Кара-Суу районунун шаар курулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынын башчысы Марат ШАРИПОВ: «Мыйзам бузууларга катуу чара көрүлөт»

– Марат Тохтасинович, курулуш жана архитектура тармагы экономиканын өнүгүүсүнө түздөнтүз таасирин тийгизчү тармак болуп эсептелет. Андыктан, сиз жетектеген башкармалык дагы ошого тете кызмат кылышы кажет. Бүгүнкү күндө алдыга койгон плантапшырмаларды ишке ашырууга башкармалыктын мүмкүнчүлүгү жетиштүү элеби?

– Курулушту экономиканын локомотиви деп коёт эмеспи. Ал эми архитектурасыз курулуш болбойт. Азыркы күндө элет жеринде деле курулуш жанданып, сапатка артыкчылык бере башташты. Мындай шартта өзүнүн ишин билген дасыккан адистердин болушу өтө зарыл нерсе. Ошондуктан, башкармалыктын адистери бүгүнкү күндүн талабына жооп бере тургандыгын ишенимдүү айта аламын.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жайкоммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин курамындагы биздин башкармалык, архитектура, шаар куруу, курулуш, инженердик изилдөөлөр, инженердиктехникалык жана транспорттук инфратүзүмдөр, курулуш материалдарын, жабдууларды жана конструкцияларды өндүрүү, турак жай курулушу жана курулуп бүткөн объекттерди кабыл алууну уюштуруу тармагындагы мамлекеттик саясатты жүргүзгөн жана жөнгө салуучулук, көзөмөлдүк акцияларын аткарган мамлекеттик башкаруунун республикалык органы болуп саналат.

Башкармалыкта штаттык бирдик боюнча 73 адис эмгектенет. Анын ичинен 56 жогорку билимдүү, 17 орто билимдүү кесиптин ээлери иштешет. Башкармалыкта он бир бөлүм бар. Администрация тарабынан адистердин жемиштүү иштеши үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Кызматкерлерин ден соолугуна кам көрүүгө жана спортко кызыгуусуна өзгөчө көңүл буруп келебиз. Биздин кызматкерлерибиз жыл сайын Ысык-Көлдүн жээгинде эс алышып, ден соолугун чыңдап келгенге атайын жолдомолорду берип турабыз. Башкармалыктын кызматкерлери спорттун бир нече түрү боюнча республикалык, облустук мелдештерде байгелүү орундарды эч кимге бербей келишет. Кызматкерлердин маанайы жакшы болсо, алдыбызга койгон план-тапшырмаларды аткарууга дем берери талашсыз.

Анан дагы башкармалыкка келген жарандарды тейлөөнү жакшыртуу максатында “Бирдиктүү терезе” бөлүмүнө атайын өзүнчө имарат курмакчыбыз. Негизинен жарандарды зарыл документтер менен камсыз кылууда ыкчам жана сапаттуу тейлөө багытындагы иштерибиз талапка жооп берет десем болот.

– “Элет жеринде курулуш жанданып жатат” дедиңиз. Курулуштун кайсыл түрү көбүрөөк курулууда?

– Биздин райондун аймагында жеке турак жай курулушу катуу жүрүп жатат. Быйыл үч айдын ичинде эле 174 турак жай бүткөрүлдү. Дагы 3641 турак жай курулуп жатат. Калктуу пункттар кеңейип жатканына байланыштуу, тилекке каршы, инфратүзүмдөрдү жакшыртуу ойдогудай эмес. Бала бакчаларга болгон элдин сурооталабы көп. Район боюнча 63 мектепке чейинки билим берүү мекемеси бар. Анын ичинен сегизи мектептердеги бош имараттарда уюштурулган. Ошондой эле муниципалдык мекемеге тешелүү жана айыл аймактарындагы бош турган имараттарды бала бакчага ылайыктап куруу иштери жүрүүдө.

– Бүгүнкү күнгө чейин курулуш курууга уруксат алган тараптардын санын билүүгө болобу?

– Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен жарыяланган “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына” карата райондун аймагында бир топ иш-чаралар ишке ашырылып жатат. Ушул иш-чаралардын алкагында курулуш тармагы боюнча плантапшырмаларды белгилегенбиз. Отчеттук мезгилдин аралыгында район боюнча 33 курулуш обьектисине уруксат алышты. Анын ичинен 1 –көп кабаттуу турак жай, 3 – мектепке чейинки билим берүү мекемеси, 1 – амбулатордук-бейтапкана, 28 – коммерциялык багыттагы курулуштар.

Жеке ишкерлердин эсебинен 28 орто жана чакан бизнес тармагынын курулуштары жүрүп жатат. Райондун жол боюндагы инфратүзүмдөрүн жакшырууга өбөлгө түзгөн, техникалык тейлөө кызмат бар, 4 май куюучу жай курулууда. Кызыл-Кыштак айыл аймагындагы ЖаңыТурмуш айылына МДФ курулуш материалын чыгаруучу цех курулуп жатат. Ташты кайра иштетүүчү цех ачуу үчүн ушул эле айылдагы өндүрүштүк имаратты кайра курушууда. Шерали айыл аймагындагы Сары-Колот айылында суткасына 20 миң даана кыш чыгаруучу завод ишке киргени турат.

– Сиздердин райондун аймагында Фергана өрөөнүнө белгилүү ири соода түйүнү – базар иштейт. Мына ушул базардын аймагы башкы планга дал келеби? Жарандардын коопсуздугу үчүн курулуш иштеринде кандай чаралар көрүлөт?

– Кара-Суу районунун аймагындагы базардын жалпы аянты 18,45 гектарды түзөт. Анын ичинен 18,18 гектары Сарай айыл аймагына, 0,27 гектары Савай айыл аймагына карайт. Базардын 20 гектарынын башкы планы “КНИИП шаар курулуш” мекемесинин Оштогу филиалы тарабынан иштелип чыгып, КРнын Мамлекеттик куру луш агенттигинин шаар курулуш кеңешинин жана Савай айылдык кеңешинин сессиясында бекитилген. Бүгүнкү күндө базарда 150 субьект өз алдынча чарба жүргүзүү ыкмасында иштешет. Беш миңден ашык адам соода менен алек болуп келишет. Базар күндөрү 40 миңдеген адам соода кылып кетишет. Базарда соода кылгандарга ыңгайлуу шарт түзүү жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында башкы планды ишке ашыруу боюнча атайын пландуу иш-чаралар өткөрүлүп турат. Анан дагы өз алдынча, уруксаты жок куруп алган курулуштарды Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн атайын комиссиянын чечими менен сүрдүрүп жатабыз. Унаа тыгынды азайтуу, элдин каттоосуна ыңгайлуу болушу үчүн Кара-Суу шаарындагы ири базардын маңдайындагы Ленин көчөсүнө жер алдынан өтүүчү өтмөк курулуп жатат.

– Марат Тохтасинович, мыйзам бузууларга кандай чараларды көрөсүздөр?

– Мыйзам бузууларга, албетте, катуу чара көрүлөт. Быйылкы жылдын алты айынын ичинде 121 турмуш-тиричилик жактан калкты тейлөөчү жана коммерциялык багыттагы обьектилердин мыйзам бузуулары аныкталып, 12 обьект жок кылынды. Жеке менчик турак жай курулуш секторунда 347 мыйзам бузган факты катталып, анын 9 обьектиси сүрдүрүлдү. Бул иш-чаралардын бардыгы КРнын мыйзамдарында каралган талаптар боюнча ишке ашырылууда. КараСуу районунун аймагы боюнча өз алдынча курулуш баштаган 468 обьектиге алдын ала эскертүү берилди.

Биздин башкармалыктын адистери учурда өзүнө жүктөлгөн милдеттерди так аткарып, өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшай бермекчи.

Наргиза КАЗАКБАЕВА