Карамушкина малекеттин унаасы менен гана жүргүсү келеби?

Парламентте “Жогорку Кеңештин депутатынын статусу” жөнүндө мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр киргизүү талкууланды. Ал өзгөртүүлөргө ылайык, эл өкүлдөрү кызматтык унаа жана батирди пайдалануу мүмкүнчүлүгүнөн ажырашат. Бул тууралуу «Марал» жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, мындай өзгөртүүлөр депутаттар арасында бир катар нааразылык жаратканын айтышкан.

Маселен депутат Альфия Самигуллина, депутаттар кызматтык унаадан, жардамчылардан баш тарткандыгы үчүн мыйзам долбоорлрорун даярдоодо оорчулук жаралганын айтса, депутат Ирина Карамушкина бул мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөрдү популисттик кадам деп атап, эл өкүлдөрү өзүнүн милдетин ыкчам аткарууга сөзсүз транспорт зарылдыгын, буга малмекет шарт түзүш керектигин белгилеп: “Эгер “Республика — Ата Журт” фракциясы кызматтык унаадан баш тартса, бул алардын оздөрүнүн чечими. Эмнеге аны бизге таңуулашат? – деп нааразылыгын билдирген деп айттылат маалыматта.