Акындын ыры – анын адамдык парасатынын, акыл-эс көрөңгөсүнүн, ички жан дүйнөсүнүн күзгүсү…

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”


Башталышы өткөн санда

Ар бир доордо адам жана мезгил, акын жана чындык маселеси кабыргасынан турат. Алыкулдун айтылуу “Атажурт” тууралуу ырын айталы. Бул ыр атажурт тууралуу керемет ыр экени талашсыз. Мекенин, атажуртун сүйүп ыр жазган акын Алыкулдай жазыш керек. Акындын «Атажуртун» окуганда жүрөк титиреп кетет. Бирок, бүгүн Алыкулду туурап, акын болобу, адам болобу: “Суугуңду өз мойнума алайын, / Сен ооруба, мен ооруюн атажурт” деп өзүнө өзү каргыш айтып, касам ичүүнүн кажети жок. Мектеп окуучуларына жаттатып, улам-улам кайталатуу да зарыл эмес. Атажурттун суугун өз мойнуна алып, Алыкул ооруду, башкабыз оорубайлы, бир адам жанын берди, калганыбыз өлбөйлү, ансыз да кыргыздар азбыз. Кыргызстан үчүн баарыбыз жана ар бирибиз керекпиз. Атажуртка дени соо адамдар керек, мындан ары акындар атажуртун азабын тең бөлүшкүсү келсе, аны башкача деле айтса болот.

Маселен мен:

“Кыргыздын бир гана Атажурту бар. Ал – Кыргызстан… Манас атанын жери… Кыргызстан: бир мамлекет – бул мен, сен жана ал: баарыбыз жана ар бирибиз!!! Атажурттун тагдырында ар бирибиздин тагдырыбыз бар –

Атажурттун тагдырында ар бирибиздин ырыскы-кешигибиз, бактыбыз бар. Атажурттун тагдырында ар бирибиздин ар-намысыбыз, абийирибиз, тарыхыбыз бар.

Кыргызстан кыйналып тур… кыйынчылык баарыбыздын башыбызда бар…

Бирок, ал утурумдук сыноо мекенге кыянаттык кылуу үчүн шылтоо, себеп болбош керек.

Манас менен бир тууган болсо дагы, Абыке-Көбөштөрдүн журту бөлөк,

Эч ким өзүн Көзкамандардын тукумумун деп мактана да, атүгүл үн чыгарып айта да албайт.

Чыккынчылыкты даңазалоо эле эмес, чыккынчылыкты актоонун өзү да жетесиздик… Тексиз адамдар гана мамлекеттен уурдайт, жулат, элден алат, алдайт, же карактайт”, – деп кыйналган атажурттун тагдырында ар бирибиздин тагдырыбыз бар экенин, атажуртка кыянат кылуу менен өзүбүзгө кыянат кыла турганыбызды, Манас менен бир тууган болсо да, Абыке-Көбөштүн журту башка экенин жаздым. Эмнеси жаман??! Менин жеке пикиримде, атажурт тууралуу жазганда, жүрөктү калбыр кылып, жаныбызды садага чаба берүүнүн кажет эмес. Анда эле Алыкулду кайталап, аны карандай туурап калган болобуз.

Ырдын ыр болушу үчүн, уйкаштык гана жетишсиз болгондой, акын болуш үчүн карандай талант эле аздык кылат. Акынга тагдыр керек жана тагдыр тар түшүнүк эмес. Акын өзүнүн тагдырын, өз элинин, атажуртунун тагдырын, өзү жашаган доордун тагдырын ыр сабында айта алганда, ал ыр чыныгы поэзияга айланат. Албетте, ар бир акын өзүнүн “акындык тагдырын” акыл-эс чабытынын кенендигине турмуштун түшүнүктөрүнүн тереңдигине таянып чагылдырат, айтат. Жакшы акындын ырында – ал акындын, акындын атажуртунун, элдин тагдыры, анын кубаныч-кайгысы, үмүт-тилеги гана айтылып тим болбойт, акын аккан дүйнө тууралуу ой толгойт, өмүрдүн аздыгына өкүнөт, адамдын кайгысы менен кубанычына себепкер болгон өмүр менен өлүмдүн түбөлүк кармашынын сырын билгиси келет. Тирүүлүктүн не бир укмуш сырлары козголот. Акындын ырынын кайталангыстыгы ушунда.

