Чагым өлтүрөт, мактоо жеткирет

Быйыл 20-майдан баштап Жети-Өгүз курортуна жолдомо алып, келип калдым. Келгенге дейре шарты кандай болду деген ой турду…

Бул аймактын күңгөй тарабында катар тизилген кызыл аскалар, тескейи жыш өскөн карагайлар. Көл деми – көкүрөк дарттын эми. Быякта карагай, арчанын каңылжарды жарган абасы – узак жашоонун дабасы. Баса, карагай, арчанын абасы айланасы 200 метр аралыктагы зыяндуу микробдорду жоготот деген ойду медицина далил карманат.

Мен негизи медиктерге тээ алтымышынчы жылдары “Ден соолук” журналында иштеп турган чагымдан бери ынакмын. Алар жөнүндө нечен очерк, сүрөттөмөлөр жазылган. Иса Ахунбаев жөнүндө “Даанышман” аттуу философиялык этюддарды жазган элем. Мени дарылаган врач Айнура Бегалиева өз кызымдан артык сый-сыпатын туйгузду. Анын жардамчысы – Тамарахан убакытты кыя жылдырбай көзөмөлдөп, суунун температурасын улам өлчөп турат…

Ушундан улам мен айрымдардын бул курорттун абалы начар болуп калганы жөнүндө айткандары ушак экенине ынандым. Жеке эле мен эмес, азгырыкка алдангандар мени менен бир дасторкондо олтуруп калган Чынара Узакова: “Мен курорттон эс алып кайткан орус аялдын курортту, анын тейлөөчүлөрүн аябай мактап жатканын угуп, жолдомо алып келсем, мактагандай бар экен. Эки-үч жылым ушакка ууланыптыр”, – деди муңкана.

Эми мындай ушакты кимдер тараткан? Бул дагы абийир-ыймандан ажыраган, чагымчыл ушакчыл дартка чалдыккандардын “жазмакерлиги”. Алар 2013-жылдан бери Жети-Өгүз курортунун директору Айбек Исакматовду жамандап, курорттун айласыз абалда экендигин, түшкөн байлыктарды соруп жатканын, айтор туш-тарабынан көөлөп келишкен.

Капысынан курорттун “Каалоолор жана сунуштар” аттуу китебин барактасам. 2016-жылдан бери эс алгандардын ыраазылыгы, өтүнүчтөрү жана тиричиликке байланыштуу айрымдардын сыны да жазылган. Ошолордун арасынан ушул жылдын май айынын баш жагында эс алган Зина Байгазиева минтип жазыптыр: “Сиздердин биринчи күндөн мээримдүүлүктө, маданияттуулукта тосуп алганыңыздарга өтө ыраазымын. Ошого карабастан элди бузуп, даттангыла, сотко жазгыла, арыздангыла деп сүрөтчү бала Бакыт элди үгүттөдү. Бирок, мени айтпагыла деп коёт экен. Ушуну билип алыңыздар”. Мына кызык, сүрөтчү Бакыт ким? Анын элди тескери үгүттөгөнүндө кандай кеги бар?

Ал чатак мындай иштен башталыптыр. 2000-жылы Жети-Өгүз айылдык кеңешин жетектеген Болот Сулайманов Профсоюздар федерациясына тиешелүү жерден 54 сотых аянтты Кенжебай Керимбаевге ыйгара салган. Жердин чыныгы ээси – Жети-Өгүз курорту эмеспи. Айыл кеңешинин төрагасы мыйзамды бузган.

Ошол аянтка алар үй салып, чарбасын курган. Демек, андан чыккысы келбей, курорттун директорун 2010-жылдан бери К.Керимбаевдин аялы Арзыкан Сулайманова менен баласы Бакыт арыздарды ар кайсы мекемеге жаадырып келүүдөн талбайт. Мындан сырткары Жети-Өгүз курортунун тургундары Бурул Жумаева, К.Кулубаев, М.Кокушева УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Жети-Өгүз районунун башчысы А.Токтомамбетовго, Жети- Өгүз районунун прокурору С.Качкымбаевге жалган жалаа менен кайрылышкан.

