Акын жана жазуучу Чынтемир АСКАРОВ: «Айыл тууралуу шаардык акындар эмес, биз жазсак жарашат»

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Элеттик жазуучу жана акын Чынтемир Аскаров 78 жашта. Кара-Буура районунун Суулуу-Маймак айылында жарык дүйнөгө келген. Учурда Манас районунун Манас айылында турат. Өмүр бою мектепте иштеген. “Эне бактысы” (2000-ж.), “Сүйүү баяны” (2002-ж.), “Ата Журт”, “Белгисиз кыздын махабаты” (2004-ж.), “Атаман уурулардын тагдыры”, “Айылдын сонун кечтери” (2008-ж.), “Боксер” (2011-ж.), “Сагындым сени ыр дүйнө” (2016-ж.), “Табылга” (2017-ж.) китептери жарык көргөн. “Көлгө бардым, Алыкулдай ыр жаздым” ыр жыйнагы басууга даяр турат.

– Чынтемир аба, адабият дүйнөсүнө качан жана кантип аралашып калдыңыз?

– Орто мектептин 8-классын аяктагандан кийин, шаардагы автожол техникумунда окуп калдым. Ыр жазып калуума Эркин Байзаков деген чогуу окуган досум себепкер болгон. 1957-жылы “Ленинчил жашта” “Айылыма” аттуу ырым жарык көрдү. Жазуучу Ш.Бейшеналиев гезиттин башкы редактору экен, “Калем таштаганың дурус экен, жаза бер, таштаба” деди. Эрдемсип калдым. Акын К.Жуманазаров менен тааныштым. Менден бир эле жаш улуу экен. Адабий чөйрө менин тырмак алды ырларымды жылуу кабыл алгандай болду. Бирок, эмнегедир редакцияга баргандан уялчумун. Шаарда туруп, почта менен жөнөтчүмүн. Кийинки жылы “Жалгыз түп алма” деген чыгармам “Жаш ленинчи” журналына чыкты. “Аңгеме, ыр жазсам болот турбайбы” деп шыктанып калдым. Анан бир күнү кайсы бир редакцияга жөнөткөн ырларыма “көркөмдүк жактан начар” деген жооп келди. Жиним келип, жазбай койдум.

– Ошол эки ооз жоопко таарынып эле жазбай калдыңызбы?

– Көрсө, андай “даяр” жоопторду бардык эле жаш талапкерлерге жөнөтөт экен. Таптакыр жазбай калганым жок, жазгандарымы редакцияларга жөнөтпөй калдым. Аңгыча окууну бүтүп айылга кеттим. Жүк ташуучу базада иштедим. 1961-жылы мугалимдик кесипке өттүм. Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика бөлүмүндө сырттан окудум. Орто жерде азыркы “Советтик Кыргызстандын” штаттан тышкаркы кабарчысы болдум.

 – Ырларыңызды ыр сандыкка топтогон турбайсызбы?

– Ошондой десем болот. Акыры чыгынып, “Ачык асман” аттуу ыр китебимдин кол жазмасын акын Сооронбай Жусуевге бердим. “Азыраак экен, ырларыңан дагы апкел” деди. Ошол бойдон С.Жусуев менен байланыша албадым. Элеттик адамдын түйшүгү түмөн. Анүстүнө, мектептин завучу, директору болуп, кызматтан кол бошогон жок. Албетте, убакыт деле тапсам болмок, тагыраагы, чыгынган жокмун.

– Анан 60ка келгенде жазуучу болуп чыга келдим деңизчи?

– Ооба. Алгачкы китебим 60 жашка чыкканымда жарык көрдү.

 – Антсе да, андан бери катар-катар китептерди чыгарыптырсыз?

– Шахматта “домашняя заготовка” деп коет го, ошол сыңары өз убагында чыкпагандыктан топтолуп калды да. Биринин артынан бири чыкканы ошондон…

– Айылда жашап ыр жазган кыйын чыгар?

–Мүмкүн. Айрымдар айылда жашаса эле, ыр жазылбай кала тургандай ойлошот. Ыр бардык жерде жазылат. Шаарда жашап туруп, айыл тууралуу жазгандар бар. Шаардык акындар таарынбасын, шаардыктардын айыл тууралуу жазгандарында жасалмалуулук көп, алар айыл жөнүндө өздөрүн кыйнап жазып жаткандай таасир калтырат. Элет жеринде жашабай туруп, айылдын эли, айыл жашоосу тууралуу мүмкүн эмес. Элет жөнүндө биз жазсак жарашат. Улуу муундагы ыр окурмандары акын Анасбек Жумалиевди жакшы билишет чыгар. Ал өмүр бою элетте эле жашады. Ширин ырларды мурас калтырды.

 

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *