«Эки дөө урушса, ортосунда кара чымын кырылат…» же мыйзам алдында ар бир жаран бирдей…

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Жети дубандан чыккан Апаз Жумагулов, Дастан Сарыгулов, Каныбек Осмоналиев, Жумагул Сааданбеков, Ормон Шаршенов, Карыпбек Алымкулов сыяктуу Кыргызстандын коомдук, саясий, маданий тармагында кызмат өтөп, элге эмгеги сиңген аттуу-баштуу аксакалдары борборубуздагы “Европа” мейманканасынын жыйындар залында чогулуп, “Калыс ордо” коомдук бирикмесинин уюштуруусу менен учурдагы коомдук абал тууралуу “ийри отуруп түз кеңешүү” жүргүзүштү.

Иш-чаранын жүрүшүндө аксакалдар – өлкөнүн мурдагы жана азыркы президенттерин мыйзам алдында ар бир жаран бирдей экенин унутпоого, өлкөдөгү абалга калыс кароого, элдин ыркын ыдыратпоого кайрылуу жасашты. Эң негизгиси, мурдагы президент А.Атамбаевдин азыркы мыйзамсыз аракеттери тууралуу сөз болуп, өз укугун элди топтоо жана башка аракеттер менен эмес, укук талаасында, мыйзам чегинде коргоого чакырышты.

«КРнын Конституциясынын 16-беренесинде: «Кыргызстанда жашагандардын баары мыйзам алдында, сот алдында бирдей», – деп жазылып турат. Демек, Алмазбек Атамбаев дагы мыйзамды сыйлашы керек. Күнөөсү жок экенин билсе, ак экенин укук талаасында коргосун. Болбосо, өзү жана үй-бүлөсү үчүн корккон иш тери бар болсо жооп берсин. Ошондуктан мен Атамбаевге кайрылгым келет, бардыгы өзүңүз реформа кылган сот түзүмдөрү, эмне үчүн анда коркуп жатасыз? Демек, барбай жатканыңызга караганда коррупциялык иштериңиз бар, ошондуктан коркуп жатасыз. Болбосо, тергөөгө барып, жооп беришиңиз зарыл», – дейт экс-депутат Кубанычбек Кадыров.

Ал эми коомдук ишмер Дастан Сарыгулов убагында өзү дагы колуна кишен салынып, укугун темир тордун ары жагында коргогонун, анын жакын туугандары, балдары кызматтарынан адилетсиз бошоп, запкы жегендерин эскертип, анда А.Атамбаев эмнеге өзү жооп бербеши керектиги тууралуу маселени кабыргасынан койду. Ар бир жаран мыйзам алдында өз укугун коргоого да, жооп берүүгө да тийиш экенин эскерткен Д.Сарыгулов бул жыйын калыс жыйынтык чыгарат деген ишенимин билдирди.

«Чүйдө көйгөйлүү маселелер абдан көп. Алмазбек мына ошол аркылуу чүйлүктөрдү колдонуп жатышы мүмкүн. Кыргызстандын бардык аймактарынын 20%ы Чүйгө келип жашап жатат. Чүйдүн калкы ошондун эсебинен 150%га көбөйдү. Бирок керек кезде эле чүйлүк болбой чыга келишет. Мисалы, бир эле Шалта айылынан жети эл артисти чыккан. Бирок ал айылды караган эч ким жок. Эл өзү жолун асфальттап алды. Айтайын дегеним, кайсы жерде депутат көп болсо, ошол жерге көңүл бурулган заман болду. Тоонун башында бир үй болсо да, ошол жерге асфальт барат. Демек, мунун баары калыссыздык. Мунун баары конфликттердин чыгышына алып келет. Алмаз да бир убакта кытай, ичкилик болду эле, бүгүн чүйлүкмүн деп кыйкырып жатат. Азыр Алмазбектин жанында жүргөндөрдүн көбү чүйлүк балдар. Чөнтөгүнө бирдеме салып алып, элди чогултуп жүрүшөт. Эртеңки күнү бирдеме болсо, запкы тарта тургандар да ошол балдар. Ошондуктан чүйлүк аксакалдар, балдарыбызга айталы», – дейт коомдук ишмер Адамкалый Чыныбаев.

Ал эми режиссер Замир Эралиев мурдагы президент А.Атамбаевди студент кезинен таанып, жакшы ырлардын автору катары жакшы билгендигин, атүгүл анын ырларын ырдап жүргөнүн, бирок анын качандыр байып кетерин жана президент болуп кетерин эч качан ойлобогондугун, ушуга чейин «кантип?» деген суроого жооп издеп келерин айтып, кандай болгон күндө да анын өз укугун мыйзам алдында эмес, өзүн-өзү билемдик кылып, мыйзамсыз иштерге барып жатканын чекилик катары бааларын билдирди.