1500 гектар дың жер өздөштүрүлмөкчү

 Гүлчехра ТАЖИБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Баткен районунун Дара жана Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүнүн аймагындагы 1500 гектар дың жерди өздөштүрүү үчүн узундугу 46 км. болгон Р4 каналынын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Курулуш Кытай Республикасынан кайтарымсыз грант түрүндө берилип жаткан 500 млн. сомго курулууда. Бүгүнкү күнгө курулуш үчүн 129,0 млн. сом каражат бөлүнгөн. Алгач мурдагы 16 км. магистралдык канал бузулуп, кайра курулууда. Учурда каналдын 6 километри курулуп бүттү. Бул үчүн 70 млн. сом каражат жумшалды. Андан соң, 30 км. ички чарбалык бөлүштүрүүчү (лоток) кичи каналдар курулат.

Үч жылдык мөөнөттө аткарылуучу бул жумушка 80% жергиликтүү тургундар тартылып, жумушчулар 15 миң сомдон, 30 миң сомго чейин маяна менен камсыз болууда.

Бул чоң долбоор КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана КРнын Суу чарба департаментинин сунушу менен Мамлекеттик капиталдык курулуш программасынын алкагында 2017-жылдын 21-июлунда 440-токтому менен бекитилип, ишке ашкан. Учурда секундасына 2,5 метр куб агып жаткан суунун сыйымдуулугу курулуш аяктаса 4,5 кубка жетет.

Каналдын курулушунан кабар алган Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров курулушту сапаттуу жана өз убагында бүткөрүү үчүн жергиликтүү бийлик ар тараптуу колдоо көрсөтүп, мындан ары да тыгыз кызматташтыкта иш алып барыларын белгиледи.