«Жерүй» кени күздө иштей баштайт

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Талас облусуна жумуш сапарынын алкагында «Жерүй» кенине барды.

«Альянс Алтын» компаниясынын башкы директору Михаил Шубин Өкмөт башчыга кенде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымдады. Анын маалыматында, бүгүнкү күнү алтын чыгаруучу фабриканын курулушунун жалпы көлөмүнүн 50%ы аяктаган. Комбинатты үстүбүздөгү жылдын октябрында ишке киргизүү пландалууда.

Михаил Шубин бул долбоорго салынган инвестициялар тууралуу билдирип, кенде 1 миңден ашык жумуш орду түзүлүп, 90% иш орундары Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн берилерин белгиледи.

Премьер-министр курулуп жаткан объекттерди, анын ичинде алтын чыгаруучу фабриканын башкы корпусун жана калдыктарды сактоо жайын көрүп чыкты.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди эске алганда, мындай ири инвестициялык долбоор өзгөчө маанилүү.

Премьер-министр компания мамлекеттин алдындагы милдеттерин толук көлөмдө аткарып жана кендеги бардык курулуш иштерин өз убагында аяктоону камсыз кылып жатканын белгиледи.

Мухаммедкалый Абылгазиев ишкананын жамааты менен маектешип, компетенттүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине аткарылып жаткан иштердин жогорку сапатын камсыз кылуу максатында «Альянс-Алтын» компаниясына кызматташуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Өкмөт башчы бардык экологиялык жана техникалык талаптарды аткарууга көзөмөлдү камсыз кылуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.