Тарыхый мүмкүнчүлүктөн таш жалак калган – Атамбаев

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”


Алмазбек Атамбаевдин оңу келсе, келбесе да айта жүрүүчү мактанычы сот реформасы болчу. Ага кыргыз эли гана эмес, бир катар эл аралык институттар (ЮСАИД, IDLD) да катуу ишенип, кош колдоп колдогону эсибизде. Бирок…

“Мыйзамды, сотторду сыйлашыбыз керек”

Бул 2012-жылдын башы болчу. А.Атамбаев: “Ушул жылдын аягына чейин сот системасын түп тамырынан өзгөртүү иштерин жүргүзүшүбүз керек деп ойлойм. Анткени, сот системасы адилет болбосо, чыныгы демократиялык мамлекетти кура албайбыз”,- деген эле. Ага жараша Президенттин алдында сот реформасы боюнча Кеңеш түзүлүп, Соттор Кеңеши жана Сотторду тандоо Кеңеши түзүлүп, кылмышпроцессуалдык жана аткаруу мыйзамы иштери колго алынган.

Ошол 2012-жылдын аягында Алмазбек Атамбаев аткарылган иштерге аябай ыраазы болгонун билдирген: “Соттор эми бардыгына жооп бере турганын жакшы түшүнүп калышты. Алма тиксең да анын түшүмүн беш жылдан кийин аласың, сот системасы деле ошондой”…Муну менен “сот системасын бир жылда эле соп-сонун жолго салып койдум” дегенди кыйыткан.

Анан эмне болду? Бүгүнкү күндө А.Атамбаев соттук тергөөлөргө кымындай да ишенбей турганын айтса, ал кезде жакшы эле ишенчү. Бир катар саясий айып тагылгандарга карата (М.: К.Ташиев, С.Жапаров. Т.Мамытов) “Биз мыйзамды жана сотторду сыйлашыбыз керек. Чыдамкайлык көрсөтүп, бардыгын эске ала турган соттун чечимин күтүү керек”,- деген сөзүн айтып, сооротуп турчу.

“Эч кимдин кол тийбестиги калган жок”

А.Атамбаев сот системасын беш жылдын ичинде реформалоо саясаты солгундай баштаганын сезбей койгон жок. Бирок, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында соттор тууралуу көп пункттар камтылганын айтып өзүн да, элди да жооткотуп, атүгүл сот системасы көз карандысыз жана адилеттүү болуп калгандыгын айткандан, “биз сот адилеттүүлүгү үчүн кол тийгис эч ким калбагандыгына жетише алдык” дегенден түк тажачу эмес.

Ошону менен Атамбаевдин сот реформасы Баш мыйзамга айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү менен аяктады. Ал: “Биз адилет­түү сот болсун десек, Баш мыйзамга толуктоолорду киргизишибиз керек”,- деп жатып, 2016-жылы 11-декабрда бүткүл элдик референдум өткөрдү. Калың кыргыз калыңдыгына салып анысын да колдоп берди. Атамбаев болсо “реформа узакка созулганы калды. Ушул референдумдан кийин реалдуу кадамдар башталат”,- деп турду.

Бүгүнкү Кыргызстан дал ушул Баш мыйзам менен жашап жатат. Мында Баш мыйзамга Атамбаевдин бардык каалаганы кирдиби же кирген жокпу, анын сот реформасы ишке аштыбы же жолдо калдыбы мааниге ээ эмес. Жалпы элдик референдумда кабыл алынгандан кийин Баш мыйзам негизги документибиз. Анда бардык мамлекеттик институттардын ишмердүүлүгү жана укуктары, жеке адамдын милдети жана укуктары камтылган. Анын ичинде экс-президенттик кол тийбестигинен ажыраган Атамбаевдин да жаран катары милдеттери жана укуктары бар.

Сот бийлиги –мамлекеттик бийликтин маанилүү бутактарынын бири. Ансыз бир дагы мамлекет жашай албайт. Кыргызстанда сот реформасы дагы да улантылууда. Атамбаевдин алмасына окшоп беш жылда эле мөмө бере койбойт экен. Балким, мөмө бермек. Аны Атамбаевден суроо керек. Кандай болгондо да Атамбаев учурдагы тиешелүү мыйзамдарга ылайык, соттук териштирүүлөрдөн кача албай тургандыгы анык.

 “Бардык жасаганым үчүн жооп берем”

А.Атамбаев “эмне иш жасап жатсам, мен бардыгы үчүн жооп берем” дегенди көп айтчу. Бүгүнкү күндө анын бири жок. Тескерисинче, тергөөчүнүн чакырыгын терезеден ары ыргытып, кеп-сөзгө келбей жатпайбы…Минтип канчага чейин бараар экен?! Ошону менен А.Атамбаев кызматынан кеткичекти сот реформасы ишке ашты дегенди айтып келди. “Акыркы жылдарда жаңы кодекстер жана мыйзамдар кабыл алынып, аны менен бирге сотторду тандоо жана дайындоо жүзөгө ашырылды, ошондой эле сот системасынын материалдык-техникалык базасы, каржы булагы чыңдалып, анык сот адилеттүүлүгүн камсыз кылууга таптакыр башка, жаңы шарттар түзүлдү”, — деген болчу.

Андан бери болгону аз эле убакыт өтүптүр. А.Атамбаев учурда бул айткандарынын бирин дагы мойнуна алгысы келбейт. Тескерисинче, анын айтымында “соттор жогорку жактын көрсөтмөсү менен иш алып барып жатыптыр”.

