Бекташ ШАМШИЕВ, филология илимдеринин кандидаты, журналист: «Бардык эле өлүм армандуу, бирок Мокеники өзгөчө армандуу болуп калды…»

Бир нече күн мурун Көкөмерен суусуна Чүй облустук администрациясынын аппарат жетекчиси Молдакун Абдылдаев үй-бүлөсү менен бараткан унаа түшүп кеткен. Машинада жубайы, уулу, небере кызы жана айдоочусу болгон. 6-июлда маркумдар М.Абдылдаев жана анын небересинин, айдоочусунун сөөгү жерге берилип, жубайынын сөөгү 10-июлда табылды. Уулу изделүүдө. Эскерте кетсек, кырсык 30- июнь күнү Кызыл-Ой менен Кожомкул айылынын ортосунда болгон. Ал эми ӨКМге билдирүү 2-июль күнү саат 10дор чамасында түшкөн. Маркум Молдакун Абдылдаевдин кызы Индиранын айтымында, атасы 28-июнь күнү Ат-Башыга апасынын эстелигин коюп, 30-июнда таңга маал Кожомкулдун 130 жылдыгы өтүүчү Суусамырга бара жаткан. Жан кейиткен каргашалуу окуянын курмандыктары болгон үй-бүлөнүн тагдыры кимди болбосун кайгыртып, өксүккө салууда. Анткен менен, эми алардын үй-бүлөсүнө, жакындарына кайрат айтып, маркумдарды эскерүүдөн башка арга жок… Молдакун Абдылдаевдин көп жылдан берки үй-бүлөлүк катышы бар жакын досу Бекташ Шамшиевди кепке тарттык.

– Бекташ ага, досуңуздун арты кайырлуу болсун, кайрат кылыңыздар. Дос катары көптөн бери катышсаңыздар керек?

– Биз, Молдакун экөөбүз Улуттук илимдер академиясында чогуу иштечүбүз. 1986-жылы бизди курулушка жөнөтүштү. Ал учурда курулушка эл аябай аз келчү. Академияда иштеген жаштарды ошол жерден үй аласыңар деп, анан биз ошол жакта иштеп калдык. Моке менен ошол курулушта жүргөндө таанышкам. Мен өзүм филологмун, Моке болсо ветеринария боюнча адис болчу. Ал кезде экөөбүз тең аспирантурада окучубуз. Ошондон баштап тааныш болуп калганбыз. А кийинчерээк жашоо-турмуш кыйындап, көбүбүз академиядан кеттик. Моке болсо Ошко чек ара кызматына кетти. Ал жакта жүргөндө убактысы болуп калса же командировкага кетип жатса, отпускага чыккан учурларда Бишкекке, бизге сөзсүз келчү. Ошентип жакын болуп, үйбүлөбүз менен катышып, дос болуп калганбыз.

– Кандай адам эле?

– Моке өзү адамга эч жамандык кылбаган, бирөөгө чоңсунбаган, корсунууну, басынтууну билбеген, көп сүйлөбөгөн жигит эле. Биздин өзүнчө досторубуздун ичинен эң жашыбыз болчу. Адамгерчилиги эң бийик, бардыгына бирдей мамиле кыл ган, бирөөнүн да көңүлүн оорутпаган адам эле. Былтыр апасы каза болуп, анын жылдыгын өткөрүп, анан Кожомкул балбандын 130 жылдыгына кетип жатып, ушундай каргашалуу окуя болуп кетти. Мокени акыркы сапарга узатып жатып аябай кайгырдык, ыйладык… Айла жок, өмүрү ушундай кыска экен… Баласы Илим үйлөнүп, андан тукум калса, арманыбыз азыраак болот беле деп ойлоп кетем.

 – Кырсык болгонго чейин акыркы жолу качан жолуктуңуздар эле?

– Кырсык болордон жарым ай мурун Мокенин үйүндө болгонбуз. Эми кырсык деген кырсык экен. Минтип Мокеден айрылып калдык. Кудайдан тилеп алган жалгыз уулунун атын дагы, академияда жүргөндө баарыбыз илим деп жүрдүк эле деп, Илимбек койгон. Эми ушул жалгыз уулу, жубайы, небереси дагы каза болуп, армандуу өлүм болуп калды. Мокенин жубайы Тинатиндин, небересинин, айдоочусу Бакыттын сөөгү табылды. Эми уулу Илимбектин сөөгүн издеп жатышат. Ушундай армандуу иш болуп калды…

 – Кээ бирөөлөр кырсык болорун алдын ала сезип, өзгөрүп калышат дешет. Акыркы кездери досуңуздун өзгөргөнүн байкаган эмес белеңиз?

