«Советтик Кыргызстандагы» А.КУБАТБЕК, У.КУБАТБЕК

1957-жылдан ушул күнгө дейре “Кыргыз Туусун” “өз үй, өлөң төшөгү” катары көргөн ардактуу карыя калемгер Калканбай Ашымбаев гезитибиздин юбилейлик күнүнө карата “Советтик Кыргызстан” (азыркы “Кыргыз Туусу”) гезитинде көп жыл иштеген Айткулу Убукеев жөнүндө эссесин жана өзүнүн фельетонун алып келген экен, аларды жарыялоону эп көрдүк.

… Мен анча-мынча сын кабар жазып, очерк сымал бирдемелерди шилтей коюп, “Ленинчил жаштын” айылдык кабарчысы атыгып калгам. Көбүнчө сатирага кызыгам. Мидин, Райкан, Кубатбектерди көрсөм, уксам деген кумар күч. Күнүгө почточу Райымбек абага барып, андан кучак-кучак газетаны көтөрүп алып, мектепке жөнөйм. Айрыкча А.Кубатбек, У.Кубатбек учурап калабы деп издейм. Анын фельетону болобу, очерки болобу үзбөй окуйм. Таамай жана курч айтылган сөздөрүн көкүрөккө түйөм. Республикалык газета-журналдарда иштеп жүргөндө гана жазуучуларга жолугуп, алардан баалуу кеп-кеңештерди уктум. Айрыкча Айткулу Убукеевдин айткандары күнү бүгүнкүдөй күрөшкө үндөп келет.

… Үч-төрт бөлмөлүү жапыс тамда турушкан экен. Китеп дегенди катарлап жыйып салган. Ичти бышырып жиберчүдөй сөздү анда-санда бир айтып коюп, көбүнчө мени сүйлөткүсү келгендей, улам бирдеңкелерди сурамжылап жатты.

Айткулу Убукеев кепти алыстан имерип же макалдатып келип, андан соң оюн туйгузар эле. бир саам сөздү чукулунан узатып, бирок бизди арасында анча-мынча тап бердирген өңдөнүп жатты.

– Ууру, кески, жандими, эки жүздүү, кызыл кулак, ичкич, жердешчил, уруучул, дүйнөкор, сылаңкороз, беш күндүк мактоонун кулу, чычалак, ичи тар, куйту, арамза, митаам, жаңылыкка жаны ачышкандар, айтор, мына ушул өңдүүнүн баары эле чындыкты кашкайта бетке басканды өлөрчө жектейт. Булар оңойлук менен колго түшө койбойт, кызыл блокнотуңду сууруп чыгып, калемиңди койкоңдотсоң эле жүрөгү түшүп, эки колун көтөрүп, бөйпөктөп калбайт. Ал канчалык амал ашырса, сен ошончолук кыраакы бол.

Ушуну айтып коюп, бир топко дымып, ойлуу олтурду. Биз канткенде кепке алып, дагы бирдеңкелерди айттырып алыштын ыңгайын келтире албай бушайман болдук. Ал чылымын түтөтүп, бир-эки сорумуш болду. Бизди карап алып, дегени бул:

– Фельетон жазып жатып, аны жазышка калем тилеген каарманды аяйсың, анын үй-бүлөсү, балачакасынан бери бооруң ачыйт. Фельетон жарык көрсө, бир эле каармандын өзү капага малынбай, үй-бүлөсүнөн бери абыгер чегип, санаага батат. Сөз алардын жүрөгүн жаралайт. Бул жагын ойлоп, кабыргаң кайышат. Антпейин десең фельетон кермек даамынан кемип, окуучунун кыбаасын кандырбайт…

Жазуучу өчкөн чылымын алыс ыргытып, бизди: “Кана, силер бул ойдун жандырмагын таптыңарбы?” – дегендей жылмая карады. Анын дал ушул сөзүнөн улам, бирде очерк жазып, бирде фельетондун кызыл камчысын үйрүп келген калемгердин адамды ушунчалык аздектеп, ушунчалык урматтай турганын туйдук. Биз унчукпаган соң: “Сындын да ак тилеги бар, өстүрөр сын бар, мен көбүнчө ошону жактырам”, – деди.

– Сиз жаза турган окуяны кантип таап аласыз? Биз редакцияга түшкөн каттарды күтөбүз. Ал эми текшерүүчүлөр, тергөөчүлөр тапкан окуяны жазышка көңүл чаппайт, – дедик.

