Күннур АСАНОВА, актриса, дастанчы: «Мен аткара турган иштер көп, бирок…»

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”


Комузда кол ойнотуп ырдаган, дастан айтып, кыргыздын салттуу музыкасына салымын кошуп, ошол эле убакта “Туңгуюк”, “Ак кеме”, “Уркуя”, «Эгиздер тагдыры», «Кылмыш» тасмаларында роль жараткан таланттуу актриса Күннур Асанова 1988-жылдын 20-январында Аксы районунун Кербен шаарында туулган. Ал «Улуу Жибек Жолу» (2008), «Нооруз-2010», «Нооруз-2011» эл аралык фестивалдарынын лауреаты, Маданияттын мыкты кызматкери (2009) жана башка сыйлыктардын ээси. Күннурдун айрым көрүнүктүү айымдардан өзгөчөлүгү – жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги, элпектиги, боорукерлиги жана көп талантын жар салып айта бербеген бир мүнөз купуялуулугу.

Күннур – колунан көөрү төгүлгөн уз

Чыгармачылыктан сырткары өзүнүн “Салкын” сулуулук салонун иштетүү менен бирге, башкаларга анчейин айта бербеген узчулук-тикмечилик өнөрү бар.

“Айылдан Бишкекке жаңы келип, биринчи жолу Спорт сарайында болгон кайсы бир концертке катышканымда өзүм тиккен кыргыз көйнөктү кийип чыккам. Азыр да эсимде бозомтук өңдөгү көйнөк болчу. Негедир ачык эмес ушул өң жагып туруп алган. Ошол учурда бул тууралуу эч кимге айткан эмесмин, эгер өзүм тиктим десем эле жупунулук деген сөздөр айтылып калабы, – деп тартынгам. Анан баланчага тиктирип алдым деп калп айтып койгом. Буга чейин бир да интервьюга бул жоругумду айткан эмесмин. Ошондо эмнеге өзүм жараткан нерседен уялганыма түшүнбөйм”, – дейт К.Асанова бир жолку маегинде.

Сахнанын жана кинонун жылдызы азыр деле кээ бир сахна көйнөктөрүн өзү тигип киерин айтат жана негизинен табигый кездемелерге жана жөнөкөйлүүлүккө басым жасайт. Күйөрмандары байкагандай, кийимдеринин көбүнө кыргыздын оймо-чиймелерин колдонот жана муну ал кыргыздын салттуу музыкасына, тарыхка кызыкканы менен түшүндүрөт. Ошондой эле ал ар бир оймонун сырын, кандай чечмеленерин, кайсыл көйнөкө кайсыл оюу туура келерин билет.

Мындай талант Күннурга өз апасынан өткөн. “Апам сайманын түрүн сайып, кынаптап кийим тиккен уз айым”, – дейт ал жана келечекте ушул өнөрүн жарыкка алып чыгуу тууралуу кыялданарын жашырбайт.

Күннур, айтымында фантазияга абдан бай. Бирок ар кандай себептер менен аларды ишке ашыруудан кечигип каларын айтат. “Мен кыялданып койгон нерсемди сөзсүз түрдө бир эмес, эки жылдан кийин башкалар жасап чыгышат. Ошондо өзүмдү-өзүм сындап: “Күннур сага сооп, өзүң күнөөлүсүң”, – деп калмайым бар. Балким шашпаган оор басырыктуулугумдан көп учурда, көп нерседен кечигип калат окшойм”, – дейт ал.

Күннур – керемет кылдардан ыр токуган калемгер

Күннурдун дагы бир көпчүлүк биле бербеген таланты – чыгармачылык жаратмандыгы. Ыр жазат. Айрым учурларда өзү жазган ырларын элдин алдына ырдап чыккан учурлары бар. Бул тууралуу: “Жазып, катып койгон ырлар көп. “Бирөөгө” деген ырымды комуздун коштоосунда сахнага ырдап чыккам. Азыр жазган ырларыма обон чыгартып эл алдына алып чыксамбы деп ойлонуп жүрөм”, – дегени бар.

 Ал көпчүлүктүн арасын сүйөт

Актриса айым дайыма эл менен болгонду жакшы көрөт. Андыктан, айрымдарына окшоп: “Жок, мен Ош базарынан соода кылуудан уялам”, – дебейт. Эл көп жерлерде жүрүп, эл көргөндү көрүп, эл сезгенди сезген жөнөкөйлүктү жакшы көрөт. “Эл менен болсоң бийиксиң, элден кетсең кийиксиң” дегендей, эл менен эле бир деңгээлде болгум келет. Мындан бир жыл мурун азык- түлүктү Ош базарынан эле алчумун. Бул базардан сага керектүү нерсенин баарын таба аласың. Азыр эле супер маркеттерден соода кылып калдым. Себеби базарлардан кем калышпайт. Анан кээ бир кесиптештеримдин ооз чоюп: “Ош базарга бара элегиме 10 жыл болду” дегендерине таң калам”, – дейт.

Күннур – бильярдчы

Иштен жана чыгармачылыктан сырткары, К.Асанова спорт менен да дос. Тактап айтканда ал жыл сайын Мелис Эшимкановдун жаркын элесине арналып, чыгармачыл адамдардын жана журналисттердин арасында өткөрүлүүчү бильярд боюнча мелдештерде чемпион да болуп жүрөт. Бул тууралуу: “Өзүмө азыр айымдардын арасында “конкурент” жок деп эсептейм. Ал эми мырзалар, албетте, мыкты ойношот. Шоу чөйрөдөн Гүлнара Тойгонбаева эжекебиз да мыкты ойнойт”, – дегени далил. Бильярд ойноону ал өзүнүн бир тууган эжесинен үйрөнгөн. Атүгүл Күннурдун спорттун бул түрү боюнча шыгын аңдаган бир машыктыруучу аны бильярд боюнча дүйнө чемпиондугуна катышууга сунуш кылып, абдан суранганы бар. “Бирок бильярдды мыкты билсем да, башка чөйрөдөгү адам болгондуктан сунушун кабыл алган жокмун. Эгерде спортко кетип калсам, анын майын чыгармакмын”, – дейт актриса.

 “Жакшы кызга жуучу көп”

Бильярд боюнча мыкты оюнчуларды чогултуп, мелдештерди өткөрүп жүргөн Турсунбай Бакир уулу Күннурду мыкты оюнчу катары эле эмес, адамгерчилиги бийик кыздарыбыздын бири катары баалап, бир аз убакыт мурун келин кылып алууга ниеттенгенин да жашырган эмес. “Ооба, Турсунбай агай бир тууган карындашынын баласына алып берем деп жүрдү. Бизди бири-бирибиз менен тааныштырып, аябай аракет кылды. Той-топурлардан кезигип калсак деле тааныштарына: “Буюрса, биздин келин болот”, – деп тааныштыра берчү. “Жакшы адамдар алыста болбой жакында болгону жакшы”, – деп айтып калчу. Эми тааныштыруу биринчи кадам болсо, андан аркысын эки жаш өзү чечет экен. Биз мамилебиз келишпегендиктен, жүрөктөрүбүз каалабагандыктан мамилени улап кете алган жокпуз. Бул да болсо буйрук. Нике кайыптан кутула албайсың деген ошо да”, – дейт К.Асанова.