Талас бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Болотбек БАТЫРКУЛОВ: «Каналдарыбыздагы сугат суулар максаттуу пайдаланылууда»

Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА, “Кыргыз Туусу”


Жергебизде аптаптуу жай мезгилинин мээнетке толгон, ийгиликтүү күндөрү өкүм сүрүүдө. Тээ жаз мезгилинин алгачкы күндөрүнөн бери маңдай терин даркан талаага төккөн баба дыйкандар мол түшүм аракетинде. Арийне, дыйкандардын мол түшүм алып, мээнет акыбетинин ийгиликтүү болуусу үчүн бел чечпей эмгектенген эмгек азаматтарынын катарында аймактык суу чарба башкармалыктарынын кызматкерлери дагы бар. Талас бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Болот Батыркулов дагы учурдагы жооптуу милдеттерди ийгиликтүү өтөп, ургаалдуу аракеттери менен алек.

– Болотбек мырза, дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо кандайча ишке ашууда?

– Талас облустук суу чарба башкармалыгы 2019-жылдын сугат маалына эң жакшы даярдыктар менен келишти. Аталган башкармалыктын курамын түзгөн жалпы облустагы райондордогу суу чарба башкармалыктарынын жалпы кызматкерлери бул маанилүү өнөктүктү иш жүзүнө ийгиликтүү ашыруу үчүн өткөн жылдын октябрь, ноябрь айларынан бери аракеттенип келе жатышат. Башкармалыктын ар жылы аткарылып келе жаткан көнүмүш иштеринен сырткары дагы көңүл чордонундагы өтө маанилүү иштер аткарылды. Талас жана Бакай-Ата райондорунун даркан талааларына сугат сууну жеткирген, Кум-Арык каналынын ичин оңдоодон өткөрүп, анын 350 метр аралыгын 2 кабаттап бетондоп, абалын жакшырттык. Анткени бул каналдын сыйымдуулугу начарлап, сугат мезгилинде кыйынчылыктарды жаратып келген эле. Андан сырткары, Талас районундагы Андаш каналынын 300 метрден ашык аралыгы бетондолуп, сугат ишинин ийгилигин арттырууга өбөлгө түзүлдү. Бул каналда дагы суунун сыйымдуулугу азайып, жол-белден суулар ашып-ташып, жоготуулар көбөйгөн. Ушул 2 объектте жасалган иш аракеттер жылда жасала жүрчү кезектеги иштерден тышкары болду. Талас районундагы Арал айыл өкмөтүнүн карамагындагы Андаш каналындагы оңдоп-түзөө иштери жакында август айында кайрадан уланмакчы. Талас суу чарба кызматкерлеринин бул демилгелерин КРнын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы суу чарба департаментинин жетекчилиги колдоп, материалдык ыгым-чыгымдарды чечип берип жатат. Жалпы облус боюнча 560 километр ири чарба каналдары бар. Алардын ичинен 26 километр оңдоо иштери планга коюлуп, план толугу менен иш жүзүнө ашты. Жалпы облуста 589 суу курулмалары бар. Суу ченөөчү чектер облус боюнча 214 даана болсо, анын 67си оңдоо үчүн планга киргизилип, план аткарылган. Суу курулмаларынан 76 даанасы оңдоого коюлуп, төрт райондогу 4 насостук станциялар дагы ушул мезгилге чейин оңдоодон өткөрүлүп, учурда толук кандуу иштеп жатат.

Албетте, бир жыл менен бир жыл окшошпойт. Бир жылыбыз жаан-чачындуу келип, сугат суулардан маселелер жаралбай, дыйкандарыбыз кубанычка бөлөнүшөт. Айрым жылдары кургакчылык болуп, дыйкандарыбыздын көзүнөн бир тамчы дагы суу өтүп турат. Биздин жамаатыбыз неси болсо дагы сугат өнөктүгүнө камылгабызды эрте жүргүзүп сугат мезгилине эртелеп даяр болуп, ар бир тамчы сугат сууну максаттуу пайдаланууну уюштуруудабыз. Ар жылы сугат сууну белгиленген мөөнөткө чейин элге жеткирүү биздин башкы максатыбыз. Учурда облус боюнча 112 миң 962 гектар сугат жерлер бар. Алардын ичинде Талас районунда 36 миң 826 гектар жер, Бакай-Ата районунда 26 миң 668 гектар , Кара-Буура районунда 30 миң 783 гектар , Манас районунда 18 миң 250 гектар жерлер бар. Март айынын аяк чендерине белгиленген иш чараларыбызды быйыл эртелетип, чоң каналыбызды 20-мартта, 21-апрелде ачылууга тийиш болгон Кайырма каналын 13 апрелде ачтык. Чоң Талас каналына дагы мөөнөтүнөн 10 күн мурун суу бердик.

