Аяни ЭГЕМБЕРДИЕВА, ырчы: “Ырдын сөзү же кайрыгы жакпаса, ырдабайм”

 Жыпар ИСАБАЕВА,“Кыргыз Туусу”  


Айрым учурда  “ырдап коюу” оңой-олтоң эле иш катары туюлушу мүмкүн. Бирок андай эмес. Чыгарма даяр болгуча эле канча түйшүк, канча мээнет, убарачылык, атүгүл  талаш-тартыштар жана канча бир каражат талап кылынат. Ар бир чыгарманын артында өзүнүн деңгээлине, өзүнүн шыбагасына таандык тарых-таржымалы болот.

Азыркы убакта «Тилегим» аттуу ыр жана клиби аркылуу элдин сүймөнчүгүнө ээ болуп калган Аяни  буга чейин деле ырдап, эл аралык сынактарда баш байгеге ээ болуп жүргөн. Мисалы,  ал 2016-жылы Кыргызстанда өткөн  “К POP-2016” корей ырларынын фестивалында алгачкы баш байгесин – Гран Прини жеңип алган.

Добушунун укмуштуудай бийиктиги, кооздугу жана диапазонунун кеңдиги менен эл аралык калыстарды таңдандырган Аяни дароо Корея мамлекетине ырчы катары конокко чакырылып, аталган мамлекеттин искусство дүйнөсү менен жакындан таанышып, ошол эле убакта бир канча шаарында өз концертин тартуулап келген.

Өзү жалбырактын дирилдегиндей назик туруп, керемет жана  кенен добушка эгедер Аяни Эгембердиева Бишкекте туулуп-өскөн жана бала кезинде өзү окуган  № 13 мектепте  окуп жүрүп, “Энгри Чипман” тобунун эң алгачкы солисткасы  болгон.

Быйыл Кыргыз медакадемиянын эң жакшы баа менен аяктады.

Окуу менен чыгармачылыкты бирдей айкалыштырган  кыздын тубаса талант-шыгына таң бербей кое албайсың.

“Мен ырдоонун алдында текстке жана обонго кылдат мамиле кылам. Эгерде сөз же кайрык көңүлүмө туура келбей калса, ырдай албайм. Азыр угармандар жакшы көрүп угуп жаткан “Тилегим” деген ырдын мелодиясын Сардарбек Жумалиев агай жазып берди. Ошондой эле текстин авторуна да терең ыраазычылык билдирем”, — дейт Аяни.

Аянинин ырдоого болгон талантын бала чагынан эле байкаган апасы Гүлмира Курдайбергенова эне катары, саяпкер-демөөрчү катары  болгон күч-кубатын үрөп келет. “Аянинин таланты мага же өзүнө эле керек эмес, аны менен биз кыргыз музыкасына салым кошуубуз керек”, — дейт эне.

Аяни өзүндөгү талантты адегенде анчейин деле этибарга албаганын, бирок Кореяга барганда угармандардын кабыл алуусунан улам өзүнө ишенгенин айтат. Ошондой эле ал: “Мен жалаң гана жакшы маанай бере турган, адамдарды кубанычка, жакшылыкка, сүйүүгө жетелеген ырларды ырдагым келчү. Кудай буюрса, жаңы жазылган эки ырым тең ушунай маанайда болду. Продюсерим менен “Тилегим” аттуу чыгармадан кийин “Сага барам” аттуу ырдын клибин тартып бүттүк. Аны да  жакында телеканалдардан көрө аласыздар”, — дейт Аяни Эгембердиева.

Ийгилик сага, Аяни.