“Атайын эсептин” алгачкы мектептери

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Орто мектептерди эң жакшы бүтүрүп жаткандарга берилүүчү Алтын сертификат – жогорку билим алууга болгон ийгиликтүү кадам. Мамлекет башчы белгилегендей, Кыргызстан билим берүүгө артыкчылык багыт берген өлкөлөрдүн катарына кирет. Кечээ жакында эле билим берүү тармагын колдоо үчүн Европа Биримдиги менен 35,7 миллион евролук келишимге кол коюлду.

Арийне, Кыргызстан антип сырт жакты эле карап отуруп калган жок. Мамлекет тарабынан билим берүү тармагын өнүктүрүүгө карата мүмкүн болгон колдоолор көрсөтүлүүдө. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча Бирдиктүү депозитке келип түшкөн эсептен билим берүү тармагын, же тагыраагы мектептердин кошумча имараттарынын курулушун каржылоо башталып, алгачкы транш бөлүндү. Элдин эсинде болсо керек, Президент коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында келип түшкөн каражаттар үчүн атайын эсеп ачуу жөнүндө Буйрукка 2018-жылдын 16-майында кол коюп, ошол эле жылдын июнунда Бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган болчу. Ошондон кийин мамлекет башчы мектептер менен таанышып жүрүп, бул эсепке түшкөн каражаттар өлкө аймагындагы жаңы мектептерди, кошумча корпустарды курууга багытталарын убада кылган.

Эми минтип 799,3 млн сом Чүй облусундагы, Бишкек жана Ош шаарларындагы 15 мектептин имараттарына кошумча корпустарды куруу үчүн бөлүндү. Бул тизмеге: Бишкек шаарындагы №12 мектеп-гимназия, №69 комплекс-гимназия, №54 орто мектеп, №18 орто мектеп, №59 орто мектеп, №72 мектепгимназия, №16 орто мектеп; Чүй облусундагы Новопавловка орто мектеби, Ат-Башы орто мектеби, Орок орто мектеби, Новопавловкадагы Ч.Айтматов атындагы мектеп, Төмөнкү – Ала-Арча мектеби, Кашка-Суу айылындагы Т. Актанов атындагы мектеп, Новопокровка айылындагы №2 Баранов атындагы мектеп; Ош шаарындагы №7 Нариман мектепгимназиясы кирген. Албетте, бул кубанычтуу көрүнүш. Минтип мектептерге кошумча корпустарынын курулушу дурус жөрөлгө эмей эмине. Калктын саны өсүп жатканына байланыштуу мектептер да жаңы окуу корпустарына муктаж экени мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мектеп окуучулары бир партага үчтөн отурбай, экиден отуруп билим алганга не жетсин. Окуучу кенен класста кенен отуруп окуса, келечекте алтын сертификаттардын саны да көбөйөрү бышык.