 

– Суу пайдалануучулар менен келишимдерди ар жылы түзүп турасыздарбы?

– Быйылкы жылы дыйкандарга суу берүү максатында 271 млн.метр куб сугат сууга келишим түздүк. Бул келишимдер чарбалар аралык каналдардан суу иче турган фермердыйкандарыбыз менен түзүлдү. Бүгүнкү күндө 112 миң сугат жерлердин 50 миң гектардан ашуун жерине төө буурчак, 6400 гектар жерге дан эгиндери, 20 миң гектар жерге көп жылдык тоют чөптөрү себилди. Калган жерлерге жашылча-жемиштердин, мөмө-чөмөлөрдүн, май өсүмдүктөрүнүн жана башка маанилүү азыктардын уруктары себилип, көчөттөрү отургузулду. Учурда дан эгиндери толугу менен сугат суу менен сугарылды. Манас районундагы Май жана Кыргызстан айыл аймактарында айрым өсүмдүктөр 2 жолудан сугат суу менен камсыз болушту. Көп жылдык тоют чөптөрү дагы сугат суудан чыкты. Атүгүл көп жылдык чөптөрдүн 30 пайыздан ашууну 2 жолудан суу менен камсыз болушуп, сугарылды.

Дыйкандарыбызга жер аянттарына эмне айдап-себе тургандыгын ар жылы алдын ала пландап алууларын сунуштап жатабыз. Быйыл эле биздин адистерибиз облустук телеканалдан 3 жолу чыгып, сүйлөп, маанилүү кеңештерин беришти. Биздин өрөөндө төө буурчактын маанилүү өсүмдүк экендигинен улам дыйкандарыбыздын дээрлик баардыгы жер аянттарынын басымдуу бөлүгүнө төө буурчак өстүрүшөт. Бир канал менен суу бара турган жерлердин ээлери жапырт 80-90 пайыз төө буурчак өстүрүп алышса, аны өз убагында сугарып алууга эч мүмкүнчүлүк болбойт. Экинчиден ар жылы төө буурчак айдай берүүдөн жердин кыртышынын мааниси жоголот. Ал эми ар гектарга себилген көп жылдык чөптөн бир эле жылы 70-80 миң сом таап алууга шарттар түзүлүүдө. Ошондуктан көп жылдык чөптөргө басым жасалса жердин асылдуулугу жогорулап, агротехникалык эрежелер так сакталат эле. Тээ союз мезгилинде илимий жактан далилденген эрежелер так сакталып, ар бир чарбага себилип-айдай турган өсүмдүктөрдүн чен-өлчөмдөрү берилчү эле. Которуштуруп айдап-себүү иштерин сунуштап жатабыз, бирок дыйкандарыбыз өз билгендерине маани беришүүдө. Мурун жалпы айдоо жерлерибиздин 30 пайызына дан эгиндери, 30 пайызына көп жылдык чөп, 30 пайызына техникалык өсүмдүктөр тамеки, жүгөрүлөрдүн үрөндөрү айдала турган. Анан бул өсүмдүктөр ирээти менен себилип, сугат иштери дагы ирээти менен жүрө турган. Азыр болсо бизде дыйканчылык аракеттерибиз өзгөрүп, жылдан-жылга көп жылдык чөптөр, эгиндерди себүү азайып бара жатат.

 

 – Төө буурчактын өсүмдүүлүгү кандай болууда?

– Жалпы облус боюнча 50 гектардан ашуун жерге төө буурчактын уругу айдалып, биринчи суу ичүүсү аяктады. Ошону менен катар айрым жерлерде экинчи жолу сугат иштери башталды. Быйылкы жылдын жаан-чачындуу келип, нымдуулук көп болгону жакшы болуп жатат. Ошентсе дагы бирин-экин кыйынчылыктар бар. Маселен, жаандын абдан көп болгондугунан улам биздин дыйкандар айдап себүү иштеринен кечигип калышты. Айрым жерлерде мөндүр аралаш жаан жаап, талаалардагы себүү иштеринен кийин айдоо аянттардын жумшак кыртыштары катуу болуп, өсүмдүктөрдүн чыгууларын татаалдантты. Биз мындай шарттарда өсүмдүктөрдүн өнүмүн камсыздоо үчүн тиешелүү сугат сууларын берип турдук. Ал аракеттерибизден кийин көгөрүп чыгып калган өсүмдүктөр талааларды көрккө бөлөөдө. Буйруса азыр жаман эмес, биздин пландап койгон иштерибиз четинен орундалып келе жатат. Бирок аба ырайы ушул бойдон туруп калып, дыйкандар үчүн ыңгайлуу шарттар кала берет деп эч ким кепилдик бере албайт. Ар кандай күтүүсүз жагдайлардын жүз бериши мүмкүн. Ошондуктан мен учурдан пайдаланып, дыйкандарыбызга сугат суунун резервдерин кеңири пайдаланып калгыла, аракеттенгиле деп айткым келет. Учурда мол түшүм камылгасын көрүп, түнкү сугаттарды уюштуруп жаткан айыл башчыларына, баба-дыйкандарга чексиз ыраазыбыз. Алар эң туура жасап жатышат, аларды үлгү кылып, түнкү сугат иштерине өткүлө деп айтуудабыз. Суу көлөмү көбөйүп калса, баарыбыз каниет алып, токпейил тартып калабыз. Бирок, жаратылышка ишенич жок экендигин айтуудабыз. Биздин облустагы 4 райондун Манас районунан башкасы жаратылыштын кубулуштарына түздөн-түз байланыштабыз. Анткени, ал район айтылуу Киров суу сактагычынын алды жагында жайгашкандыктан сугат суудан таңкыстыктар жарала койбойт.

Киров суу сактагычында суунун көлөмү былтыр 232 млн. куб сугат суу болсо быйыл 292 млн. куб сугат суу бар. Биздин карамагыбызда Кара-Буура суу сактагычында 8 млн. куб суу бар. Жаз мезгилинде сугат мезгили жаңы башталып өзөндөгү суулар толук кире элек мезгилинде БДР аркылуу биз БТК деген каналыбызды сугат суу менен камсыздап, Кара-Буура районундагы Суулу-Маймак, Жоон-Дөбө, АкЧий, Аманбаева айылдарындагы дыйкандарга суу жеткирдик. Учурда топтолуп турган 8 млн. куб сууну максаттуу пайдалануудабыз. Ошентсе дагы айрым жерлерде маселелер жаралууда. Кээде “сугат суу жетишпегендиктен жашылчалар кургап калды, кыйынчылык болду”, – деген сөздөр чыгып калууда. Бирок, мындай сөздөргө негиз жок. Анткени сугат суу жетиштүү, жыл дагы жаан-чачындуу болуп, ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Бирок калк жыш жайгашкан аймактарда суу башчылары элге сууну кезеги менен берип жатышат. Кезегин күтүп жатышкан дыйкандар, шашмалыгы кармап, ар кандай пикирлерди таратып, нааразычылыгын айтып калышы ыктымал.

Президентибиз 2019-жылды “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы” – деп жарыялады. Ушул жарлыктын алкагында биз дагы өзүбүздүн жоопкерчиликтүү милдеттерибизди жасап жатабыз. Маселен биздин ири каналдарыбызга басым сенсорлору коюлууда. Ошол техникаларыбыздын жардамы менен биздин мониторлордо суу башындагы, суунун ортосундагы, суунун аягындагы көлөмдөрү канча экендигин билдирип турган маалыматтар пайда болду. Мурун болсо биздин адамдарыбыз атайын талаа түздөгү каналдарга барып, карап, анан суунун көлөмдөрү туурасында айта алчу. Азыр сутканын 24 саатында суунун көлөмү туурасында мониторду карап биле алабыз. Ошонун негизинде иш аракеттерибиздин пландарын түзүп алып, андан ары кете беребиз. Эгерде суу азайып кете турган болсо, дароо суу башындагы адистер менен байланышып, абалды кабарлап, сууну калыбына келтирүү аракеттери жүрөт. 4-5 жылдан бери маалымат базасын түзүүдөбүз. Бул максатты ишке ашырууда тоскоолдуктар көп болсо дагы биз күрөшүп келе жатабыз. Кайырма каналында маалымат базабыз бар. Дыйкандардын аты жөндөрү жазылып, бул жагына ар биринин жер аянты, анын канча жерине төө буурчак, канча жерине дан эгиндери, канча жерине көп жылдык чөптөр эгилгендиги туурасында маалыматтар жазылып турат. Ошол маалыматтардын негизинде биз ар качан анализдөө иштерин жүргүзүп турабыз. Ар бир дыйкандын аянтындагы өсүмдүктөр канча жолу суу ичкендиги тууралуу билип турабыз. Ар жумада базабызга так маалыматтар келип турат. Маалыматтардын негизинде өзүбүздүн жасаган ишибизге баа берип, такташып турабыз. Жамаатыбыздагы кызматкерлерге, адистерге бирден планшет алып берип, интернет койдуруп жатабыз. Заман агымы бизден ушуну талап кылып жаткандан кийин артта калбай, ар бир маанилүү маселелерге басым жасап жатабыз. Быйыл Кудайым буйруса, Талас облусунда сугат өнөктүгү ойдогудай жүрүүдө. Биринчи чөп чабык аяктап, түшүмү жыйналып алынды. Учурда көп жылдык чөптү жана төө буурчакты экинчи жолу сугаруу иштери жүрүп жатат. Облустагы бардык дыйкандардан ток пейил тартпай, каналга келген ар бир тамчы сууну пайдаланып калалы деп айткым келет.

– Ирригация тутумдарын жакшыртуу максатында Өкмөттүк деңгээлде кандай иш-аракеттер жүрүүдө?

– Ааламдагы ири өзгөрүүлөргө улай эле биздин тармакта дагы көптөгөн жаңылыктар болууда. Жалпы облус боюнча 4 ири суу чарба объектисинде мамлекеттик ирригация маселелерин жакшыртууга карата багытталган долбоорлорунун алкагында көптөгөн иштерди аткарышууда. Кара-Буура районундагы Сарымсак каналында ушул мезгилге чейин 145 млн. сомго жумуш аткарылып, каналдын 6,2 кубометр жери 2 катар темир бетон менен бекемделип, жасалды. Быйылкы жылдын эсебинен ушул Сарымсак каналында кошумча иштери башталды. 600 млн. сомго тендер өтүп, 21 км. чарба аралык каналдар реабилитациядан өтөт. 2 миң гектар жаңы жерлер өздөштүрүлөт. Ички чарба каналдардан дагы 42 км. аралык бир бөлүгүндө, 12 км. аралык экинчи бөлүгүндө лотоктор төшөлүп, Кара-Буура БДРинен баштап Сарымсак каналы бетондон кийим кийет. Бул аракетибиздин аркасы менен биринчиден 2 миң гектар жерди өздөштүрөбүз, экинчиден сууну максатсыз жоготуудан арылабыз. Анан сугат суунун дыйкандарга жетүү мөөнөтү кыскарып, бетон арык менен тез эле багытталган жерлерге барат. Ушул ийгиликтердин аркасында дыйкандарыбыз мол түшүм алышып, бакубат жашоолоруна өбөлгө түзө алышмакчы. Кытай мамлекети тарабынан берилген гранттын негизинде Кара-Буура районундагы Бакты-Ногой каналында 360 млн. сомдук, Бакай-Ата районундагы Кызы-Жар, Жалпак-Тил каналдарында 114 млн. сомдук долбоорлор ишке ашырылмакчы. Кызыл-Жар каналынын 12 км. жери реабилитациядан өтөт. Жалпак-Тил каналынын көп жерлери бетондолуп, дыйкандарга суу буйдалбай жетет. Бакты-Ногой каналы курулуп бүтүп, 243 гектар жаңы жер өздөштүрүлөт. 5120 гектар жерибиздин сууга болгон муктаждыгы жогорулайт. Бул иштерди, долбоорлорду аткаруу үчүн тендер жарыяланып, иш кагаздары каралууда. Манас районундагы Кадыралы каналындагы ири жумуштардын долбоору аткарылууда. Бул иштердин натыйжада 1500 гектар жердин сууга болгон муктаждыгы жогорулайт. 1000 гектар сугат жер пайдаланууга берилет. Каналдын сыйымдуулугу жогорулап, сугат жерлерди суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүктөрү жогорулайт. Каналдарыбызга келген сууну ошол замат сутканын кайсы маалы экендигине карабай пайдаланып калсак, биздин жеңишибиз ошол болот.

Талас бассейндик суу чарба башкармалыгынын башчысы Болотбек Байбачаевич Батыркулов жамаатта жасалып жаткан ийгиликтери туурасында баяндап жатып, алдыдагы асыл максаттарына токтолду. Кийинки жылдары суу чарба башкармалыгында дагы Кудай колдоп толгон-токой аракеттер дыйкандарыбызды кубанычка бөлөп, келечекке шам жагаарын айтып өттү. Ылайым ошондой болсун!

Иш учурунда

 

Эмгек жамааты