Балдарга жаңы бакчалар

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда быйыл тургузулуусу белгиленген беш балдар бакчасынын ичинен эки бала бакчанын курулушу башталды. Кеңеш жана Бешик-Жон айыл аймактарында түптөлүп жаткан социалдык бул имараттар республикалык казынанын эсебинен тургузуларын райондук мамлекеттик администрациянын сектор башчысы Сагындык Кудайбердиев кабарлады.

Анын билдирүүсү боюнча, Кеңеш айылындагы жүз орундуу балдар бакчанын курулушуна жарыяланган 35 миллион 179 миң сомдук тендерди жоопкерчилиги чектелген «Ошкоопкурулуш» компаниясы 24 миллион 272 миң сом баа менен уткан. Өткөн жумадан бери жүргүзүлүп жаткан ишке ал каражаттын 8 миллион сому бөлүнгөн. Кеңеш айыл аймагында 33 миңден ашуун калк жашайт. Аймакта он төрт мектеп, беш балабакча иштейт. Кеңеш айылындагы жакшы ишке удаа эле райондун Б е ш и к — Ж о н айыл аймагынын Жон айылында да балдардын жаңы бакчасынын жер пайы өткөн аптада түптөлүп бүттү. Жергиликтүү тургундардын айтымында, бул айылда да балдар бакчасы жетишсиз.

– Бизде да ушул мезгилге чейин балдар бакчасы тартыш. Наристелерибизди ижарага алынган “үй-бакчага” жиберебиз. Ал “үй-бакча” кенжетайларыбыз үчүн тардык кылат. Андан ашкан чүрпөлөрүбүздү коңшу айылдагы бакчаларга автоунаа жалдап, жеткиребиз. Балдардын жаңы бакчасынын курулушу – бизди, албетте, кубантат. Менин үч неберемдин ичинен бирөө гана бакчага барат. Калганы орундун аздыгынан үйдө тарбияланат. Мындай көйгөй бир эле биздин үйбүлөдө эмес, көптөгөн айылдаштарыбызда да бар, – деди Жон айылынын тургуну Мавлюда Сатыбалдиева.

– Кошумчалай турган болсок, – дейт райондук мамлекеттик администрациянын сектор башчысы С. Кудайбердиев, – Базар-Коргон районунда 65 мектеп, 37 бала бакча иштейт. Быйыл тургузулаары белгиленген беш бала бакчанын ичинен ушул экөөнүн курулушун бүтүрүү жагы көздөлүүдө. Райондо мектепке чейинки билим берүү уюмдарында төрт миңге чукул наристе тарбияланат.

Жогоруда аталган курулуштарды түптөөнүн учурунда Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Айбек Бегимкулов, Жогорку Кеңештин депутаты Таалайбек Масабиров жана райондун Кеңеш, Бешик-Жон айыл аймактарынын жергиликтүү тургундары болуп, күлбото куюшту.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