– Андай нерсе деле сезилген эмес. Жарым ай мурун Мокенин үйүндө конокто болгондо, улам эле өткөндү, тээ жаштык кезибизди эстеп, анан Моке: “Биз чогулганда көбүнчө саясатты сүйлөп ийебиз, бүгүн бир ырдайлычы, силерди мен сагынып калыптырмын”, – деп айтты эле. Ал Президенттик аппараттан кеткенден кийин кыйлага чейин жумушу жок, үйдө олтуруп калды. Ошондо дагы жолукканда капа болгонун, кайгырганын билдирчү эмес. Анан Чүй облустук администрациясына аппарат башчы болуп дайындалгандан кийин, биз куттуктап баралык деп жатсак эле өзү чакырып калды. Ошол жолугушуу акыркы жолугушуубуз экен… Кыргызстандын кайсы жерине барып иштесе дагы, менин өзүмдүн жерим деп, бардык жерде жакшы мамиле түзүп, бирөөнүн да көңүлүн оорутпай, баарына тегиз мамиле кылчу. Досторубуздун арасынан эң жетиги, боорукери Мокем болчу. Бизди дайыма чогултуп, бириктирип турчу. Бирөөнү жамандап же бирөөгө кошомат кылууну билбейт эле. Улуу-кичүүнүн баарына тегиз мамиле жасачу.

Биз сырттан туруп алып эле мамлекет антип жатат, минтип жатат деп сындасак, Моке унчукпай ошол ишке кирип, берилип алып иштечү. Досумду акыркы сапарга узатып жатканда, аны менен чогуу иштеген адамдардын көбү менен сүйлөшүп калдым. Көрсө, атками нерлер деле биздей эле калк болот экен. Алардын баары эле жегич, жемкор эмес, алардын арасынан дагы күндүз иштеп, кечкисин дагы кошумча иштеп, такси айдап, үй-бүлөсүн баккандар да жок эмес экен. Мына ошолорду көрүп таң калдым. Ошондой жооптуу деген кызматтарда иштеген, ушундай бир таптаза жигиттер бар экен. Молдакун дагы ошондой болчу. Иш сапары менен командировкага чыгып калса, кичине акча ашып калса дагы ошону кайра өткөзүп берген, ишине так, мыкты адам болчу деп чогуу иштегендери эскерип жатышты. Бардык эле өлүм армандуу болот. Бирок Мокеники өзгөчө армандуу болуп калды. Күзүндө баласын үйлөнтөм деп даярданып жаткан, ал тилегине да жетпей калды. Баласы дагы адамдан өзгөчө бир жароокер, жибектей созулган бала эле.

– Дос катары сырдашып, жандүйнөсүн бөлүшкөн учурлар болгондур?

– Ооба, Мокенин бир өзгөчө сапаты бар эле. Кандай гана иш болбосун аягына чейин, так, даана кылып бүткөргөндү жакшы көрчү. Биз көбүбүз үй алып, үй салып жатканда Мокем көп кабаттуу үйлөрдүн биринде турчу. Кийин мүмкүнчүлүгү болуп, үй салып баштады. Ошондо кубанып бизди чакырып, үйдүн дубалын тургузалы, үйдүн чатырын көтөрөлү деп, ошол үйү бүткүчө бүт баарын, акыркы кирпичине чейин кынаптап коюп, сонун кылып бүткөргөнүн көрүп аябай таң калгам. Анан мамлекеттик жумуш деле ошондой да. Биз жолугуп калганда Мокем дайым кечигип келчү. Анткени эртең менен сегизде башталган жумушу кечинде тогуз, он, кээде он бирде бүтчү. Мен алтынчы күнү да иштейм, дем алыш күнү да иштейм деп такыр айтчу эмес. Өзү кылып жаткан иштерди да көп айта берчү эмес. Кээде эле мындай документ даярдап жатам, мындай иш кылганы жатабыз деп айтып калчу. Мокем менен чогуу иштеген аткаминерлер тажиясына келип, тикесинен тик туруп, кырсык болгон жердеги издөө иштерин дагы аябай көзөмөлдөшүп, колунан келгенин бүт жасап жатышат. Ушунун баары Мокенин көзү тирүү кезинде кылган иштеринин сый-урматы да. Кеп аткаминерде эмес экен, кеп адамдыкта экен. Эгер жакшы, таза иштесе, ак иштесе, артында жакшы сөз калса, ошол чоң нерсе экен. Мокенин артында дагы жакшы сөз калды…

Жубайы Тинатин Шадыканова Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун окуу иштери боюнча проректору эле. 

Уулу, маркум Илимбек Абдылдаев 1993-жылы туулган. Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин стратегиялык пландаштыруу жана аналитикалык камсыздоо бөлүмүндө жетектөөчү адис болуп иштеген.


Молдакун Абдылдаевдин жээн небереси Софья Борукеева 9, ал эми айдоочу, маркум Бакыт Абдылдаев (тууганы эмес) 23 жашта болчу.

 

 

 

 

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”,

Майрам ТОКТАЛИЕВА, практикант

“Кыргыз Туусу” гезитинин эмгек жамааты маркумдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтат.