эки жолу жасап калмак. Азыркы учурда кылмыш иштери арыз түшөөрү менен дароо козголот. Ал иштер КЖБРда катталат. Бул реестрге арыз түшөөр замат тергөөчү толук иликтөөнү баштайт. Күбөлөрдү, жабырлануучуларды сурап, алардын берген көрсөтмөлөрүн протоколго киргизет.

“Күбөлөр институту” түшүнүгү да жоголду. Мурда тергөөчүлөр тергөөнү өткөрүү, кылмышты каттоо жана издөө жүргүзүү үчүн көз карандысыз күбөлөрдү издеши керек эле. Жаңы эрежелер боюнча издөөнү өткөрүү, кылмыш болгон жерди карап чыгуу аркылуу же болбосо күбөлөрү жок аныктаса болот. Булардын ордуна бардык иштер видеого тартылат. Эгерде тергөөчү видеого тартууну өз кызыкчылыгына жараша атайылап өзгөртсө ал кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

Тергөөчү сот-тергөө ишиндеги жаңы негизги фигура. Мындай соттордун ролу сотко чейинки баскычты көзөмөлдөө. Алар күнөөлөө менен коргоонун ортосундагы бейтарап фигура болуп саналат. Алсак, тергөөчү жана прокурор күнөөлүүнү камаш керек деп эсептейт. Тергөөчү сот күнөөлүүнүн адвокатынын катышуусу менен тараптардын далилдерин карап чыгып, аргументтерин изилдеп, күнөөлүүнү камакка алуу же албоо чечимин чыгарат. Мындан сырткары тергөөчү соттун компетенциясына шектүүнү кармоо же күнөөлүүнү үй камагына чыгаруу, же сыртка чыгарбоо менен чектелүүсүн тандоо; мүлкүн камакка коюу; шектелип жаткан адамды кармоо мыйзамды жана эрежелерди сактоо менен жүргүзүлгөнүн текшерүү ж.б кирет.

Аялдарга жана балдарга тиешелүү эң маанилүү тартиптик жаңылык – бул депонирлөө институту. Жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн депонирлөө – бул тараптардын бирөөнүн суранычы менен соттук далилдерди эрте камсыздоо максатында, тергөөчү соттун жабырлануучудан сураган сотко чейинки сурагы.

Объективдүү себептер менен тергөөчүгө келе албаган жабырлануучунун же болбосо күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн бекитип жана сактоо үчүн көрсөтмөлөрдү депонирлөө иштелип чыккан.

– Теориялык жактан кагаздардын саны бир канча эсеге азайышы керек. Иш жүзүндө кандай?

-Арыздар жана маалыматтар 24 сааттын ичинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталуусу керек. Ошентип сотко чейинки өндүрүш реестрде катталаар замат башталат. Ар бир окуя (эсиңизде болсун, ар бир!) кичинекей уурулуктан мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө чейинки окуялар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталат. Башкача айтканда, бүткүл электрондук система иш кагаздарын азайтууга кепилдик бериши керек.

Иш жүзүндө кагаздардын саны азайып, бирок иштердин өзүнүн саны бир нече эсеге көбөйдү. Бир тергөөчүнүн ишинде бир убакытта эле 150гө чейин материал болушу мүмкүн. Мисалы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан 2018-жылдын январь-апрель айларында 950 кылмыш иши козголсо, 2019-жылдын ушул эле мезгилинде бирдиктүү реестрге 2653 бирдик катталган. Анын үстүнө 2018-жылы тергөө штаты толук болсо, бул жылы алты адамга кыскарды. Бир тергөөчүнүн өндүрүштөгү түйшүгү дээрлик 3 эсеге – 28,1ден 78,2 ге чейин көбөйдү.

 – Сиздин оюңуз боюнча жаңы мыйзамдардан улам кырдаал кандай болушу мүмкүн?

– Тилекке каршы, балдарга жана аялдарга карата жасалган кылмыштар азайган жок. Кыз ала качуу жолу менен никеге тургузуу, сексуалдык мажбурлоо сыяктуу үй-бүлөлүк зомбулук фактыларынын саны оор чекке жетти. Гендердик көз карандылык, коомдо тамырланган патриархалдык салттар жана адеп-ахлак нормалары мындай кылмыштарда жабырлануучунун жардам суроосуна жол бербейт. Ошондуктан бул чөйрөдөгү чыныгы абал баарынан кооптуу. Менин көз карашым боюнча бул барьерди жеңиш үчүн укук коргоо органдарынын жана жарандык коомдун дайыма биргелешип иш жүргүзүүсү зарыл. Өнөкөт кылмыштар (рецидив) түшүнүгүн алып салуу кылмышкердин жасаган кылмышы же жоругу үчүн алган жазасынан соң баарын таза барактан баштоо мүмкүнчүлүгүн берет. Бирок алар убактылуу жаза тартпаган жагдайга таянып алышып бул мүмкүнчүлүктү пайдалана алышпайт. Менин оюмча, коомду гумандуулукка калыптандыруу менен мыйзамсыздыктын ортосундагы чек бүдөмүк.

Бардык нерсе идеалдуу эмес экени белгилүү. Анын үстүнө ондогон жылдар аралыгында сакталып калган, өзгөртүүгө оор болгон укуктук система биздин салттык менталитетибиз менен дагы оор кабыл алынууда. Мен жаңы мыйзамдардын натыйжалуу иштөөсүнө ишенем. Бул көйгөйдү чечүү жолдорунун бири – “тергөө–прокуратура–сот” үчилтигинин чогуу иштөөсү. Тергөөгө жардам берүүнүн калган эки түзүмү мыйзамдын стабилдүү–ашыкча амбициясыз иштөөсүнүн кепилдиги.