Ош облусунда жер титирөө катталды

Ош облусунда жер титирөө катталды, — деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө бүгүн, 11-июлда болжол менен саат 04:36да Таджикистан Республикасынын аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Кыргыз Республикасынын Ош облусунун, Чоң-Алай районунун Карамык, Кара-Тейит айылдарында — 2 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Булак: Кабар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *