Быйыл ИДПнын көлөмү 4 пайызды түзөөрү күтүлүүдө

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Бул тууралуу басма сөз жыйынында Экономика министрлигинин Инвестициялык саясат башкармалыгынын башчысы Ханчоро Мурзалиев билдирди.

“Мурда Кыргызстандан Россияга жүк ташуучуларды Казакстандын аймагынан токтотуп, текшерүүгө алышчу. Бул убакытты алып, жүктүн наркына да таасирин тийгизчү. Өткөн жумада Казакстандан делегация келиши менен Россияга жүк ташуучулардын бул маселеси чечилди. Мындан ары Казакстандын чек арасында жүк ташуучу унаага багыттама пломбалар кийгизилет жана ал казак-россия чек арасына жеткенде алынат”, — деди ал.

Ошондой эле ал казак тарабы товарлар боюнча көптөгөн дал келбөөчүлүктөрдү келтиришкенин айтты. “Жүк ташуучулар жана товарлардын ээлери документтерге кылдат мамиле кылышпайт. Алып бараткан продукцияларынын аталышы документке туура келбейт. Буга жол берүүгө болбойт. Жоопкерчилик жүк ташуучулардын жана товардын ээсинде болушу керек. Алар товар менен документтин дал келишин камсыз кылышы зарыл. Биз дагы өз кезегинде катаал чараларды көрөбүз”, — деди чиновник. Ушул эле министрликтин Соода саясаты башкармалыгынын башчысы Кубан Айдаралиев Кыргызстанда экспортко караганда импорттун көлөмү 2,5 эсеге көп болушунун себептерине токтолду. “Бул күйүүчү майдын импортуна да байланыштуу. Биз наркы 800 млн. доллардан ашык күйүүчү майды импорттойбуз, анткени өзүбүздүн ресурсубуз жок. Импорттун дагы бир көлөмдүүсү бул –фармацевтика. Бизде фармацевтика өнөр-жайы жетишерлик өнүккөн эмес. Андыктан 600 млн. доллардан ашуун каражатка дары-дармектер импорттолот”, — деди ал.

К.Айдаралиев Кыргызстан бүгүнкү күндө өзүн азык-түлүктүн 3 гана түрү менен камсыздай аларына токтолду. Алар картөшкө, жашылча-жемиштер, сүт. Калгандарын сырттан ташып келебиз. “Акыркы жылдары фермерлер кант кызылчасына көңүл бура башташты. Ошондуктан быйылкы жылы өзүбүздү 100 пайыз кумшекер менен камсыздай алабыз деген ойдомун”,-деди К.Айдаралиев. Мындан тышкары Кыргызстандын унга болгон жалпы керектөөсү 1 млн- 1.1млн. тоннаны түзөөрү, анын ичинен 400-450 тонна буудайды сырттан аларыбыз айтылды. Себеп дегенде, Кыргызстандын шартында буудай зарыл болгон деңгээлде бышпайт. Ошондой эле ай сайын “Дордой” базарында иштегендердин патенттик төлөмүнөн 34-37 млн.сом түшүп турат экен.

Ал эми Экономика министринин орун басары Автандил Алыбаевдин айтымында, сырткы товар айлантуунун көлөмү 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында 2,6 пайызга төмөндөп кетиптир. Бул айрым товарларды жүгүртүүнүн төмөндөп кетишине байланыштуу. Ошол эле учурда экспорт 3,7 пайызга өскөн, мунун себеби алтынды экспорттоонун өсүшүнө байланыштуу. Ал эми импорттук товар киргизүүлөр 4,7 пайызга кыскарган.

Жалпы алганда Экономика министрлиги 2019-жылдын ИДПсы 4 пайыз болот деп болжолдоодо. Бул үчүн Өкмөт тарабынан коюлуп жаткан бардык талаптар жана планга киргизилгендер толук аткарылышы керек. Ошондой эле инфляциянын көлөмү 2-3 пайыздан ашпайт деген ишеним бар.

“Өткөн жылдын төртүнчү кварталында Кумтөр кенин иштеткен ишканаларда жогорку көрсөткүчтөр болгон. Ошондуктан жылдын аягында Кумтөрдү эске алганда 4 пайыз, аны кошпогондо 3,6 пайыз өсүш болот деп турабыз”-деди министрликтин өкүлү.