Атамбаев алдастап шашууда, тергөөдөн качууда…

 Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Кол тийбестик укугунан ажырап “кокуй” болгон А.Атамбаев Арашандагы Ак сарайына бекинип алып, жөн бекинбей кой башындай таштарды колтугуна солоп, куралы бар экендигин дагы кыйытып, суракка чакыруу кагаздарын суурдан бетер башын чыгарып ала салып ары көздөй ыргытып, жарга такалган кылмышкердей жандалбастап турган кези.

Белгилүү болгондой Жогорку Кеңеш атайын комиссиянын жыйынтыгы, Башкы прокуратуранын бүтүмү боюнча, анда айтылган 5 пункттан турган айыптоолордун негизинде Атамбаевди экс-президент катары кол тийбестик укугунан ажыраткан. Буга жооп катары А.Атамбаев өзүнүн “Форумунда” уюштурган митингинде баягы кулакка жат болуп бүткөн, өзүнө өзү чыгарып алган “мен сонун” аныктамасын бери болгондо беш жолу кайталап, анча-мынча кара буусун чыгарып алып кайтып кеткен.

Андан бери мамлекеттик тиешелүү органдар өз милдеттерин аткарып, айыптоолордо айтылган маселелер боюнча Атамбаевди тергөөгө чакырса теңирден тескери кетип, суракка жооп бермек түгүл, таш ала жүгүргөндөн кайра тартпай, мыйзам дегенди уруп койбой турганын көрсөтүүдө.

Ошондо кандай болуп калат? Бу Атамбаев өзү кызматта турганда мыйзам иштейт да, кызматтан кеткенден кийин ал үчүн мыйзам бир тыйынбы?! Аныгында, Атамбаев сыртынан ыргыштаган түр көрсөткөнү менен дал ошол мыйзамдан, 5 пункттан турган айыптоолордо айтылган суроолорго жооп берүүдөн коркуп жатат. Анысын жашырыш үчүн айтыла жүрчү кооз сөздөрүн кайталагандан тажабайт: “Бир адам болуп жаткан мыйзам бузууларга каршы туруп, башкаларга үлгү болушу керек. Бул өзүм билемдикти кимдин бирөө кандай болсо дагы токтотушу керек. Эмне дегенде бул биздин мекенибиз, биздин өлкөбүз”…

Азыр Атамбаев менен жаакташып отурчу мезгил эмес. Аны менен тиешелүү органдар мыйзамдын тили менен сүйлөшпөсө, сөз укчу түрү жок. Болбосо, анын ушул сөздөрүнө эле жооп берип отурсак гезит бети түтпөй кетет. Ошондой болсо да бир эки ооз айталы. Атамбаев “бир адам” катары мыйзам бузууларга каршы турбай эле, ошол мыйзамды өзү бузуп жатат! Ооба, башкаларга үлгү болууда! Болгондо да жандимиликтин, эптеп эле жоопкерчиликтен качып, айласын таап кутулуп кетүү аракетинин үлгүсүн көрсөтүүдө. “Биздин мекенибиз, биздин өлкөбүз” деп канчалык төшүн ургулабасын, ошол мекенди, өлкөнү талап-тоноонун, мыйзамды көзгө илбей билгениндей чалмакей чалганынын айтып отурбайлы.

Атамбаев суракка баргысы келбей, Арашандагы үйүндө таш жазданып жатканынын дагы бир себеби бар. Анткени, мыйзам деген мыйзам. Керек учурда катаал. Минте берсе күч органдары күч колдонуп болсо да Атамбаевди сурак берчү жерге жеткире турганы анык. Анын күткөнү бийлик күч колдонсо, анын шылтоосу менен кимдир бирөөгө зыян кел тирилсе, ошондон “Чубактын кунундай чубалган чыр чыкса” дегенди көксөөдө. Анын мындай арамза оюн баарыбыз эле көрүп турабыз…

Ал арада алчы-таасын жеген Атамбаев адвокаты Сергей Слесарев аркылуу өзүнүн кол тийбестигинин алынышын “мыйзамсыз” деп таанытууга жанталашууда.

С.Слесарев: “Жогорку Кеңештин Атамбаевдин кол тийбестигин алып салышы мыйзамсыз” деген жүйөөнү бетке кармоодо. Анткени, Баш мыйзам жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча Жогорку Кеңеш ага айып коюуга жана кол тийбестигин алып салууга укугу жок имиш. Адвокат болбосоң кое кал! Мыйзамды “буйлалаган төө” деп ойлогондордун ана башы ушул окшойт. Бечара Сергей Слесарев кантмек эле АШАдан алганын актай албай айтып жаткан кербези эмеспи.