– Аа, мына, мына кептин төркүнүнө эми келдик, – деп жылмая күлүп алган соң, бизди тике карабай, тээ алыс жакка көз жиберип алып, сөзүн улады. – Партиянын саясатына канык, каерде болбогун элдин санаа-сарпына назар сал, ой калпып алгандай бол. Алар бир нерсеге наалыйт, кыжырланат, кай бирөөнүн жорук-жосунуна кейийт. Дагы бирөө тим эле лакап болуп кетер курч сөздү машына келтирип айтат, аны дароо кулагыңа куй. Албетте, изденип, кыялданып, чыгармачылыктын түйшүгүнө бата бил. Бир эле фельетонду бир нече жолу жазып чыккан күндөрүң болот. Эң негизгиси – сен ошол фельетонуң менен күрөшкө чыгып жатканыңды унутпа…

Ал тыныга калганда мындайча бир собол жаңыладык:

– А.Кубатбек, У.Кубатбек деп эки атты алып жүргөнүңүздүн жөн-жайын туюнта алар бекенсиз?

– Тап күрөшүндө ата баланы аябады, тууган бири-бирине айгак чыкты, ал тургай айыбын ачканды байлар тымызын көзүн тазалады. Эсимде, айылдык бир кабарчы, жашыруун атын “Мык” коюп алып, байдын токол алганын “Эркин Тоого” (азыркы “Кыргыз Туусу”) мыскылдаган. Ошондо баягы бай: “Сен “Мык” болсоң, мен “Аттишмин”, сени мына-минтип сууруп салчумун” деп анын өмүрүнө кол салган. Алар кийин соттолду.

Дал ошол күрөш маалында: “Балка”, “Чалкар”, “Шибеге” деген жашыруун аттар арбын эле. Кезинде тап душманга дүмөк салган калемгерлер бүгүнкү күнү ири пландагы чыгармаларды жазып жатышат…

Ушундан соң калемгер жыйырманчы жылдардын ичиндеги тап күрөшүндө жетилип, колхоз курушуп, маданий революцияга катышканынан кабар алдык. Ал 1925-жылы “Эркин Тоодо” адабий кызматкер болгон. Дал ошол маалда бир жагынан басмачылар чыгып, бир жагынан динчилер элдин башын айлантып, бир жагынан империалисттик мамлекеттер эл душмандарына куралжарак берип, аларды күчтөндүрүп турган чак эле. Ошондой коогалуу тапта нечен улан-кыз өмүрүн кыйган, турмушту жаңы нукка салып, аны күүгө келтирген да ошол жаштар эле. бир эсе аларга бириктешип, жер коому шериктигин уюштуруп, бир эсе маданий турмушка кол кабыш этип жүргөн жигит адабият каалгасын жыйырманчы жылдын аяк ченинде кагып, аңгеме, фельетон жана очерк жазып кирген.

Жазуучу жаңылыкты эргий жардап, жаңы коомго ак дилин, адал эмгегин арнаган. Жаштарды жаңы коомго үндөп гана тим болбой, өзү аларга өрнөк болуп, билимин байытып, сезимин тазартып, оюн өстүргөн. Чынында жазуучу коомдук-саясий ишке, коммунисттик коомдун курулушуна тикелей катышпаса, анда анын калеминен оңгулуктуу ой чубурбасы айдан ак. “Чыр дөбө” өңдүү романды жараткан. “Ак буладай” документалдуу повестти калтырып кеткен жазуучунун баскан жолуна илик салсак, бүт өмүрүн коомго арнаганын баамдайбыз.

Айткулу Убукеев Москвадагы советтик курулуш боюнча жогорку мектепти бүтүрүп келген соң “Советтик Кыргызстанда” (азыркы “Кыргыз Туусу”) иштейт. Газета аркылуу калайык-калктын ынтымагын, жигердүү эмгегин, ой санаасын жана тилегин чагылдырып, аларды улам жаңы эрдиктерге шыктандырган очерктерди жараткан. Элге, коомго залакасын тийгизген терс көрүнүштөрдүн бетин ачып, ашкерелеген.

“Ак була”, “Койчуман”, “Ар-намыстын уулу”, “Саякат”, “Кыз-жигит” жана башка китептерин барактаганда эмгек адамынын жаркын элеси көз алдыңа тартылып, жүрөгүңө илеп урат. Алтымышынчы жылдын капортосунда очерк маселесине арналган жыйын болуп, жазуучуларды жер-жерлерге жиберип, эмгек алптарынын көркөм портретин чагылдырган документалдуу чыгармаларды жазуу жагы айтылып калды. Ошондо Айткулу Убукеев ордунан тура калып:

– Орус жазуучулары болсун, батыштын жазуучулары болсун дүйнөлүк ири окуяларды изилдейт. Дал ошол жерге айлапжылдап жүрүп, окуяны иликтейт, ошол кайнаган турмушка аралашат. Андан соң көлөмдүү чыгарманы тереңдетип кайтат. Бул жагынан биз өтө кашаңбыз: алысты кой, эшиктин түбүндө турган заводфабрикага барганга мойнубуз жар бербейт. Ал эми бүгүнкү доор техниканын канатына жармашты, бул жагына шык оодарып, кумар тутмайын бир кездеги эски устакана менен тегирменди айланчыктап коюп жүрө беребиз…