 Кыргызстанда – эгерде коррупцияга малынса президент да түрмөгө олтурушу керек

Баса ал “Кыргызстанда – эгерде коррупцияга малынса президент да түрмөгө олтурушу керек”, — деген сөзүн таптаза эле унутуп калса керек. Ошону менен А.Атамбаевдин сот реформасына, дегеле сот системасына тиешелүү айткандарын тегин жеринен келтирген жокпуз. Маселе, анын жалпы эле сот системасына ишенбей тургандыгында эмес. Маселе башкада…Эгемендик алгандан бери Кыргызстан экс-президенттердин азабын көп тартты. Анын айынан эки жолу революция да болуп кетти, кан төгүлдү. Эки президент элден безип качып жүрөт. Аларга сыртынан айыптары угузулганы, узак мөөнөткө кесилгени менен күнү бүгүн өздөрүн апакай көрсөткөн сөздөрдү айтып келишет.

Башкача айтканда Кыргызстанга кылган кыянатчылыктары үчүн кыйратып жооп беришкен жок. Кесепеттери элге тийүүдө. Анан эле кызматта турганда Атамбаевдей “аны кылдым, муну кылдым” деп мактанып, жооп бере келгенде асманайга түйүлүп актанып чыга келишеби?!

Кыскасы, бийликте жүргөндө билгенин кылгандар акыры жооп бере турган мезгил келди. Биз ушундан үмүт кылып турабыз…Антпесек, эч качан өнүгө албайбыз.

Ырас, Атамбаев качкан жок. Бирок, анын “Кедейкандык” мезгилиндеги кээ бир маселелер боюнча Башкы прокуратуранын бүтүмүнүн негизинде Жогорку Кеңеш кол тийбестигинен ажыратты. Ал өзүнө карата коюлган 5 айып боюнча жооп берүүгө милдеттүү…Азырынча Атамбаевди коюлуп жаткан айыптоолор боюнча “ушул күнөөлүү” деп көзгө сайып эч ким айталбайт. Анын күнөөсүн сот гана аныктай алат…Күнөөсү болсо “бардыгы үчүн өзүм жооп берем” деп жатпады беле?! Жооп берсин! Ак болсо анысы айтылсын…Кашайганда Атамбаев “соттук териштирүүлөргө ишенбейм” деп жатпайбы. Айтмакчы, бүгүнкү күндөгү соттордун көпчүлүгүн Атамбаев өзү дайындаган. Алардын мөөнөтү бүтө элек.

Ошондо кандай болуп калат? Атамбаев өзү иштеп турганда сот реформасы жүрүп, “кол тийгис эч ким калбай, атургай коррупцияга малынса президент дагы жооп берүүгө тийиш” болсо, бүгүн ошол өзү түзгөн сот системасына ишенбей калабы?..

Тарыхый мүмкүнчүлүк же Атамбаевдин трагедиясы эмнеде?

Бүгүнкү күндө соц.тармактарда Атамбаевди жактаган же жектеген көп эле сөздөр айтылууда. Эл деген эл. Канча адам болсо ошончо пикирлер айтылат. Маселе, Атамбаевди актаган же жектегенде деле эмес. Мунун тамыры тереңде. Ал мамлекетке абийирдүү кызмат кылуу… Мамлекеттик кызыкчылык… Андан ары Кыргызстандын эртеңки келечеги… Кимде ким ушуну ойлобосо, ал башкарган мамлекеттин, элдин келечеги тумандай түшөөрүн, экономикалык өнүгүүсү эчен жылдарга кетенчиктеп кетээрин тарых далай ирет тастыктаган…

Кыргызстандын тарыхында элге кызмат кылуунун анык үлгүсүн көрсөткөн инсандар арбын. Түптүү журтубуз алардын ысмын жүрөгүндө ыйык сактап келет… А.Атамбаевге да атпай журтка ак кызмат кылууга тарыхый улуу мүмкүнчүлүк берилген эле.

Аттиң, аны пайдалана албай калды… Тескерисинче минтип, соттон-сотко сүйрөлчүдөй болуп турат. Анын трагедиясы мына ушунда! Бул Кыргызстандын эртеңкисине чоң сабак болууга тийиш!

 

Саясий арнография

Алмазбек Атамбаевге

Бул ырды “Алиби” гезитинде иштеп жүргөндө (2013-жыл) жазыптырмын. Мындагы айтылгандар ошол боюнча өзгөрбөй жүрүп отуруп аягы ушул болду.

«Кардым ачпайт такыр» — деп,
«Калкып жерде жатыр» — деп
Казактын журту мунай — дейт.
Алакандай кыргызын,
Ашырып белди кете албай,
Айды карап кобурап,
Атамбаев «Кудай» — дейт.

Кудай- деген кур калбайт,
Ооматы артык эл элек,
Оңолобуз буюрса.
Калкты жеген далайдын,
Каткан-куткан дүйнөсү,
Казынага куюлса.

Капырай,
Илгери жүрсөң болбойбу,
Илмияновго илинбей,
(Итерип салбай тигиндей).
Бакиевчи канчасы,
Ийниңде жүрөт салбырап,
Ичиркентип кишини,
Эскирип бүткөн кийимдей.
Алдыга озчу байболгур,
Аксаган аттай жүгүрбөй.
Колуңду созчу журтуңа,
Кошоматчы далайлар,
Колтуктап алса сүйүнбөй