Андай болсо башка адвокаттын жүйөсүн келтирели. Белгилүү адвокат Икрамидин Айткулов мындай дейт: “2003-жылы “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердик кепилдиги жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, ага ылайык экспрезидент абсолюттук кол тийбестик укугуна ээ болгон.

 Бул мыйзам жакында өзгөртүлүп, мындан ары экс-президент айрым жолжоболорду бузган учурда кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Атамбаевге карата ушул мыйзам колдонулду.

Атамбаевдин коргоочулары жогорку өзгөртүүлөр ага карата колдонулбайт, анткени жаңы ченемдер анын абалын кыйындатат, ошондуктан Баш мыйзамдын 28-беренесине ылайык ал артка иштебеши керек дешүүдө. Бирок, бул жерде сөз Баш мыйзамга ылайык президентти жана экс-президентти кылмыш жоопкерчилигине тартууну жөнгө салган кылмыш мыйзамдары жөнүндө жүрүп жатат. Мунун көрсөтүлгөн беренеге кылдай тиешеси жок.

 Ошондуктан Жогорку Кеңештин Атамбаевдин кол тийбестигин алууга толук укугу бар.

Андыктан Атамбаевди тергөөгө чакыргандык юридикалык өксүктүк эмес, Атамбаевдин өкүлү катары анын тергөөгө келбей тургандыгын Баш мыйзамдын 28-беренесине таянып аныктамыш эткен адвокат С.Слесаревдин кечээки каты анык юридикалык өксүктүк болуп саналат”.

Адвокат Икрамидин Айткулов тергөөгө келгиси келбеген Атамбаевдин аракетин актамыш болгон С.Слесаревге ташка тамга баскандай жооп бериптир. Амалы алты качырга жүк Атамбаев канчалык асман айга түйүлүп туйлабасын, акыры мыйзам алдында жооп берээри турган иш.

Атамбаевдин мындай “өтүгүмдү төргө илем” кадамы катардагы карапайым эл гана эмес, өлкөдөгү бир катар көрүнүктүү саясатчылардын да кескин пикирин пайда кылды. Айтылуу саясатчы, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев өзүнүн “Фейсбуктагы” баракчасына минтип жазды: “Жыгылганды тепким деле келген эмес эле, бирок досторум пикириңди айт деп жатышат. Мыйзам баарыбыз үчүн, анын ичинде Атамбаев үчүн дагы бирдей. Анын ишенбеймин жана мамлекеттик органдардын талабын аткарбайм деген принциби – жарга такалгандык. Анте берсек укуктук мамлекет болгонубуз кайсы.

Сот реформасын ушул АША жүргүзгөн, аны өзү да көп жолу айткан. Сотторду да өзү дайындаган. Жыйынтыгында анын аппаратынын активдүүлүгү менен кылмыш иликтөөлөрүн жөнгө салган мыйзамдар кабыл алынган. АШАнын кол тийбестигин алган Парламент, анын жетекчилиги астында куралган. Бул жерде комментарий айтуу ашыктык кылат. Эгерде анын партиясы өзүнүн лидери үчүн күрөшпөгөндөн кийин кимди күнөөлөй алабыз?

Ал эми атайын кызматтарга ок атуудан кайра тартпоо чакырыгы – бул кылмыш, түз эле бийликке баш ийбөөгө чакырып жатат… Мага бул тууралуу айтуу өтө эле жагымсыз, мен врач эмесмин, ошентсе дагы… мүмкүн медициналык жактан кайра башынан текшерип көрүш керек окшойт…Мен аны менен 2000-жылдан бери жакшы мамиледе болуп, урматтап жүрдүм. Бирок 2017-жылдагы президенттик шайлоодон кийин ал өзгөрдү, болгондо да жаман жагына өзгөрдү. Анын жүрүмтурумунда “мен” деген гана көкүрөк кагуулар пайда болду”…

И.Масалиевдин сөзүнүн өзөгүндө данек бар. Ал айтып жаткан партия Атамбаевдин кылык-жоругу ачыла баштагандан тартып, кол үзгөнчө шашканы да ырас. Бул саясий жактан туура чечим болгон деп эсептейбиз. Ал эми “медициналык кароодон өткөрүү” тууралуу айтканы аргасыз жылмаюуну пайда кылган менен “мында бир мандем бар” деген шектүү ойлорго да түртпөй койбойт… Болбосо, Атамбаевдин аң-сезимдүү, акыл-эси жайында адамга, болгондо да мамлекет башкарган адамга окшобогон акыркы аракеттери кимди болбосун ойго салууда.