Өлкөдө өнүгүү бар

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Ошол эле мезгилде айрым жасалган иштер дароо көзгө көрүнбөйт, байкалбайт дагы. Бирок, бардыгы салыштыруулар, фактылар менен аныкталары да чындык. Төмөндө өлкөбүздүн экономика жаатындагы эң акыркы айрым бир жаңылыктарга токтолуп өтөлү.

Жеңилдиктер жемишин берүүдө

Кайсы гана мамлекет болбосун калктын демилгелүү катмарына, жоктон барды жараткан ишкер адамдарына таянат. Шүгүрчүлүк, рынок заманында элди жумуш менен камсыз кылган, салыгын төлөп бюджетти колдогон, көңүлүндө көксөгөн ишин жасап өз бизнесин көтөрүп жаткан ишкер адамдардын саны да жыл сайын артып баратат. Фактыга кайрылсак, Улуттук Статистикалык комитетинин маалыматы боюнча 2019-жылдын 1-январына карата, 401,7 миң ишкер катталган. Башкача айтканда, 2018-жылга салыштырмалуу ишкерлердин саны 3,1 пайызга өсүптүр. Бул жакшы жышаан. Демек, ишкерлерге ар тараптан колдоо, насыя берүү жана жеңилдетилген салык саясаты өз жемишин бере баштагандыгынын белгиси.

Өкмөттүн башкы максаты же болбосо бүгүнкү күндөгү мамлекеттин саясаты, бул – Аймактарды өнүктүрүү. Ушул жагынан алганда былтыркы жылы аймактарда — 15,3 миң ишкана иштептир. Анын ичинен 14,5 миңи –чакан ишканалар болсо, 0,8 миңи – орто ишканалар. Ошол эле учурда чакан жана орто ишканалардын дээрлик басымдуу көпчүлүгү (67,2 пайызы) – Бишкек шаарында жайгашып, 91 миң адам жумуш менен камсыз болуптур.

Былтыр чакан жана орто ишканалардын өндүрүштүк көлөмү 55,6 млрд.сомду түзгөн. Бул 2017-жылга салыштырмалуу 9,8 пайызга жогору. Айрыкча, Баткен, Нарын, Ош облустарындагы жана Бишкек шаарындагы жеке ишкерлердин чакан жана орто ишканалары товарды көбүрөөк өндүрүшкөнү байкалган. Жалпы алганда чакан жана орто ишкерлер өндүргөн товардын 60 пайызы дыйкан-фермер чарбаларына таандык. Анын 60 пайызын өсүмдүк, 39 пайызын мал чарба продукциялары түзгөн.

 Өнүгөм десең аймактарга барАймактарда жаңы өнөр жай ишканаларын ачам дегендерге бир кыйла жеңилдиктер каралганы белгилүү. Анда, кайсы аймактарга өнөр жай ишканаларын курса салыктын көпчүлүк түрлөрүнөн бошотула тургандыгы да такталган. Айталы, аймактарга өнөр жай ишканасын кургандар сатуу салыгы, киреше салыгы, жер жана мүлк салыктарын төлөөдөн бошотулат. Мындай жеңилдиктер калктуу пункттардын чегинен сырткары жайгашкан ишканаларга берилбейт. Андай аймактарга тамак-аш өнөр жайы, электр энергиясы, айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана жыйноо ишканаларын жана экпортко багытталган продукция өндүрүүчү мекемелерди курса болот. Ал аймактардын тизмеси бул: Каракол, Балыкчы, Нарын, Кочкор, Токмок, КараБалта, Талас, Исфана, Баткен, Кадамжай, Өзгөн, Кара-Суу, ТашКөмүр, Кара-Көл, Жалал-Абад, Кербен, Кочкор-Ата, Кызыл-Кыя, Сүлүктү, Майлуу-Суу, Ноокат, Айдаркен, Көк-Жаңгак, Токтогул, Чолпон-Ата, Шопоков, Кант, Орловка, Кемин, Кайыңды же жалпысы – 30.