Айтылуу алтын жаак, жез таңдай ырчы Үмөталы “Аккан дүйнө” аттуу ырында: “Күнөстүү тоонун бооруна,

Кызарып барып күн батып…

Агарган тоонун учунан,

Агарып аппак Ай чыгып…

Күн сайын күн-түн алмашат,

Агын суу адам өмүрү,

Бечара адам баласы,

Өлбөйүн деп жармашат.

Кубанчынан кайгы көп,

Таттуусунан ачуусу

Күлкүсүнөн көз жашы

Бири күлсө, миңи ыйлайт.

Бирок, анысына мейли эле

Адам өлбөс болсочу…” – деп өмүр менен өлүмдүн түбөлүк күрөшү адамзатын кайгыга салган, тирүүлүктүн мыйзам ченемдүүлүгү экендиги, мындан эч кайда качып кете албастыгыбыз, аккан дүйнөдө бири күлсө, миңи ыйлаган нерселер көптүгү тууралуу ой толгогон.

Өмүр менен өлүм темасы — түбөлүктүү тема. Дегеле, адам баласынын турмушунда абалтадан акыл карытып келаткан темалар саналуу эле. Философтор да, жазмакерлер да жашоо жаралгандан өмүр менен өлүм, кайгы менен кубаныч, сүйүү менен жек көрүү, адамдын турмушу жана анын жашоосунун маңызы, түбөлүктүүлүк, утурумдук, ар менен намыс, абийир, чындык менен жалган ж.б. сыяктуу соболдордун айланасында баш оорутуп, жооп издеп, кийинки муундагылардын энчисине мурастап келет.

Бул суроолордун так жообу, далилденген төгүндөлгүс чындыгы, формуласы болбогон соң, ага кандай жооп берет, бул темаларды кантип, кандай чагылдырат бул маселе ар бир чыгармачыл адамдын жеке иши. Бул ар биринин көркөм ой жүгүртүү образына, чеберчилигине, чыдамкайлыгына, өжөрдүгүнө, байланыштуу. Эгер, чыгармачыл адам изденгич, бет алганынан кайра тартпаган көк, өжөр болсо, анда анын жазгандары (айткандары) окуган адамды таңгалдырат, уккан адамды тамшандырат, акыл-эсин солк эттирет, кимде ким жалкоолонсо, башын оорутуп кыйналгысы келбесе, акын башкаларды кайталап тим болот, тажатма ойлорду жазат, анын жазгандары канчалык кынтыксыз болбосун, эч кимди кызыктырбайт. Айрымдары ошол буга чейинкилерди да дурус кайталай албай, тантык ырларды жазат, себеби, аларда талантты айтпайлы шык да, жок дегенде эмгекчилдик да жок, соңку адабият тантык, сабатсыз чыгармаларга толуп баратканы ошондон.

Адабиятка жаңыдан аралашкан жаш талапкерлерге өзүнө чейинкилерди тууроо, сокур кайталоо мыйзам ченемдүү жана кечиримдүү көрүнүш. Арийне, жаштар эмес, Кыргыз эл акыны наамын алып, Мамлекеттик сыйлыктарды багынтып, төшкө орден таккандар да баштагыларды кайталап, туураганы аз келгенсип, өзүн өзү кайталап, өз ырына өзү чалынган учурлар аз эмес. Мурда андайларды халтурщик деп, алардын жараткандарын халтура дешчү.

Акыркы жылдарда күнүмдүк турмушубузга “генно-модицированный” — ГМО деген түшүнүк аралашты. Халтура чыгармаларга халтурага караганда, мына ушул ГМО деген түшүнүк дал келеби деп турам. Адатта, ГМО азыктардын сырты көз жоосун алганы менен даамы жок экени аз келгенсип, адамдын ден соолугуна кызылдай зыян экенин илим капкачан далилдебедиби. Анысы кандай, ГМО ырлардын ар бир сабында мекен, атажурт деген түшүнүктөр кыйкырып турган менен, андай куру кыйкырыктар, кургак ураандар, көкүрөктү ургулай берүү ырга болгон табитти өлтүрөт, сулуулукка, улуулукка болгон сезимди, көңүлдү кайт кылат. ГМО азыктар улуттун ден соолугун бузуп жатса, ГМО ырлар улуттун акыл-эсин талкалайт.

Ушул өңүттөн алганда соңку чейрек жылдарда ГМО ырлар арбып баратат, “трибун” акындардын мууну пайда болду. Жогоруда белгилеп кеткендей, ГМО ырларды адабиятка жаңыдан баш баккан жаш талапкерлерге караганда, улуу муундагы калеми такшалып калган акындар көбүрөөк жазууда. Бул ырларда бир карасаң баары жакшы. Баары ордунда турат. Мекен, мекенчилдик, улут, атажуртту сүйүү деген түшүнүктөр ырдын ар сабында кыйкырып турат. Бул ырлар окурмандарга караганда, угармандарга ылайыкталып жазылгандыктан, мындай ырлар угармандарды да өзүнө тартат, дүркүрөтүп кол чаптырат, “бали” дедиртип кыйкыртат, зал толтура элди жыйнайт, андай ырлардын окурмандары да табылат. Бирок, бул бир азгырык гана. Андай ырларды окуй бересиң, окуй бересиң да, куду ГМО азыктарды жегендей абалда каласың. Маселе мына ушунда.

Ыр жазуу ар кимдин жеке иши. Кимге эмне жазууну таңуулай албайбыз. Болгону ким эмне тууралуу жазбасын, ал ырдын сырткы көрүнүшүнө: уйкаштыктарга, ураандарга, кооз сөздөргө эмес, ойго көбүрөөк басым жасаш керек дээр элек. Мүмкүн болушунча, мейли уйкаштык куроодо болобу, же ойду айтуудабы, башкаларды туурабай, жаман да болсо, өзүнүн стилин табыш керек. Өзүнө таандык уйкаштыктарды табууга, өзү тапкан ойлорду айтууга тийиш. Акын чеберчиликке бир же эки ыр жазып эле жетише албайт. Чеберчилик эки-үч китепчелик ыр жазгандан кийин өзүнөн өзү келет. Уйкаштыруу, ойду берүү чеберчилиги менен кошо өзү каалайбы же жокпу, өзүнө өзү машуурлануу, өзүн өзү кайталоо, башкалардын оюн уурдоо, аны башкача өңүттөн жазуу адаты пайда болот да, ал адат өнөкөткө айланат. Чыгармачыл адамдын трагедиясы мына ушул жерде, качан акын үчүн ыр жазуу, ыр уйкаштыруу түккө арзыбаган жумушка айланганда, ал ыр жаратууга мурдагыдан да жоопкерчиликтүү мамиле жасап, том-том кылып ыр жазуудан качпаса, ал өзүнүн туткунунда калат. Өзүнө өзү машуурланган акын ыр чыгарган станокко, СТАНОК АКЫНГА айланат да, тор зым токугансып, ГМО ырларды токуй берет. Көптөгөн акындардын трагедиясы — алар күндөрдүн бир күнүндө станок акынга айланып калгандыктарын билишпей, “станокторун” тынымсыз шакылдатып иштетип, ыр токуй беришкендиктеринде. Бул башкаларга караганда, тиги акындын өзүнө зыян. Бул поэзияга эмес, өзүнө жасаган кыянаттык. Акыркы жылдарда улуттук поэзияда ата мекенге, атажуртка арналган ырлардын бүтүндөй бир түрмөгү пайда болду. Жашыбы же карысыбы мекен үчүн өмүрүн берүүгө даяр, президенттерге айбат айтышат, элге күйүшөт, ал ырларда уйкаштыктары, ойлору деле, баары тургандай, бирок, бир гана нерсени, чындыкты таба албайсың. Эч убакта элге жер сабап күйбөйт, карандай уйкаштыктарды тизип, мекенчилдигин билдирбейт, үйүндө жатып алып, кагаз бетинде баатыр болбойт.

