Көчмөндөр оюндарына даярдык кандай?

Козубек ИМАНКУЛОВ, «Кыргыз Туусу»


Көчмөндөр оюндары Таласта сентябрдын ондорунан кийин өтөөрү мерчемделген. Иш чара беш күнгө созулаары болжолдонууда.

Оюндарды Талас жергесинен өткөрүү эмне үчүн тандалды деген суроо жаралбай койбойт. Көчмөндөр оюнун улуттук форматта аймактарда өткөрүү өткөн жылдын соңунда өлкө Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан демилгеленген. Аймактарда өтүүчү Көчмөндөр оюнунун “тушоосун кесүү” “Манас» эпосунун тарыхый мурастары катылган Талас жергесинен башталганы да символикалуу. Жакында вице-премьер министр Алтынай Өмүрбекова уюштуруу комитетинин төрайымы катары тийиштүү министрлер жана дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгынын жетекчилери менен Таласка келип, облустук актив менен жолугуп, иш чаралар өтүүчү жайлар менен таанышып чыкты.

Талас облустук капиталдык курулуш башкармасынын начальниги Улан Нуралиевдин маалыматы боюнча Манас ордо комплексине скважина курулуп, таза суу системасы керектүү точкаларга чейин тартылат. Ал эми спорттук оюндар өтүүчү Талас шаарындагы Р.Алканов атындагы ат майдан түп ордунан бери кайра курулуп, оңдоп-түзөөдөн өтмөкчү.

Жалпысынан көчмөндөр оюнуна республикалык бюджеттен 50 миллион сом бөлүнүп, анын 30 миллион сому курулуш иштерине жумшалат.