Жаратман Бейше Жапаров жалпыбызга үлгү

Мен бүгүн сөз кыла турган инсан — өткөн кылымдын ортосунан баштап дээрлик 50 жыл бою мамлекетибиздин ар тараптан өнүгүп өсүшүнө, калкыбыздын жашоо шартынын оңолушуна жалындай жаштыгын, бүт өмүрүн арнаган кыргыздын чыгаан эр азаматтарынын бири агабыз Жапаров Бейше Жапарович жөнүндө болууда.

Бейше Жапарович Кара-Кулжа (мурдагы Совет) районунда мектептин мугалими, завучу, директору, райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси, райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары жана төрагасы, кийинки жылдары партиянын Өзгөн, Тоң райондук комитеттеринин биринчи катчысы, союздук маанидеги ардактуу эс алууга чыккандан кийин Ысык-Көл облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп эмгектенген.

1955-1956-окуу жылында КМУнун физикаматематика факультетинин 4-курсунун студенти элем. Каникул учурунда айылга бара жатып ОшКара-Кулжа жолундагы Мырзаке айылында Бейше Жапаровичке жолугуп алгачкы ирет таанышкам. Ошондо узун бойлуу, келбеттүү, мамилеси жагымдуу, кичи пейил, мээримдүү адам катары таасир калтырды.

Окуумду бүтүрүп келип Кара-Кочкор айылындагы Фрунзе орто мектебинде мугалим болуп эмгектендим. Партиянын райондук комитетинин 1-секретары Абдыш Сакебаев, райондук аткаруу комитетинин төрагасы Бейше Жапаров иштеген учур эле. 1959-жылы партияга кабыл алынып, райондук жаштар (комсомолдор) уюмунун жетекчиси болуп шайланып, жогорудагы аттары аталган агайларымдын камкордугу астында ишимди аткара баштадым.

Көп убакыт өтпөй райондо партиялык жана чарбалык чоң актив өткөрүлдү. Ага ошол кездеги Ош обком партиясынын 2-секретары Урманбет Абдыгулов жана облустук КГБнын начальниги полковник Ажыке Кутманалиев (кийинчерээк генерал-майор наамын алган) катышкан.

Жыйында Абдыш Алымкулович жана Бейше Жапарович демилге көтөрүшүп чоң масштабдагы жол куруу маселеси каралды. Тактап айтканда, Кара-Кулжа – Ылай-Талаа – Чалма – Буйга – Кызыл-Байрак – Чакан-Таш жолу Тар дарыясынын тескей жагы менен бойлобостон, күңгөй жагы менен жол салуу маселеси коюлду. Райком партиянын бюро мүчөлөрү Атабаев Кантөрө, Бейшенов Жакшылык, Токтосунова Лайлихан жана башкалар бул демилгени колдошту. Болочок жолдун долбоордук-сметалык документтерин түзүп, аны иш жүзүнө ашырылышын облустук жана райондук жол башкармаларына, райондук комсомол комитетине тапшырылды.

Натыйжада жалпы элдин колдоосу менен Кара-Кулжадан алыскы Алайкууга жол салынып, тоолуктардын экономикалык жана социалдык көйгөйлөрүн чечүүгө шарт түзүлдү. Мындан тышкары бул долбоордун дагы бир стратегиялык маанилүү максаты Кытай Эл Республикасына каттоону жандандыруу эле.

Бейше Жапарович жергиликтүү айыл аксакалдары менен баарлашканды жакшы көрчү. Мисалы 1-май айылынан Алиш, Кара-Кочкордон Мала, Чалмадан Беделбай, Кара-Кулжадан Кулмамат жана башкалар менен тыгыз мамиледе болуп, элдин тарыхын, каада-салтын, баалуулуктарын билип, көйгөйлөрүн чечүүгө аракет жасачу.

Бейше Жапаровичтин райондун чыгармачыл интеллигенттери менен дагы мамилеси мыкты эле. Мисалы, эл акыны Сооронбай Жусуев, эмгек сиңирген артисттери Рысбай Абдыкадыров, Жеңишбек Шамшиев, эл мугалими Мамады Байымбетов, эмгек сиңирген врачтар Калык Асанов, Истамакун Ибрагимов, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Токойлук Оморкулов, билим берүүнүн мыкты кызматкери Дүйшөнбай Туратовду жана башкаларды атасам болот.

Бейше Жапаровичтин жетекчилик мезгилинде районубузга көп мектептин жаңы окуу корпустары, борборлоштурулган оорукана салынган. Көрөгөч, жетекчи катары Кара-Кулжа районунун мектептеринде эмгектенген алдыңкы директор, завучтарынын арасынан чарба жетекчилигине Шөкөн Токтосу новду Карл Маркс атындагы колхоздун парткомунун секретарлыгына, Бакалбай Эркинбаевди Калинин колхозунун парткомунун секретарлыгына, Уруят Боронбаеваны Чалма айылдык кенешинин төрайымдыгына, кийин райком партиянын секретарлыгына сунуштаган.

