Спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында

Таиланддын Чонбури шаарында спорттук күрөштөрдөн жаштардын Азия чемпионаты өтүп жатат.

Анын алкагында грек-рим күрөшү боюнча 10 салмак даражасы боюнча медалдардын 10 комплекти ойнотулат. Кыргызстандык 10 спортчу 55 килограммдан 97 кг чейинки бардык категорияларда күч сынашууда. Башкы машыктыруучу – Шухрат Ушуров.

77 килограмм салмакка чейинки балбандар арасында күч сынашкан Акылбек Талантбеков өзбекстандык жана кытайлык спортчуларды жеңип, финалга жолдомо алган. Ал эми чечүүчү беттеште ал ирандык балбан менен беттешип, утулуп калды. Жыйынтыгында кыргыз балбан күмүш медаль тагынды.

67 кг салмактагы Нуржигит Кеңешбек уулу күмүш медалды жеңип алды. Ал кореялык жана өзбекстандык балбандарды тизе бүктүрүп финалга чыккан болчу. Акыркы мелдеште ирандык спортчуга биринчиликти алдырып койду.

Ушул Азия чемпионатына эркин күрөш боюнча кыргызстандык 4 балбан кыз катышууда: 57 кг чейинки салмакта – Нураида Анаркулова, 59 кг чейин – Назира Марсбек кызы, 62 кг чейин – Айбике Артыкали кызы, 68 кг чейин – Мээрим Жуманазарова.

А. ЭСЕНОВ