Жазуучу турмушту талбай үйрөнүп, такай эл арасында болуп турмайын ыраазы болчу эмес. “Чалкан” журналында кыйла жыл башкы редактор болуп иштеп жүргөндө да, эс алууга чыккан маалында да документалдуу аңгемелерди, курч публицистикаларды жазып жүрдү. Совет адамынын жаңы сапаты кандай, бүгүнкү адам өткөн доордо жашаган адамдардан эмнеси менен айырмаланат? Кандай мүнөз, кандай сапат менен калыптанган? Мунун баары “Чыр дөбө” менен “Ак булада” айкын берилген. Калемгердин табиятында күлкүнүн көрөңгөсү күчтүү эле. Жумшак жана алдыртан кыя салдырып туруп, тап бердирген күлкү чыгармаларынан арбын кездешет. Мунун баары жогоруда жазуучунун рухий дүйнөсүнө байланыштуу экени баарыга маалым. Кечиримдүү, айкөл адамдар гана кай бирөөнүн калпыс жагын жумшак күлкү жана жылуу сөз менен эскертип коё алат.

Анын сатирасы көбүнчө коомдук маанидеги маселелерге арналган. Бирин-эки окуяны кубалап, аны көбүртүп-жабыртып кошолонтуп жазышка жол берген эмес. Олуттуу жөнөкөй жана көтөрмөлөй турган сынды курал катары пайдаланган. Сатира аркылуу адамдарды оң жолго салып, советтик турмуштун адилеттүүлүгүн тааныткысы келген. Ал качан болбосун мындай деп калаар эле:

– Кайсы күнү эл аралабасам, сапарымдын бүткөнү. Элге барсам таңды тосуп, кубат алгандай күчкө толом. Элге баргыла, эл ичи кенч…

Ал узак сапарда жүргөндө шум ажал тузак тартканы менен анын көркөм мурасынын жолун бөгөй албады. Анын талантынан бүткөн көркөм сөз мурасы эл аралап, улам кийинки муундардын жүрөгүнө акыйкаттын, күрөшчүлдүктүн жана боорукердиктин үрөнүн себүүдө.

Калканбай АШЫМБАЕВ,

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу

“Кара жемсөө”

(Фельетон)

 Кунарлуу сөз таба албаган; кубулма мүнөз жалаңдаган; алкымынан куйругуна дейре курсагы салаңдаган; саламга колун эрине сунган; астыртан арам байлыкка тунган; “Ачык сөзү – Ата Мекен, эл! Туюк кеби – бер! Оо, ант урган эсерлер!

Күнүмдүк олжодон дене байлаган – күлчүк; аз-маз жашоосун өткөрөт турмуштан – мүчүп; ал кериней кекиртектүүлөр алдында – шыйпаңдаган күчүк. Долларга солонгон чөнтөк; дооранды сүргөн – көлтөк; көөдөнүнө асыл ой нуру кайдан өтмөк; тегерегинде чарк айланып жүрүшөт шылуундар көптөп; акыйкат табы аздап тийген сайын акырындап калат чөөттөп.

“Мен” дегенди оозунан түшүрбөгөн, илимдүүнү көрүп, аз-маз бүшүркөгөн; “Мендин” көөдөнү көрдөй караңгы; кара боорлук, көрө албастык үстөмдүк этип, ашкере күчөйт, ач көздүктүн арааны.

“Мен” “Биз” дегенди жектейт; мансапка илинсе, алардын ар-корун тебелеп-тепсейт. “Мен” деген жерде мерчемдүү сөз кулактын сыртынан учат; анткени өзүнүкүн ыйык тутат. “Мен” сырт-сымбатын сылайт; ичи иригенин туйбайт көлчүктөн чөлгө кулайт. Сөзүнүн башы – эл-журт, бирок ичинде соймолоп жүрөт ала курт; эзели китеп бетин ачпаган жан дүйнөсү – маңкурт. Кара күчкө күрпүлдөк – кеби мүлтүлдөк. Убадага март; убактылуу болосуң үмүткө карк. Сайга аркандап кеткенде сөгүнүп туруп, саныңды чабасың шак; кеткени ошол эмеспи, адамдык асыл-барк.

Кыскасы, ал жору – алыстан аңдыган тарп! Өз кемчилигин өзүнөн да өзгөдөн жашырат; амалын ашырат; акыры айбы ачылат. Көсөм чалыштана кеп урат акыйкат жана улуу максат төрүнөн. Ишеним күч – сөзүнөн; бирок бийикке сапар алган жолдо туш келет күнүмдүк олжого , кымыра берип, солго, оңго. Сөзү өлөт; эшигинен ырыскы төгүлөт; акыры алтын, күмүшкө көмүлөт. Бейитине ысмы алтын жалаган эстелик тургузулат, укум-тукумуна; “Ал, кара жемсөө болуучу”, – деген сөз угузулат.

 Калканбай АШЫМБАЕВ