Жети-Өгүз районунун прокуратурасы көрсөтүлгөн фактылар боюнча текшерүү ишин жүргүзүп, “Кумтөр” компаниясынан техникалык жабдууларга 894 380 сом жана Жети-Өгүз курортунан скважина казууга делинген 750 000 сом бөлүнүп, анын дайны жок, текшерип, чара көрүп бериңиздер деген кайрылууңар ордун тапкан жок” деген жоопту Б.Жумаева, М.Кокушева, А.Сулайманова жана башкаларга берген.

А.Сулайманованын 2013-жылы жазган арызы боюнча 2014-жылдын 15-июлунан 24-июлуна дейре Эсептөө палатасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында эч кандай мыйзам бузуулар болбогондуктан, финансы полициясынын тергөөчүүсү Н.Артышева тарабынан 2014-жылдын 4-августундагы токтомунун негизинде кылмыш иш козгоодон баш тартылган.

Баса, Ысык-Көл облустук прокуратурасына жазылган арыз боюнча Жети-Өгүз финансылык бөлүмү тарабынан чарбалык, финансылык иш-аракеттери толугу менен текшерилип кынтык табылбаган, ошондой эле мыйзам бузуулар болбогондугу аныкталган. Эми, ушундай жалган арызчылардын кесепетинен ЖетиӨгүз курортунун башчылары да жадап бүтүшкөн. Тынымсыз ушак-айың жана чыгым алардын кыжырына тийген. Ошондон улам курорттун директору Айбек Исакматов Жети-Өгүз райондук прокуратурасына билдирүү жөнөткөн. Андан айрым урунттуу жерлеринен келтирели: “Мыйзамда белгиленген учурлардан тышкары адамдын макулдугусуз анын жеке турмушу тууралуу маалыматты жыйноого жол берилбей тургандыгын, бирок Жети-Өгүз курортунда отурукташкан Бакыт Керимбердиев жана энеси Арзыкан Сулайманова ЖетиӨгүз курортунун иштерине тиешеси жок, мекемеде иштебеген жарандар менен кызматтык абалыма тоскоолдук келтирип, жеке турмушум жөнүндө маалыматтарды жайылтуу менен менин укуктарыма жана мыйзамдуу таламдарыма зыян келтирип келишти. Жазган арыздары төгүндөлсө да А.Сулайманова уулу Б.Керимбердиев өзүн “Жаштар кыймылынын оппозициясынын лидеримин” деп, ЖетиӨгүз курортунун талаптарына каршы, мекемеге мыйзамсыз кирип, курортко эс алууга келген бейтаптардын жаткан бөлмөлөрүнө, ашканаларына чейин кирип, алардын тынчын алып, аларды тескери жолго үгүттөшүп, курортко келүүчүлөрдүн саны азаюу коркунучунда турат. Алардын бул жоруктары биздин кызматкерлердин жүрөгүн оорутуп, иштөөбүзгө жана сезимибизге тынымсыз залал келтирип жаткандыктан, мыйзам чегинде чара колдонуп берүүңүздү суранам”.

Бул сураныч орундалар деген ойдобуз.

Бирок прокуратура тараптан алиге жооп болбогондуктан, А.Сулайманова менен уулу мурдатан бери арыз жазууга үгүттөп алган М.Кудашова, Б.Ш.Жумаева, Ж.Аманбаева, В.Бөлөкбаева, Д.Аскарова өңдүүлөрдүн атынан Президент Сооронбай Жээнбековго, Премьер-министр М.Абылгазиевге, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын башчысы Н.Таировго арыз жолдошкон. Алардын бул чагымдары небак далилденбей калса да, эми бийлик башындагылардын тынчын алууга белсенишкен.

Ардактуу окурман, дартка дабаа издеп, Жети-Өгүз курортуна келген элем. Шүгүрчүлүк дейли, арашан суусу абдан жакты. Муун-жүүнүмө таасир этип, кыйла оңоло түштүм. Курорттун кызматкерлеринин ар бир адамга мамилеси жүрөк кубантаарлык. Аларга батамды үстөккө-босток бере бердим. Баталарым кабыл болсун!

Экинчиден, курорт жөнүндө узун элдин уучуна, кыска элдин кыйырына тараган ушактын чоо-жайын билдим: “Укпайт деп ушак айтпа, билбейт деп ууру кылба”. Ушак уккан жерде калсын, көргөн жерде көмүлсүн, агайын эл ынтымакта көгөрсүн!

Калканбай АШЫМБАЕВ,

Кыргыз эл жазуучусу, профессор

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *