Бакдаулет Эгембердиев – Азия чемпиону

4-5-июлда Нур-Султан шаарында өткөн грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандын курамасы 5 медалды (1 алтын, 2 күмүш жана 2 коло) утуп алып, командалык эсепте 3-орунду ээледи. Биринчи орун Казакстанга, экинчи орун Иранга тиешелүү болду.

Бакдаулет Эгембердиев (71 кг чейин) алтын, Разак Бейшекеев (45 кг чейин) жана Бекзат Орункул уулу (80 кг чейин) күмүш, Улукбек Сансызбаев (48 кг чейин) жана Давран Садыков (110 кг чейин) коло медалдарды Кыргызстанга алып берди.

А. ЭСЕНОВ