Быйыл Ошто, Чүйдө тигүү ишканалары ишке кирет

Аймактарды өнүктүрүүгө багытталган Өкмөттүн мындай кадамы бир катар ишкерлерди жандантты десек да болот. Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына караганда быйылкы жылы Ош шаарында эки тигүү ишканасы ачылып, ишке киришмекчи. Бул болсо бир кыйла жумушчу орундарын түзөөрү, калктын миграциялык маанайын басаңдатаары шексиз. Тактап айтканда, ЖЧК “Кыргыз Текстил ЛТД” аталган тигүү ишканасын курулушу быйыл үчүнчү кварталда аяктайт. Ал эми Чүй облусунда ЖЧК “Силк Вей” өнөр жай паркынын” курулушу башталды. Ал бир катар офистерди, кампа жайларын, жүк ташуучу унаалардын токтотуучу жайларды жана тигүү фабрикаларын өзүнө камтыйт. Келечекте бул жерде 112 тигүү, кездеме жана бут кийим продукцияларын чыгаруучу кесиптик багыттагы 112 завод курулуп, анда ири ишканалар, ошондой эле жеке ишкерлер иштейт. Бүгүнкү күндө ЖЧК “Империал Групп Компани” фабрикасы жылына 100 миң түгөй аскердик жана атайын бут кийимдерди чыгаруучу бут кийим тигүү линиясын ишке киргизди.

Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жылдын аягына чейин кездеме — тигүү өндүрүшү боюнча өнөр жай аймагын түзүү жана аны ишке киргизүү иштерин жүзөгө ашырууну көздөөдө.

Европа менен товар алмашуу 1 млрд. долларга жетти

Эң башкысы өндүрүлгөн продукцияларды экспортко чыгаруу маанилүү. Ансыз өнүгө албайбыз. Бул жагынан Кыргызстандын кыйла эле мүмкүнчүлүгү бар. Айрыкча, бул өңүттөн алганда биз үчүн Евробиримдиктин да орду өзгөчө. Алып айтсак, 2018-жылы Кыргызстан менен Евробиримдиктин ортосундагы товар алмашуу рекорддук көрсөткүчкө жетип, дээрлик 1 млрд. долларды түзгөн. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Евробиримдиктин саясий коопсуздук жана тышкы иштер комиссары Федерико Могарени менен жолугушуусунда билдирди. Ошол эле учурда Ч.Айдарбеков кыргыз продукциясын экспорттоо үч эсеге өсүп, 750 млн.долларга жеткенин айтты.

Евробиримдик менен болгон алака-катышыбыздагы мындай экономикалык көрсөткүчтөр, Кыргызстанга жаңы макулдашууларга кол коюуга жана аны жүзөгө ашырууда колдогу көзүр болуп берээри талашсыз. Буга байланыштуу министр Ч.Айдарбеков: “Жалпы алганда жеңилдетилген визалык режим маселеси кыйынчылыктарды жаратканына карабастан, Европа тарабы бул маселени мындан ары тереңден үйрөнүп чыгууну жана кыргыз тарабы менен талкуулоону милдеттүү шарт катары кароого макул болушту”, – деп билдирди.

“Коопсуз шаардан» түшкөн айып пулдар – Тез жардамга

Өкмөт башчынын буйругунун негизинде, “Коопсуз шаар” долбоорунан түшкөн айып пулдардын бир бөлүгү “Тез жардам” кызматынын материалдык-техникалык базасын жакшыртууга жумшалмай болду. Бул багыттагы тийиштүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ага ылайык, аталган долбоордогу кызыкдар тараптардын бардыгына акчаларды бөлүштүргөндөн кийин Финансы министрлигинин эсебинде калган сумманын 50 пайызы Өкмөткө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна которулуп, медициналык тез жардам унааларын алууга, жаңы станцияларын ачууга, аларга керектүү материалдык-техникалык жабдууларды сатып алууга жумшалат. Бул өз учурунда кабыл алынган жана социалдык максатты көздөгөн туура чечим болду. Анткени, калктын саны өсүүдө, ал эми тез жардам унаалары жетишпей келет.