Бейше Жапаров райондо жетекчи болуп турганда бирге иштешкен Мариш Баатыров, Осмон Арыкбаев, Алмас Субанов, Саип Көкөев, Акимжан Жаңыбаев, Эргеш Осмонов, Шарип Жээнбеков өңдүү кадрлардын эмгектерин жогору баалачу. Алардын артынан жол улаган Бейше Жапаровичтин тарбиялап өстүргөн кадрлары Шекен Курмантаев, Расулберди Маметов, Орозбек Акимбаев, Касымбек Сооронкулов, Абдрасул Исманов сыяктуу көптөгөн жетекчи кызматкерлер эл үчүн ак эмгегин өтөп келишет.

1960-жылы октябрь айында Кара-Кулжада облустук масштабдагы малчылардын жыйыны өткөнү эсимден кетпейт. Слётко Ош облустук аткаруу комитетинин төрагасы А.Сүйүмбаев, обком партиясынын секретары М.Исмаилов, обкомдун айыл чарба бөлүмүнүн башчысы С.Турсунов жана обком комсомолунун секретары катары мен да катышкам. Жыйында сүйлөгөн сөздөр, айтылган каалоотилектер, эмгектин алдыңкыларына тапшырылган сыйлыктар, баалуу белектер катышуучуларга майрамдык маанай жаратып, элдин демине дем кошуп, келечекте социалисттик коомдун өнүгүшүнө өбөлгө болду.

Ош облусунда райондор биригишкен мезгилде Бейше Жапарович Өзгөн райондук аткаруу комитетинин председатели, кийин райком партиясынын 1-секретары болуп шайланган. Бул райондо иштеген мезгилдерде күчтүү кадрлар менен бирге иштешип жүргөн. Аларга Өзгөн совхозунун директору Сами Каримов (экономика илимдеринин кандидаты), Жазы совхозунун директору Акматов Маматали (айыл чарба илимдеринин кандидаты), Өзгөн токой чарбасынын директору Жээнбеков Маматкадыр (эмгек сиңирген токойчу), Куршаб совхозунун директору Жоробаев Икрам (эмгек сиңирген агроном) жана башка бир топ алдыңкы жетекчилерди кошсо болот.

Кийинки жылдардан Бейше Жапарович ЫсыкКөл облусунун Тоң райком партиясынын 1-катчысы болуп 15 жыл ийгиликтүү иштеди.

Бейше Жапарович кызмат өтөгөн райондор бир топ жолу “Социалистик мелдештин” жеңүүчүлөрү болуп Союздун, республиканын Кызыл-Туулары менен сыйланган.

Бейше Жапарович Тоң районунда иштеп турган кезинде үйүндө эки жолу үй-бүлөбүз менен чогуу конок болдук. Биринчи жубайы жеңебиз Анаш Аютовна кесиби боюнча мугалим, адамгерчилиги өтө бийик, меймандос, дайыма дасторкону жайылган, аккөңүл аялзат эле. Тагдырдын буйругу менен Анаш жеңебиз каза болгондон кийин, Бейше Жапарович кесиби боюнча врач Гүлүман жеңебизге үйлөндү, Максат жана Тилек аттуу эки перзенттүү болушту. Биз Ысык-Көлгө барганыбызда алар мектеп жашында эле. Гүлүман жеңебизге, эки перзентине келечекте бакыт жана узун өмүр каалайбыз. Жакшы кишинин, жакшы инсандын эмгеги, бийик адамгерчилик сапаттары эстен чыкпайт экен. Бейше Жапарович быйыл көзү тирүү болгондо 90 жашка чыкмак. Мен үчүн агабыздын мамлекетке, элине жасаган кызматы нар көтөргүстөй сезилет. Анын аткарган жумушу, адамга жасаган мамилеси, камкордугу, жетекчилик методдору, принципиалдуу позициясы келечек жаш кадрлар үчүн үлгү жана өрнөк.

Бул инсандын жарым кылым убакыт ичинде жөнөкөй адамгерчилик мамилеси менен ондогон ага-инилерге ээ болуп, жетекчи кадрларды тарбиялап, кадыр-баркка, сый-урматка татып, иштеп кеткен райондордун жана шаарлардын социалдык-экономикалык өсүшүнө кошкон салымы келечек кадрлар үчүн үлгү болуп кала берет.

Шамши ИСМАИЛОВ, Кыргыз Республикасынын билим

берүүсүнүн эмгек сиңирген кызматкери жана отличниги,

эл аралык «Руханият» сыйлыгынын лауреаты,

физика-математика илимдеринин кандидаты,

профессор, персоналдык пенсионер