Поэзия көзгө көрүнбөгөн, колго кармалбаган нерсе. Аны көз менен көрүп, кулак менен угуп, кол менен кармалоо аздык кылат, аны жүрөк менен тыңдаш керек. Бул биринчиден, экинчиден, ыр, ыр жаратуу акындан чоң күчтү, болгондо да бардык эле адамдарга бериле бербеген күч-кубатты талап кылат. Себеби, акын адамга табият, Теңир аябагандай зор күч берет. Ошондон улам, акындар өзүнө өзү сыйбай, оргу-баргы, дейди жашап, айрымдары өзүнө өзү алы жетпей, өзүн өзү ооздуктай албай, көчөгө чыгып, аялдардын ушагына айланганы ошондон. Же бир жеринен кемигенсип, бир нерсесин жоготконсуп, бүтүн эмес, жарым-жарты, өмүр бою бир нерсени издеп жашайт. Аны айланасындагылар дайым эле түшүнө бербейт. Атүгүл акын адам өзүн өзү түшүнбөй, өзүн өзү аңдай албай өтөт.

Теңир берген күчтөн улам өзүнө өзү сыйбай турган акынды сыртынан көргөндөр чалпоо мүнөз, кыялы чатак неме катары ойлошу ыктымал. Барчынбек Бугубаев деген акын досум бар эле. Студент кезибизде таанышып, чыгармачылык түйшүктү бир тартып, поэзиянын ысык-суугуна күйүп, чогуу жүрүп калдык. Ал экөөбүздү байланыштырган ыр дүйнөсү болчу. Анын менден да жакын достору бар эле, алар менен эмне тууралуу сүйлөшчү аны билбейм, экөөбүз ырдын тазалыгы, чыныгы поэзия тегерегинде көп талашып-тартышар элек.

Ал атасы Асанбектин балбан адам болгонун айтчу. Өзү да балбан, эр жүрөк, эр көкүрөк эле. Өзү бирөөгө өйдөсүнүп тийишчү эмес, эгер башка бирөө катылса, мушташкандан качканын көрө албадым. Көчөдө эле тааныбаган бирөөлөр бирөөгө кырдуусунуп, муштумун кезеп жатса, качып же басып кетпей, ортого түшө калып, алсызына жардам берчү. Бирөө бирөөнү төбөлөп сүйлөп жатса, четте укмаксан боло, карап турчу эмес. Анын ырлары да өзүнө окшоп, эр көкүрөк, руху күчтүү ырлар болчу. Тубаса акын эле. Анүчүн ойду көркөмдөп, көркөм образга, көркөм сөзгө айландырып, ыр жазуу анча кыйынчылык жаратчу эмес. Ал көчөдө басып баратып да, бирөө менен сүйлөшүп жатып да, бирөөнү тиктеп туруп деле, тамеки чегип да көкүрөгүндө ыр жаза берчү. Башкалар анын ыр жазып жатканын байкачу эмес.

Анда талант да, акыл да, эс да, эр көкүрөктүк да, баары бар эле. Анын акын катары мүмкүнчүлүгү кенен болчу. Барчынбек Бугубаев досум кыргыз поэзиясынын бир чокусун аныктаган ыр генийи болобу дедим эле, арийне, акын катары толук ачылбай калды. Ал өзүндөгү Теңир берген, табият тартуулаган көкүрөгүнө сыйбаган күчтү поэзияга арнай алганда, анда башкача болмок. Ал Теңир берген талантын ача албай кетти. Буга үй-бүлөлүк, турмуштук, жеке пенделик жагдайлар себеп болду көрүнөт. Бул албетте өкүнүчтүү.

(Уландысы бар)